Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кеңешиңди баалайм

Кеңешиңди баалайм

Жүктөп алуу

  1. 1. Эмне кылсам? Кимге кайрылсам?

    Балким, кече аябай жакшы өтөттүр.

    Эч кооптонбостон бара берсем болоттур.

    Жолдун кайсынысын тандайм? Туурасы кайсы?

    Эмне кылсам? Кимден сурасам?

    Кабылып калсамчы кооптуу жагдайларга.

    Түшүп калсамчы Шайтандын тузагына.

    Жолдун кайсынысын тандайм? Жахаба, кеңешиң айтчы.

    КАЙЫРМА

    Кеңешиңди баалайм, кулак кагам сага.

    Карманам өмүр бою насааттарыңа.

    Асыл Сөзүң берет жетек, оңдоп-түзөйт мени дайыма.

  2. 2. Билем жолдоруңду. Баалаймын жогору.

    Бузгум келбейт эч убакта буйругуңду.

    Кесепети сөзсүз болот анын ачуу.

    Айдан ачык мага баары. Тандайм туура жолду.

    КАЙЫРМА

    Кеңешиңди баалайм, кулак кагам сага.

    Жолуңдан чыкпоого күч бересиң мага.

    Асыл Сөзүң берет жетек, оңдоп-түзөйт мени дайыма.

    КАЙЫРМА

    Кеңешиңди баалайм, кулак кагам сага.

    Жолуңдан чыкпоого күч бересиң мага.

    Окуп Сөзүңдү бөлөнөм кубанычка.

    Колдоп турасың, таянам сага гана.

    Асыл Сөзүң берет жетек, оңдоп-түзөйт мени дайыма.