Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайтып келем сага

Кайтып келем сага

Жүктөп алуу

  1. 1. Жалгызсырап, жаным сыздап, мен кыйналдым.

    Жахаба, адаштым, жаза бастым.

    Оор жүк басып турат, жардамыңа муктажмын.

    Кайрылып келгенге ынтызармын.

    КАЙЫРМА

    Эч унуткан жокмун баалуу насааттарыңды,

    Кеңешиңди Ыйык Жазмадагы.

    Ката кетирип алып, жаза тайсам да,

    Кайтамын сага.

  2. 2. Кудайдын эли кам көрөт.

    Сүйүүсүнө бөлөйт.

    Кудайды чын жүрөгүнөн сүйөт.

    Сөзүң шамга окшоп, чындыктын шооласын төгөт.

    Кайрылып келгенге жол көрсөтөт.

    КӨПҮРӨ

    Эмне кылбайын, кайда барбайын, эсиме саласың.

    Мөөнөт аз калганын.

    КАЙЫРМА

    Оо, Жахаба, назар салчы жалынычыма.

    Кайраттандырып, күч берчи мага.

    Сен мени таштабайсың, жаңылсам да.

    Кайтамын сага.

    КӨПҮРӨ

    Кээде жардамга зар болом, муну түшүнөт Жахаба.

    Менин алсыз экеним жашыруун эмес ага.

    Көңүл топтойт ал жакшыга.

    КАЙЫРМА

    Барамын кайра жыйналышка, алчы кучагыңа.

    Канатыңа өзүң калкала.

    Ката кетирип алып, жаза тайсам да, кайтамын сага.

    Кайтамын сага.