Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Порнография зыянсызбы?

Порнография зыянсызбы?

Ыйык Китептин көз карашы:

Порнография зыянсызбы?

АРХЕОЛОГДОР он тогузунчу кылымдын экинчи жарымында байыркы Помпей шаарынын урандыларын казышканда табылган нерселерди көрүп төбө чачтары тик турган. Табылган көптөгөн кооз фрескалардын — дубалга тартылган сүрөттөрдүн — жана башка искусство чыгармаларынын арасынан ар кандай эротикалык абалдарда чагылдырылган жылаңач адамдардын сүрөттөрү, скульптуралары чыккан. Алардын барып турган уятсыздык менен чагылдырылганын көрүп таңыркаган бийлик башчылары аларды жабык музейлерге гана коюуну чечишет. Табылгаларды өз-өзүнчө түр кылып бөлүш үчүн, «порнография» деген термин ойлоп чыгарылган, грекче порне жана графос «бузукулар тууралуу жазамын» дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө порнография деп сексуалдык сезимдерди козгоо, чакыруу максатында адабият, искусство, кино же кандайдыр бир башка жолдор аркылуу эротикалык мамилелердин сүрөттөлүшүн түшүнүшөт.

Айтпаса да айкын, порнография учурда кеңири таралган, демек, ал басымдуу көпчүлүк тарабынан колдоого алынат шекилдүү. Эгер мурун порнография бузукулугу менен атагы чыккан жерлерде, райондордо гана кезиксе, азыр аны коомдун ар кыл катмарларында жолуктурууга болот. Айрым эсептөөлөр боюнча, Кошмо Штаттарда эле порнографиядан жылына он миллиард доллардан ашуун киреше түшөт!

Айрымдар порнографияны бир беткей жубайлык жашоону кызыктуу кылат деп акташат. Бир кабарчы мындай деген: «Ал ойломду өрчүтүп, жыныстык катнаштан канааттануу алууга үйрөтөт». Кай бирлери порнографияны жашыруун маселе-мамилелерде ачык-айрым болууга жардам берет дешет. «Порнография аялдарга пайдалуу»,— деп ырастайт кабарчы Уэнди Макэлрой.

Бирок мындай пикирлерге баары эле кошула бербейт. Көп учурда кайгылуу окуяларга жана бузуку иштерге дал ошол порнография себеп болот көрүнөт. Айрымдар аялдарды жана жаш балдарды зордуктоонун, аларга ар кандай ырайымсыз мамиле кылуунун порнография менен байланышы бар дешет. Бир нече кишини өлтүргөн Тед Банди «„ырайымсыз“ порнографияны берилип алып көрүп жүргөнүн» мойнуна алган. «Башында адам ага өтө көнүп кеткенин байкабагандыктан, анын олуттуу кыйынчылык экенин көптөн кийин барып түшүнөт... Бирок порнографияга кызыгуу... бара-бара зордук менен байланышкан сексуалдык иш-аракеттерди жасоону каалоого өтөт. Дагы айтып коёюн, бул каалоо дароо эмес, акырындык менен өрчүйт»,— деген ал.

Порнография минтип кеңири таралып, ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп жаткандыктан, ал тууралуу Ыйык Китепте эмне делгенин билгиңер келеттир?

Жазмада жыныстык мамилелер тууралуу ачык айтылган

Ыйык Китепте жыныстык мамилелерге байланыштуу суроолор ары түз, ары ачык талкууланат (Мыйзам 24:5; 1 Корунттуктарга 7:3, 4). «Жаш кезде алган... аялыңа кубан,— деген Сулайман.— Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын» (Накыл сөздөр 5:18, 19). Ыйык Китепте жыныстык мамилелерге байланыштуу таасын кеңештер менен көрсөтмөлөр берилген жана андай мамилелердин тийиштүү чеги көрсөтүлгөн. Никеден тышкаркы жыныстык катнаштарга жана жыныстык бузукулуктарга анда тыюу салынат (Лебилер 18:22, 23; 1 Корунттуктарга 6:9; Галаттыктарга 5:19).

