Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынан үлгү алуу

Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынан үлгү алуу

Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынан үлгү алуу

«Сак болгула, бир туугандар: эч ким силерди адамдардын ылакаптарына, дүйнөнүн табигый негиздерине негизделген философия менен, жалган түшүнүктөр менен адаштырбасын, анткени булар Машайактын окутуусу эмес» (Колостуктарга 2:8).

МЫНА ушул сөздөр менен биринчи кылымда элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын адамдардын ар кандай философияларына сокур ишеним артып ээрчип алуудан сак болууну эскерткен. Ыйсанын жолдоочуларынын алдында тандоого эки жол турган: бири — Ыйсанын, анын элчилеринин көрсөткөн туура жолу менен жүрүп, өзүлөрүнө ар тараптуу пайда берген окууларга кармануу, экинчиси — миллиондогон адамдарды бактысыздыкка, кайгы-капаларга кириптер кылган шектүү, туруксуз адамдык ой-пикирлердин торуна түшүү (1 Корунттуктарга 1:19—21; 3:18—20).

«Машайактын окутуусу» боюнча жашоо

Миңдеген жылдар мурун крест жортуулдарына катышкандар «Машайактын окутуусуна» ылайык жашоо ага ишенем деп ооз менен айтып коюудан да көптү талап кыларын аңдашкан эмес (Матай 7:21—23). Ан үчүн Кудайдын Сөзү Ыйык Китепте жазылган Ыйса Машайактын окууларына жараша жашоо талап (Матай 7:15—20; Жакан 17:17). «Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар,— деген Ыйса,— анда менин чыныгы шакирттеримсиңер» (Жакан 8:31). «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген ал (Жакан 13:35).

Чынында, жортуулчулар адамдардын «философиясы менен» «жалган түшүнүктөрүнө» алданышкан. Диний төбөлдөрдүн, эпископтордун, да «жоокерлер деп атагы чыгып» жүрсө, карапайым кишилердин алданып калышканына таң калып болобу. Макклинток менен Стронгдун «Ыйык китептик, теологиялык жана чиркөөлүк адабияттар энциклопедиясында» минтип түшүндүрүлөт: «Диний төбөлдөрдө күрөшчүл рух ушунчалык күч алып кеткендиктен, алар кичине эле пайда чыга турган жерде колуна курал алып жөнөп калууга даяр турушчу» («Cyclopedia of Biblical, Theological, and Ecclesiastical Literature»).

Жагдайдын мынчалыкка жетишине эмне себеп болгон? Алгачкы элчилердин көзү өткөн соң, чыныгы ишенимден четтеген чиркөө жетекчилери, Кудай Сөзүндө алдын ала айтылгандай, акырындык менен Ыйсанын окууларынан алыстай беришкен (Элчилер 20:29, 30). Чындыктан танган чиркөө саясый иштерге барган сайын көп кийлигише баштаган. IV кылымда Рим императору Константинди өлөр алдында христианчылыкка өткөн дешет. Ошондон кийин, жогоруда айтылган энциклопедияда маалымдалгандай, «мурун бутпарастык символдор түшүрүлгөн желектерге эми Айкаш жыгачтын сүрөтү түшүрүлө баштайт, андыктан аскер кызматына баруу Ыйсанын жолдоочусумун деген ар бир адамдын милдетине айланган».

А бирок, чынында, Ыйсанын жолдоочуларына андай милдет артылбаган. Ошого карабастан, алар адамдык ар кыл «философия» менен «бал тилге салынып», Ыйсанын үйрөткөндөрүнөн четтеп кетишкен (Колостуктарга 2:4). Андай амалдуу ой-пикирлердин айрымдары эчактан бери согуш-араздашууларды актоо үчүн колдонулуп келет. Жогорудагы эмгекте белгиленгендей, адамгерчиликтүү же такыбаа киши «байыртадан азыркыга чейин басылбай келаткан жаалдуу согуштарга» катышат дегенди «элестетүүнүн өзү эле кыйын», себеби мындай көрүнүш «Ыйсанын жолдоочулары карманган принциптер менен түк да төп келишпейт».

