Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенем бек

Ишенем бек

(Забур 27:13)

Жүктөп алуу

  1. 1. Азуусунан арстандын,

    Алдуусунан душмандын

    Бүжүрөп мен жашынбай,

    Турам бек баатырдай.

    Жандайт Жаратканым дайым.

    КАЙЫРМА

    Ишенем бек, коюу түн каптаса да,

    Ишенем бек, жетемин жарыкка.

    Күч-кубатым — Жахаба,

    Кайра тартпайм артка.

    Коркпоймун Колдоочум турганда,

    Ишенем бек.

  2. 2. Болгон чыгаан инсандар

    Ишенимди туу туткан.

    Ак жолдон адашпай,

    Үмүтүн муздатпай.

    Куру калбайт сыйлыгынан.

    КАЙЫРМА

    Ишенем бек, коюу түн каптаса да,

    Ишенем бек, жетемин жарыкка.

    Күч-кубатым — Жахаба,

    Кайра тартпайм артка.

    Коркпоймун Колдоочум турганда,

    Ишенем бек.

    КӨПҮРӨ

    Ишенимим тоону да жылдырат,

    Үмүтүмдү жалындатат.

    Ашыгамын

    Алдыдагы зор сыйлыкка.

    Чыдайм ал үчүн баарына.

  3. 3. Келем эңсеп Бейишти,

    Тартылат элеси.

    Бир аз кол сунсам,

    Чыдап чымыркансам,

    Көрөм Кудайымдын жеңишин.

    КАЙЫРМА

    Ишенем бек, коюу түн каптаса да,

    Ишенем бек, жетемин жарыкка.

    Күч-кубатым — Жахаба,

    Кайра тартпайм артка.

    Коркпоймун Колдоочум турганда,

    Ишенем бек.

    Ишенем бек.

(Карагыла: Евр. 11:1—40).