Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба турганда, эч нерседен коркпойм

Жахаба турганда, эч нерседен коркпойм

Жүктөп алуу

  1. 1. Аткан таңды тосуп камдана баштайм.

    Жолго чыгам тиленип Жахабадан.

    Тыюу салышса да, таратып кабар,

    Кудайдын гана тилин алам.

    КАЙЫРМА

    Жан-дүйнөмдө тынчтык айдарым жел соккондой сылап.

    Эмнеден коркмок элем, Кудай турганда?!

    Эмнеден коркмок элем, Кудай турганда?!

  2. 2. Кайтып келгенде тиленип Кудайдан,

    Кызматым жөнүндө шашпай ой калчайм.

    Кыйналып жүргөн ак ниет адамдар

    Чындыкты билип жанданышын каалайм.

    КАЙЫРМА

    Жан-дүйнөмдө тынчтык айдарым жел соккондой сылап.

    Эмнеден коркмок элем, Кудай турганда?!

    Эмнеден коркмок элем, Кудай турганда?!

    КӨПҮРӨ

    Кудайдын кабары эт жүрөгүмдө

    Оттой жалбырттап күйүп-жанат.

    Анын сөзүн ичке ката албай,

    Акырына чейин жар салам талбай.

    Жалгыз эмесмин рухий согушта,

    Бар боордошторум көмөк кылган.

    Кудайыбызды бир үндөн даңктап,

    Кадам шилтейбиз жаңы заманга.

  3. 3. Күндүн аягында Жахабадан

    Тиленип таттуу уйкуга батам.

    Бүдөмүк болсо да эртеңки күн,

    Жалгыз эмесмин, тынчсызданбайм.

    КАЙЫРМА

    Жан-дүйнөмдө тынчтык айдарым жел соккондой сылап.

    Эмнеден коркмок элем, Кудай турганда?!

    Эч бир нерседен коркпойм, Кудай турганда!