Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эки тыйын»

«Эки тыйын»

Жүктөп алуу

  1. 1. Эки тыйын

    Анда бар болгону.

    Жер жаңыртат

    Көп тыйындардын шыңгыр добушу.

    Тамчы сымал

    Бир аз эле салганы.

    Тырмактай салымы.

    Атакеси байкайбы аны?

    КАЙЫРМА

    Канча берсең да

    Эч кам санаба,

    Калбайбы деп көз жаздымда.

    Кымындай болсо да,

    Көптөй көрөт Жахаба.

    Бол ушундай көз карашта

    Тартууңа.

  2. 2. Жаш кезинде

    Көптү берген Кудайга.

    Убакыт өтүп,

    Күлгүн курагы калды алыста.

    Эки тыйындын

    Эч ким укпайт дабышын.

    Бирок Жахаба угат

    Кулак тундурган жаңырыгын.

    КАЙЫРМА

    Канча берсең да

    Эч кам санаба,

    Калбайбы деп көз жаздымда.

    Кымындай болсо да,

    Көптөй көрөт Жахаба.

    Бол ушундай көз карашта

    Тартууңа.

    КӨПҮРӨ

    Ак басып чачты, алдан тайсаң да,

    Пейилиң кенен, ниетиң таза.

    Муну баалайт Кудай.

    КАЙЫРМА

    Канча берсең да

    Эч кам санаба,

    Калбайбы деп көз жаздымда.

    Кымындай болсо да,

    Көптөй көрөт Жахаба.

    Бол ушундай көз карашта

    Тартууңа.

    Ушундай көз карашта бол.