Христиан диндеринен башка диндердин деле кылымдар бою согуштарга катышып келатканы келаткан. Чиркөө мүчөлөрү сыяктуу эле, ал диндерди туткандар ишенимдештерин да, башка ишенимдегилерди да улуту, саясый жана диний көз караштарындагы айырмачылыктары үчүн өлтүрүүдөн кайра тартышпайт. Андайлар башкаларды өз динине коркутуп-үркүтүп, жадесе, кылыч менен киргизүүнү да өөн көрүшпөйт. Көздөгөндөрүнө жетиш үчүн, кандуу кыргын салган учурлары да болгон. Бул жагынан башка диндер христиан аталышкан диндерден эч айырмасы жок.

Дүйнөдөн эмес

Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына саясаттан жана согуштардан оолак карманууга эмне жардам берген? Эки маанилүү принцип. Алардын биринчиси Ыйсанын Петирге айткан сөзүндө камтылган. Ыйса, Петир аны коргоюн деген ойдо кылычын сууруй койгондо, мындай деген: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт» (Матай 26:52). Экинчи принципти Ыйсанын Пилатка Падышалык жөнүндө айтып жаткандагы берген жообунан билүүгө болот. Ал: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгерде Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес»,— деген (Жакан 18:36).

Ыйсанын алгачкы жолдоочулары бул принциптерди кантип колдонушкан? Алар саясат менен согушка тийиштүү нерселердин баарынан оолак карманып, дүйнөнүн иштерине кийлигишишкен эмес (Жакан 15:17—19; 17:14—16; Жакып 4:4). Алар колдоруна курал алуудан баш тартышкан. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын эврей боштондук кыймылдарына катышпаганы жана Рим аскеринде кызмат өтөшпөгөнү тарыхтан маалым. Ошону менен бирге, алар саясатчыларга ишти кандайча жүргүзүш керектигин айтып өз талаптарын коюшкан эмес: бул бийлик жетекчилеринин милдети болчу (Галаттыктарга 6:5).

Экинчи кылымда Юстин Азапкеч Ыйсанын жолдоочулары «кылычтарынан соколорду... кайра согуп иштеп чыгышканын» жазган (Михей 4:3). Ыйсанын жолдоочуларынын көз карашын сындагандарга Тертуллиан болсо: «Эгебиз колуна кылыч алган кылычтан өлөт десе, кылыч көтөрүп машыгып жүргөнүбүз туурабы?» — деп суроо берген.

«Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү»

Согушка катышуудан баш тартуу Ыйсанын алгачкы жолдоочулары үчүн оңойго турбаган. Себеби алардын көз карашы ошол кездеги коомчулук кабыл алган ой-пикирлерге каршылаш келген. Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктаган Цельс аларды шылдыңга алчу. Себеби ал бийлик талап кылса, ар бир адам согушка барууга тийиш деп эсептеген. Бирок айланадагылардын кастыгына багынбастан, Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Устатынын окууларына бап келбеген философиялык ой-пикирлерди жакташкан эмес. «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— дешкен алар (Элчилер 4:19; 5:29).

Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү дал ошол үлгүгө карманышат. Мисалы, нацисттик Германияда алар Гитлердин кандуу жортуулдарына катышуудан чечкиндүүлүк менен баш тартышкан. Күбөлөр бейтараптуулук принцибин бузбаш үчүн ырайымсыз куугунтуктарга чыдоого, ал эмес, өлүмгө барууга даяр болушчу. Алардын ыйык китептик принциптерге болгон берилгендиги үчүн «[нацисттер] жарымдайын түрмөгө камап, төрттөн бирин өлүм жазасына тартышканы» маалым («Of Gods and Men»). Экинчи дүйнөлүк согуш маалында өлгөн он миллиондогон адамдын бири да Жахабанын Күбөлөрүнүн колунан набыт болгон эмес. Себеби Күбөлөр башкаларды өлтүрбөш үчүн өзүлөрү өлүмгө барууга даяр. Муну алардын көбү далилдеген.