Бирок ошол коюлган чектин ичинде да токтоолук менен сыпаалык күтүлөт. «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын»,— деп жазган элчи Пабыл (Эврейлерге 13:4). Бул көрсөтмөгө порнографиядагы иш-аракеттер таптакыр карама-каршы келет.

Порнография туура көз карашты бузат

Порнография аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы махабаттын аруулугун туюнтпай, тескерисинче, жыныстык мамилелерди бурмалап көрсөтөт. Башаламан жыныстык байланыштарды, алардын ыпылас түрлөрүн кайра жагымдуу, эч жамандыгы жок нерседей көрсөтөт. Анда өз кумарын гана кандырууга көңүл бурулуп, башка адамдын каалоосуна көңүл аз бурулат же таптакыр бурулбайт.

Порнографияда аялдар менен эркектер, балдар жыныстык каалоолорду кандыруу үчүн гана колдонулуучу макулук катары көрсөтүлөт. Бир билдирүүдө: «Сулуулук дененин өлчөм-көлөмдөрү менен гана сыпатталгандыктан, ага аткарылгыс талаптар коюлат»,— деп айтылган. «Аялдардын инсандык касиети жок, жеңил ойлуу, эркектердин кумарын кандырууга дайым даяр турган оюнчуктардай көрсөтүлүшү, кимдир бирөөнүн моокумун кандыруу үчүн, акча үчүн аларды жылаңачтап, денесин көрсөтүү тең укуктуулук идеясы менен, инсандык кадырды сыйлоо жана адамгерчилик менен эч сыйышпайт»,— деп айтылат дагы башка билдирүүдө.

Ал эми сүйүү жөнүндө Пабыл: «Адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт»,— деген (1 Корунттуктарга 13:5). Ыйык Китеп эркектерди «аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүп», аларды сексуалдык каалоолорун канааттандырууга гана колдонулуучу макулук катары көрбөй, урматтоого чакырат (Эфестиктерге 5:28; 1 Петир 3:7). Уят-сыйытсыз порнографиялык материалдарды көрүүгө ышкыбоз болуп алган эркектин же аялдын кылганын адептүүлүк дешке болобу? Андай кишилерди өз жубайларына сый-урмат көрсөтүп жатышат дей алабызбы? Порнография сүйүүнү эмес, өзүмчүлдүктү өрчүтөт.

Эске аларлык дагы бир жагдай бар. Башында адамдын бүйүрүн кызыткан нерселер, башка ыпылас иштер сыяктуу эле, көп өтпөй зериктирме, кызыксыз сезиле баштайт. «Бара-бара,— дейт бир жазуучу,— [порнографияга кызыгып жүргөндөр] мурункудан да ашкан ыпылас материалдарга кызыга башташат... Барган сайын алар өнөктөрүнөн катышуу маалында ого бетер жосунсуз иш-аракеттерди жасоону талап кылып... назик мамиле көрсөтүү, чын жүрөктөн сүйө билүү жөндөмдүүлүктөрүн жогото башташат». Андыктан порнографияны зыянсыз деп айтууга болобу? Булардан сырткары, андан сактануунун дагы бир маанилүү себеби бар.

Ыйык Китеп жана кумар

Бүгүнкү күндө көптөр секс тууралуу ойлонуп-кыялдануунун эч жаманы, зыяны жок деп эсептешкени менен, андай көз караш Ыйык Китептеги айтылгандарга төп келбейт. Ыйык Китеп акылыбызды эмне менен азыктандырсак, жүрүм-турумубузга ошол түздөн-түз таасир этерин көрсөтөт. «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат,— деген Ыйсанын жолдоочусу Жакып.— Кумар түйүлүп, күнөө туулат» (Жакып 1:14, 15). Ыйса: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деген (Матай 5:28).

Жакып менен Ыйсанын айткандарынан көрүнүп тургандай, адамдын жүрүм-турумуна ички каалоо-ниеттери түрткү болот. Андай каалоолорду өрчүтө берсе, ой-сезимдин баарын ээлеп алышы мүмкүн. Андай каалоолорго туруштук берүү абдан кыйын болгондуктан, алар акыр-аягы, иш жүзүндө аткарылышы толук ыктымал. Чынында, акылыбызды эмне менен сугарсак, жүрүм-турумубузга ошо абдан таасир этет.

