Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ийиндеш турганда алдан-күчтөн тайбайбыз

Ийиндеш турганда алдан-күчтөн тайбайбыз

Жүктөп алуу

  • КИРИШ БӨЛҮК

    Баарыңар кулак салгыла!

    Бул ырды тыңдагыла!

  1. 1. Сыйынып бир Кудайга,

    Сүйлөп чындыктын бир тилинде,

    Обон салып шаттана,

    Жашайбыз баарыбыз биримдикте.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Кырсык-каргаша

    Башка түшсө да,

    Достор болот жаныбызда.

    КАЙЫРМА

    Биримдик, ынтымак биздин арабызда.

    Биримдик, ынтымак күч берип кубаттайт.

    Биримдүү болгондо чыдайбыз баарына.

    Ийиндеш турганда алдан-күчтөн тайбайбыз эч качан.

  2. 2. Жашайбыз чар тарапта,

    Өңү-түсүбүз да ар башка.

    Бирок ага карабай,

    Башыбызды бириктирди Кудай.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Кайда барбайлы,

    Боордошторубуз

    Тосуп алат кучак жайып.

    КАЙЫРМА

    Биримдик, ынтымак биздин арабызда.

    Биримдик, ынтымак күч берип кубаттайт.

    Биримдүү болгондо чыдайбыз баарына.

    Ийиндеш турганда алдан-күчтөн тайбайбыз эч качан.

    Биримдик, ынтымак, биримдик.

    КАЙЫРМА

    Биримдик, ынтымак биздин арабызда.

    Биримдик, ынтымак күч берип кубаттайт.

    Биримдүү болгондо чыдайбыз баарына.

    Ийиндеш турганда алдан-күчтөн тайбайбыз эч качан.

    Ал-күчтөн тайбайбыз

    Ийиндеш турганда.