Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн мугалим болууну каалашат?

Эмне үчүн мугалим болууну каалашат?

Эмне үчүн мугалим болууну каалашат?

«Мугалимдердин көптөрү бул кесипти башкаларга жардам бергиси келгендиктен тандашат. [Окуткан] адамга балдардын жашоосуна багыт берүү жоопкерчилиги артылат» («Мугалимдер, мектептер жана коом»).

КЭЭ бир мугалимдерди карап туруп мугалим болууну оңойдой сезесиң. Бирок бул кесип марафон жарышы өңдүү. Болгондо да, тоскоолдук-кыйынчылыктары көп жарыш: окуучулары көп класстар, додо-додо жыйылган дептерлер, бюрократия, окуучулардын көңүлкоштугу жана жарытпаган маяна. «Мугалим болуу, чынында, оңой эмес. Бул кесиптин талабы көп. А бирок, кандай кыйынчылыктар болбосун, мен комерция тармагында иштегенден көрө, мугалим болууну артык көрөм»,— дейт Мадритте (Испания) жашаган Педро аттуу мугалим.

Өзгөчө, ири шаарлардын мектептеринде иштөө оор. Баңгизат, кылмышкерлик, адеп-ахлаксыздык, айрым эне-аталардын кайдыгердиги — мына ушулардын баары балдардын маанай-көңүлүнө, мектептеги жүрүм-турумуна олуттуу таасир тийгизет. Баш бербестик да кеңири таралган. Анда эмне үчүн квалификациялуу адистиги бар адамдар да мугалимдик кесипти тандап алышат?

Лимариз менен Дайэна Нью-Йорк шаарында 5—10 жаштагы балдарга сабак беришет. Экөө тең англис жана испан тилдеринде эркин сүйлөшөт. Окуткан балдарынын көбү Латын Америкадан. Биз бул мугалимдерге мындай суроо бердик:

Эмне үчүн мугалим болгуңар келди?

«Мугалимдикти эмне себептен тандаганым кызыктырабы? Балдарды жакшы көрөм. Анын үстүнө, айрым балдарга билим алуу жагынан менден башка эч ким жардам бербесин билем»,— дейт Лимариз.

Дайэна мындай дейт: «Сабактарынан, айрыкча, шыр окуу жагынан кыйналып жүргөн байкемдин сегиз жашар уулуна жардам берчүмүн. Анын жана башка балдардын сабактарын кадимкидей өздөштүрө баштаганын көрүп ушунчалык кубангам! Ошондуктан банктагы жумушумдан бошонуп, мугалим болуп иштөөнү чечтим».

Ал эми ушул эле суроону башка өлкөлөрдөгү мугалимдерге бергенде, алар мындайча жооп беришкен.

«Мугалимдикти мектепте окуп жүргөн кезимен эле (оңдо) жактырчумун. Ошондуктан ушул кесипти тандап алдым. Анын чыгармачылыкты талап кылган, башкаларды шыктандырууга көп мүмкүнчүлүк берген кесип экенин байкадым. Менин баштагы каалоом жаңыдан мугалим болгонумда кезиккен кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жардам берди»,— дейт жашы кырктарга барып калган итальян Жулиано.

Жаңы Түштүк Уэльсте (Австралия) жашаган Ник мындай дейт: «Мен химиялык изилдөөлөр тармагында иштечүмүн. Бирок ал жумушуман келечекте чоң ийгиликке жетериме көзүм жеткен жок. Ал эми мугалим болгондон тартып, мен үчүн түрлүү мүмкүнчүлүктөргө жол ачылды. Сабак өткөндү жакшы көрөм. Байкашымча, окуучуларым да менин сабак өткөнүмдү жактырышат».

Биринчи кезекте ата-энелеринен үлгү алып мугалим болгондор да көп. Кениялык Уильям сурообузга мындай жооп берди: «Мага, баарынан мурда, 1952-жылдан бери мугалим болуп иштеген атам үлгү болду. Мугалим жаш муундардын акыл-эсин калыптаарын ойлоп, ушу кесипте иштегим келди».

«Колунда жокторго жардам бергим келчү. Ан үчүн же медайым, же мугалим болушум керек эле. Оюм улам барып эле мугалимдикке такалып жатты. Анын үстүнө, өзүм эне болгондуктан, кесибимди абдан жакшы көрөм»,— дейт дагы бир кениялык мугалим Розмари.

