Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Колуман жетелейсиң

Колуман жетелейсиң

Жүктөп алуу

  1. 1. Кылышкандай каалаганын

    Сезилет курдаштарымдын.

    Ак-караны айырмалайм,

    Чындык жолун абдан баалайм.

    Сүйүнөм мен бул өмүрдө

    Ушул жолдо жүргөнүмө.

    Камкор досту табасың сен,

    Жыйналышта жүрө берсең.

    КАЙЫРМА

    Чын жүрөгүмөн

    Чыгат сезимдер.

    Жахаба, өзүң

    Жетек бересиң.

    Колуман жетелейсиң.

  2. 2.Эли менен жүрө берем.

    Шектенбеймин мен ишенем.

    Сөзүн окуйм, түрткү берет.

    Туура ишти кылгым келет.

    Көзүм жетти, ынандым мен

    Чыныгы дос бул жакта экен.

    Чоң үй-бүлө — Кудай эли.

    Бул Кудайдын зор белеги.

    КАЙЫРМА

    Чын жүрөгүмөн

    Чыгат сезимдер.

    Жахаба, өзүң

    Жетек бересиң.

    Колуман жетелейсиң.