Сексуалдык ой-кыялдар биздин Кудай менен болгон мамилебизге түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан Пабыл мындай деп жазган: «Дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту [«ач көздүктү», ЖД] жок кылгыла» (Колостуктарга 3:5).

Пабыл кумардын «ач көздүк» менен, башкача айтканда, адамдын өзүндө жок нерсеге ашкере умтулуусу менен байланышы барын белгилеген *. Ач көздүк — бурканга табынуучулуктун бир түрү. Эмне үчүн? Анткени ач көз адам өз каалоосун бардыгынан, керек болсо, Кудайдан да жогору коёт. Порнография болсо адамдын колунда жок нерсеге карата кумарын ойготот. «Адам башка бирөөнүн жыныстык турмушуна көз артат... Ойлогонунун баары эле ошо болот... Ал эми көксөгөн нерсесин адам кудай тутуп алат эмеспи»,— деп айтылат бир диний журналдагы макалада.

Порнография бузат

«Эмне таза болсо, эмне сыпайгерчиликке жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, [«жакшылык... эмне болсо», «Мукаддас»] ошол жөнүндө ойлогула»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Филипиликтерге 4:8). Порнографияны көрүп, ал тууралуу ойлонуп жүргөн адам Пабылдын бул чакырыгын четке каккан болот. Порнография — адепсиздик, себеби анда адамдардын жашоосунун эң жашыруун жактары уят-сыйытсыз, ачык көрсөтүлөт. Ал жийиркеничтүү, себеби адамдарды басмырлап, инсандык кадырын тебелейт. Анда сүйүү жок, анткени ал назик мамиле жасоого, бирөөгө кам көрүүгө үндөбөйт. Кайра, адамды керт башынын каалоолорун канааттандырууга гана чакырат.

Порнографияда ары адепсиз, ары уятсыз жүрүм-турумдун эч бир чек-өлчөмсүз көрсөтүлүшү Ыйсанын жолдоочусунун «жамандыкты жек көрүүгө» үйрөнүүгө умтулуусун басаңдатып, жолтоо болот (Амос 5:15). Ал күнөө кылууга түртөт, андыктан Пабылдын эфестиктерге жазган: «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук [«ач көздүк», ЖД] жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт. Ошондой эле уятсыз, маңызсыз... сөздөрдү сүйлөбөгүлө»,— деген эскертүүсүнө каршылаш (Эфестиктерге 5:3, 4).

Порнография зыянсыз эмес: ал өзүмчүлдүккө үйрөтүп, адамды бузат. Ошондой эле табигый жыныстык мамилелерди эротикалык ыпылас көрүнүштөрдү көрүү, окуу адаты менен алмаштырып, адамдардын ортосундагы таза мамилелердин бузулушуна алып келет. Ал ага кынык алып алган адамдын акыл-оюн, рухийлигин булгайт. Өзүмчүлдүк менен ачкөздүктү өрчүтүп, башкаларды өз кумарын кандыруу үчүн гана колдонулуучу макулук катары эсептөөгө үйрөтөт. Ал жакшылык кылууга, абийирди таза сактоого жасаган иш-аракеттерди жокко эсе кылат. Баарынан олуттуусу, адамдын Кудай менен болгон мамилесине кедерги болушу, атүгүл таптакыр бузулушуна алып келиши мүмкүн (Эфестиктерге 4:17—19). Порнография — бул дарт, ошондуктан андан сактаныш керек (Накыл сөздөр 4:14, 15).

[Шилтемелер]

^ 20-абз. Бул жерде Пабыл табигый каалоону, адамдын өз күйөөсү же аялы менен жыныстык мамиледе болууну каалашын, айткан эмес.

[24-беттеги сүрөт]

Порнография башка жыныстагы адамдарга болгон көз карашты бузат.