Дюрен (Германия) шаарынын тургуну Бертольддун мугалим болушунун себеби башка. «Аялым мени мугалим болсоң жакшы мугалим болмоксуң деп ишендирчү». Чынында эле, ошондой болуп чыккан. «Азыр жасап аткан ишимен көп кубаныч алам. Билим берүүнүн маанисин аңдабаган, окуткан балдары менен иши жок мугалимден, чыныгы, мыкты, өз жумушуна кызыккан, аны маашыркана аткарган мугалим чыкпас».

Япониянын Накацу деген шаарында иштеген Масахиро: «Мугалим болуп иштеп калышыма мен окуган орто мектептеги башталгыч класстарда сабак берген бир жакшы агайым түрткү болду. Бизди үзүлүп түшүп окута турган... Балдарды жакшы көргөн үчүн өзүм да ушул кесипти аркалап келатам»,— дейт.

Дагы бир 54 жаштагы япониялык мугалим, Йошия, мурун бир ишканада иштеп, жакшы маяна алчу экен. Бирок жумушуна канааттанчу эмес. Анын үстүнө, жолуна да убакыт көп кетчү дейт. «Бир күнү: „Качанкыга чейин ушинтип жашай берем?“ — деп ойлонуп олтуруп, жансыз шаймандар менен иштегенден көрө, адамдар менен көбүрөөк иштей турган жумуш табайын деген акылга токтодум,— дейт Йошия.— Мугалимдик — эң сонун кесип. Бул кесипте кичинекей адамдар менен иштешесиң, ошондуктан адамкерчилик талап кылынат».

Санкт-Петербургда (Орусия) иштеген Валентина да мугалимдик кесибин ошон үчүн жакшы көрөт. «Мен абдан мугалим болгум келчү. Ушу кесипте иштеп жатканыма 37 жыл болду. Балдар менен иштегенди жакшы көрөм, өзгөчө, башталгыч класстардын окуучулары менен. Эбак пенсияга кетишим керек болсо да, кесибим жаккандыктан алиге чейин иштеп жүрөм»,— дейт Валентина.

Өзү да мугалим болуп иштеген Уильям Эрз минтип жазган: «Адамдар балдарды жакшы көрүшкөндүктөн же алардын курчоосунда жүрүп, алардын калыптанып, өсүп-жетилип, утур жөндөмдүү, билимдүү, кайраттуу болуп баратышканын көрүүнү жактырышкандыктан мугалим болушат... Алар окутканда... башкаларга өз жан-дүйнөсүн арнашат. Мен өзүм да дүйнө жакшы жакка өзгөрөр бекен деген үмүт менен окутам».

Ырас, ар кыл кыйынчылык-тоскоолдуктарга карабастан, миңдеген эркектер менен аялдар мугалим болуп иштеп жатышат. Алар жумушунда негизинен кандай кыйынчылыктар менен кездешет? Бул суроого эмки макалада жооп алалы.

[6-беттеги кутуча]

Ата-энелер менен мамиле түзүүгө жардам берген кеңештер

✔ Балдардын ата-энелери менен таанышып алгыла. Ага бөлгөн убактыңар текке кетпейт. Тескерисинче, бул силерге эмгектеш боло турган ата-энелер менен жакшы мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

✔ Ата-энелер менен сүйлөшкөндө үстөм сүйлөбөө, түшүнүксүз педагогикалык терминдерди колдонбоо туура.

✔ Балдар тууралуу сүйлөшүп жатканда, көбүнесе алардын жакшы жактарын баса белгилегиле. «Жакшы сөз жан сергитет, жаман сөз жан кейитет» эмеспи. Балага кантип жардам берсе болорун түшүндүрүп бергиле.

✔ Ата-энелерге өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берип, кунт коюп уккула.

✔ Баланын кандай шарттарда жашаарын билүүгө аракеттенгиле. Эгер мүмкүн болсо, үйүнө барып көргүлө.

✔ Эмки жолу качан жолугарыңарды сүйлөшүп алгыла. Анан сүйлөшүлгөн күндү унутпоо абзел. Ошондо силер чынында эле кызыкдар экениңерди көрсөтөсүңөр («Teaching in America» китебинен).

[6-беттеги сүрөт]

Уильям (Кения):

«Мугалим болуп иштеген атаман үлгү алдым».

Валентина (Орусия):

«Балдар менен иштегенди жакшы көрөм».

Йошия (Япония):

«Мугалимдик — эң сонун кесип. Бул кесипте кичинекей адамдар менен иштешесиң».