Биз эмнеге үйрөнсөк болот?

Тарыхтан биз эмнеге үйрөнө алабыз? Философиялык окуулар менен көз караштар — элдер арасындагы жек көрүү менен кандуу жаңжалдардын дайымкы себеби. Тарыхтын дагы бир сабагы — ушул. Насаатчы 8:9да: «Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот»,— деп туура айтылган. Анын себеби: «Адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес»,— деп Жеремия 10:23тө түшүндүрүлөт. Адам чыныгы жыргалчылыкка Кудайсыз жете алгыдай болуп жаратылган эмес. Буга адамзаттын бүткүл тарыхы далил.

Бийликте тургандарды өткөндүн каргашалуу каталарын кайталатпай коюу эч кимибиздин колубуздан келбейт. Алардан тигил же бул иш-чараларды көрүүнү талап кылуу да биздин милдет эмес. Демек, алардын ортосундагы жаңжалдарга катышпашыбыз да керек. Ыйса Машайак өз жолдоочулары тууралуу: «Мен сыяктуу эле, алар да бул дүйнөдөн эмес»,— деген (Жакан 17:14). Дүйнөнүн жаңжалдарына кийлигишпеш, катышпаш үчүн, биз адамдык туруксуз философиялык ой-пикирлерди эмес, Кудайдын Сөзүн — Ыйык Китепти — жетекчилик кылып карманышыбыз керек (Матай 7:24—27; 2 Тиметей 3:16, 17).

Жаркын келечек

Кудайдын Сөзү толук таянууга татыйт: ал өткөн менен азыркы маал тууралуу зарыл маалымат бергенден тышкары, келечекке ишенимдүү жол көрсөтөт (Забур 118:105; Ышайа 46:9—11). Ыйык Китепте Кудайдын биздин планетабызга байланыштуу ой-ниеттери ачык-айкын айтылган. Ал адамдарга илимий жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жерди ойрон кылып таштоого жол бербейт. Кудай сөзсүз өзүнүн баштапкы ой-ниетин ишке ашырат, ошондо биздин Жер бейишке айланат (Лука 23:43).

Бул тууралуу Кудайдын Сөзүндө мындай деп айтылган: «Жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт. Ыймансыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, жүзү каралар жер үстүнөн тукум курут болушат» (Накыл сөздөр 2:21, 22). Бул жакында аткарылат. Себеби азыркы биз жашап жаткан оор мезгил бузуку дүйнөнүн «акыркы убагы» келгенин далилдейт (2 Тиметейге 3:1—5, 13). «Акыркы убак» көпкө созулбайт: ал аяктап баратат. «Дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп айтылган Ыйык Китептеги пайгамбарлыкта (1 Жакан 2:17; Даниел 2:44).

Жакында Кудай «жерди кыйраткандарды жок кылып», зордук-зомбулукка толгон эски дүйнөнүн ордуна жаңы «адилеттик гана өкүм сүргөн» дүйнө орнотот (Аян 11:18; 2 Петир 3:10—13). Анан аман калгандардын «көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт» (Аян 21:1—4). Согуш менен жаңжалдар биротоло тыйылат. Анткени Кудайдын Ышайа 2:4төгү: «Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып жаңыдан согуп иштеп чыгат, бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнбөйт»,— деген убадасы толук аткарылат. Мындай жаркын келечекке, өткөндөн таалим-сабак ала турган болсоңор, силер да жетесиңер (Жакан 17:3).

[11-беттеги кыстырма]

Жахабанын Күбөлөрү Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынан үлгү алышат.

[8-беттеги сүрөт]

Ыйса Падышалыгынын дүйнөдөн эмес экенин айткан.

[10-беттеги сүрөт]

Кудайдын Сөзүндө адамдар жеткилеңдикке жетип, жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашаары убадаланат.