Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айкөлдүк менен кечирели

Айкөлдүк менен кечирели

Жүктөп алуу

  1. 1. Жүрөгүмдө терең тамырлап,

    Жазылбай келет таарынычым.

    Аны жулуп салгым келет.

    Кечиришим керек болсо да:

    «Эмнемен жаздым?» — деген ой кыйнап,

    Такыр унута албай келем.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Жахаба Атам билет жагдайды,

    Андан сурасам, аябайт жардамын.

    Ал сөзсүз берет мага

    КАЙЫРМА

    Күч унутканга.

    Алым жетпечүдөй сезилет,

    Ата, жардам берчи мага

    Сени туураганга.

    Кек сактабай жүрөктө,

    Өткөн-кеткенди сууга салганга.

    Ата, айкөл болгум келет.

    Мага жардам берчи

    Кечиргенге.

  2. 2. Таарынычым жазылбай келет.

    Бүт күчүмдү жумшасам да,

    Андан арыла албай келем.

    Билип турам болбойт анткеним.

    Кечирген киши кайра эстебейт,

    Болбосо жүк оорлой берет.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Жахаба Атам билет жагдайды,

    Андан сурасам, аябайт жардамын.

    Ал сөзсүз берет мага

    КАЙЫРМА

    Күч унутканга.

    Алым жетпечүдөй сезилет,

    Ата, жардам берчи мага

    Сени туураганга.

    Кек сактабай жүрөктө,

    Өткөн-кеткенди сууга салганга.

    Ата, айкөл болгум келет.

    Мага жардам берчи

    Кечиргенге.

    Жардам берчи

    Кечиргенге,

    Кечиргенге.