Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүмдөрдүн уйкусуроосу тынчсызданарлык көйгөйбү?

Өспүрүмдөрдүн уйкусуроосу тынчсызданарлык көйгөйбү?

Өспүрүмдөрдүн уйкусуроосу тынчсызданарлык көйгөйбү?

КАНАДАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

КАНАДАДА чыккан «Глоб энд мейл» гезитинде уйкунун канбай калышы акыл-эс жана эс-тутум жөндөмдүүлүктөрүн төмөндөтөрү жана көбүнчө андай кыйынчылыкка мектеп жашындагы балдар кабылары белгиленген. «Мектеп жашына чейинки балдар менен өспүрүмдөрдүн уйкусунун канбагандыгы тартипсиздикке, кыжырланууга жана бейбаштыкка алып келет». Жагдайды текшерүү максатында окумуштуулар орто мектепте окуган 2 200гө жакын баланын уктоо адатына байкоо жүргүзүп көрүшкөн. Натыйжада, алардын 47 пайызы күн сайын талап кылынган сегиз сааттан кем укташары билинген.

Жаштардын көбүнүн уйкусу жашоо тартибинен улам канбай калары чын, бирок, «Глоб» гезитинде белгиленгендей, «алардын арасында билинбеген оорусу бар экенин байкабагандар да болушу мүмкүн». «Төрт жашар балдардан тартып 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 4 пайызы уктап жатканда апноэ болушат». Мындайда уктап аткан баланын дем алуу жолдору толук бойдон же жарым-жартылай жабылып калып, кычкылтектин өтүшү кыйындайт. Натыйжада, мээ тийиштүү түрдө эс албайт да, балдар ойгонгондо шалдырап, «сиркеси суу көтөрбөй» калат.

Дем алуунун андай бузулушун төмөнкү көрүнүштөр билдириши мүмкүн: уктап жатканда баланын коңурук тартышы же бышылдап дем алышы, эртең менен башынын көп оорушу, эс-тутумунун начарлашы, жыйнаксыздыгы жана күндүзү уйкусурап жүрүшү. Ата-энелер уктап жаткан балдарын кез-кезде тыңшап коюп жүрүшү керек. Монреаль балдар ооруканасынын уйку боюнча адиси Роберт Бруйет апноэси бар балдардын уктап жатканда көкүрөгү көтөрүлүп, кайра ордуна келип атса деле деми токтоп калышы мүмкүн экенин түшүндүрөт. «Андай приступ бала ойгонуп, кайра уктаардын алдында же уйку-соонун ортосунда бир нече жолу терең дем алып алгандан кийин гана басылат». Андай приступ түнү бою бир нече жүз жолу кайталанышы мүмкүн, ошон үчүн эртең менен турганда баланын алы кетип, өзүн чарчаңкы сезет.

Уйкунун бузулуш себептерин изилдеген Америка бирикмеси салкын, караңгы, сыналгы же компьютер өңдүү алаксыткан нерселер жок бөлмөдө уктоону сунуш кылат. Кичине балдар менен өспүрүмдөргө дайыма бир маалда жатып, бир маалда туруп жүрүү кеңеш кылынат. Кээ бирөөлөр апноэ кармаганда дем алуу жолдоруна үзгүлтүксүз, керектүү өлчөмдө басым берип туруучу, беткеби бар аппарат кийип жатышат. Ал аппарат аркылуу ооз менен мурунга акырын аба үйлөнүп турат. Бир педиатордун айтуусу боюнча, «тамактан да, уйку маанилүү. Уйку дене тарбиядан да зарыл. Уйку биздин гормондорубузга, сезимдерибизге жана иммундук системабызга таасирин тийгизет».