Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жараткан нерселерге ыраазы бололу

Кудай жараткан нерселерге ыраазы бололу

Жүктөп алуу

  1. 1. Тоонун боорунда түркүн гүлдөр,

    Сыдырым соккон жел, ак карлуу мөңгүлөр,

    Көз уялткан күндүн ак шооласы,

    Куштардын көктө калкып учканы.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Ажайып кооз

    Жаратылышты

    Кантип көрсөтөм

    Баалай турганымды?

    КАЙЫРМА

    Жахабага рахмат,

    Ыраазымын абдан.

    Ага рахмат,

    Сүйүүсүн унутпайм.

    Көз чаптырып,

    Жахаба Кудайым жараткан ааламга,

    Анын иштерине суктанам.

    Ыраазымын абдан.

    Ыраазымын абдан.

  2. 2. Түркүн түскө боёлгон кооз табият

    Баарын ойлоп тапкандын күчүн чагылдырат.

    Толкуган деңиз түнү бою үн салат,

    Айлуу асманда жылдыздар жымыңдайт.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Ажайып кооз

    Жаратылышты

    Көрсөтүшүм керек

    Баалай турганымды.

    КАЙЫРМА

    Жахабага рахмат,

    Ыраазымын абдан.

    Ага рахмат,

    Сүйүүсүн унутпайм.

    Көз чаптырып,

    Жахаба Кудайым жараткан ааламга,

    Анын иштерине суктанам.

    Жахабага рахмат.

    КӨПҮРӨ

    Акылмандыгың, зор күчүң,

    Боорукердигиң, сүйүүң

    Көрүнөт айкын.

    Абдан баалаймын,

    Рахмат, Кудайым.

    КАЙЫРМА

    Жахабага рахмат,

    Ыраазымын абдан.

    Ага рахмат,

    Сүйүүсүн унутпайм.

    Көз чаптырып,

    Жахаба Кудайым жараткан ааламга,

    Анын иштерине суктанам.

    Жахабага рахмат.

    Жахабага рахмат.

    Жахабага рахмат.