Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акылыңды корго

Акылыңды корго

Жүктөп алуу

  1. 1. Кылайын дейм баарын туура,

    Бирок жаман ойлор чулгайт.

    Бүт күчтү жумшасам да,

    Аз болгондой туюлат.

    Таңды тосом кирпик какпай,

    Тиленип чыгам Кудайдан тынбай.

    Батканымда санаага,

    Мындай дейт Жахаба Атам:

    КАЙЫРМА

    «Жаркын келечек күтөт алдыда,

    Акылыңды таза сакта.

    Алдырбагын кайгы-капага,

    Жаман ойлорго эч моюн сунба».

  2. 2. Сенин эркиң аткарсам дейм,

    Бирок көңүл чөгүп кээде,

    Өзүмдү зор сүйүүңө

    Татыксыз сезип кетем.

    Ошентсе да айтам кабар

    Үмүткө зар болгон адамдарга.

    Кайгыга батпайм түк да,

    Жахаба Атам жанымда.

    КАЙЫРМА

    Жаркын келечек күтөт алдыда,

    Акылымды таза сактайм.

    Алдырбаймын кайгы-капага,

    Жаман ойлорго эч моюн сунбайм.

    Моюн сунбайм.

    КӨПҮРӨ:

    Күн-түн дебей баса берген

    Жеңилбейм терс сезимдерге.

    Тынчсызданбай, бекем ишенем,

    Жахаба Кудай дайым жардамга келет.

    Жардамга келет.

    КАЙЫРМА

    Жаркын келечек күтөт алдыда,

    Акылымды таза сактайм.

    Алдырбаймын кайгы-капага,

    Жаман ойлорго эч моюн сунбайм.