Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мен кимге бармак элем?

Мен кимге бармак элем?

Жүктөп алуу

  1. 1. Караңгы бул дүйнөдө

    Жарык чачат Иса.

    Эгер тил алсам

    Жолуман адашпайм.

    Ит-кушка жем кылбай

    Оторун кайтарат.

    Ал — жакшы койчу,

    Тетир жолго салбайт.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Чындыкты жек көргөндүн

    Үнүнө кулак төшөбөйм.

    Бал тилге салгандын

    Ишенбейм калп сөзүнө.

    КАЙЫРМА

    Мен кимге бармак элем?

    Оор учурда ким жардам берет?

    Мен кимге бармак элем?

    Чоочундарды уксам

    Балээге кабылам.

    Машаякты угуп, баш ием.

  2. 2. Оторунда Исанын

    Жан дүйнөм жай алды.

    Бир туугандарым

    Сүйүүгө чулгады.

    Жаркын келечектен

    Күдөр үзбөй келем.

    Ан үчүн Жахаба

    Тун Уулун берген.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Чындыкты жек көргөндүн

    Үнүнө кулак төшөбөйм.

    Бал тилге салгандын

    Ишенбейм калп сөзүнө.

    КАЙЫРМА

    Мен кимге бармак элем?

    Оор учурда ким жардам берет?

    Мен кимге бармак элем?

    Чоочундарды уксам

    Балээге кабылам.

    Машаякты угуп, баш ием.

    КАЙЫРМА

    Мен кимге бармак элем?

    Оор учурда ким жардам берет?

    Мен кимге бармак элем?

    Чоочундарды уксам

    Балээге кабылам.

    Машаякты угуп, баш ием.

    Мен кимге бармак элем?

    Сенин жолуңан четтеп кетпейм.