Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сак аңчыны жолуктуруу

Сак аңчыны жолуктуруу

Сак аңчыны жолуктуруу

КАНАДАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

«ТИГИНЕ! Тээтигинде шалбаада жүрбөйбү»,— деп шыбырадым демимди тарта. Аялым экөөбүз кайыкка түшүп, жапайы жаратылыштын сулуулугуна суктанып, шыбыр-шыбыштар толгон теребелди тыңшай Британ Колумбиясын жарып аккан Нечако дарыясы менен сүзүп бараттык. Бир убакта кайдан-жайдандыр жырткыч жойлоп келип, бейкапар жүргөн коёнду баса каларда, сезе койгон коён тызылдаган бойдон көздөн кайым болду. Бери жакта биздин жүргөнүбүздү байкаган жырткыч бир азга ордунан козголбой туруп калды да, анан биз тарапка жактырбаган көз карашын сала: «Ашыман куру калтырганыңарга абдан „ыраазымын“»,— дегендей ырылдап койду. Ошентти да калың чердин караңгылыгына житип кетти.

— Бул эмне? — деп сурады аялым.

— Сүлөөсүн,— деп жооп бердим.

Ал ортодо бүткөн бойду титиреткен жанагыдан катуураак, узагыраак ыркыраган үн салкын таңдын тынчын бузду.

Сейрек көрүнүш

Мындай жолугуу чанда гана болот. Бир кездерде бул жырткычтар бүтүндөй Түндүк жарым шарынын тоо-токойлуу аймактарын мекендешкен. Бирок азыр аларды дүйнөнүн айрым жерлеринен гана кезиктирүүгө болот. Колдо бар далилдер боюнча, сүлсөөсүндөрдү Евразиянын алыскы тоолуу аймактарынан жана түштүктөгү Испаниянын тоолорунан көрүшкөн. Бирок алар баарынан да Сибирде жана Канаданын түндүгү менен Алясканын калың токойлуу аймактарында көп. Мышыктар уруусунун жапайы түрлөрү боюнча маалымдамада мындай маалымат берилген: «Сүлөөсүндүн тиричилиги үчүн токойдун эки түрү керек: биринчиси — сүлөөсүн оңой жашынып, тукумдоого ыңгайлуу жатак таба ала турган эски, бадал-дүмүрлүү түнт токойлор, экинчиси — сүлөөсүн азыктануучу коёндор көп жаш, жапан шалбаалуу токойлор».

Сүлөөсүндөрдүн кээси кадимки үй мышыгынан алты эсе чоң болот. Алардын боюнун бийиктиги чоң адамдын белинен келет. Түндүк Америкада жашаган сүлөөсүндөрдүн эркегинин салмагы 10—15 килограмм, ургаачысыныкы — 5—10 килограмм. Алар Европадагы сүлөөсүндөрдөн эки эсе кичине. Айрымдарынын тулкусунун узундугу 1 метрге барат.

Сүлөөсүндү мышыктар уруусундагы башка жаныбарлардан айырмалаган өзгөчөлүктөрүнүн бири — анын эки жаагындагы бапыйган түгү. Тумшугу жазы, мышык уруусундагылардын башкаларына караганда, жалпагыраак. Ошондуктан ал уяң, момун көрүнөт, бирок бул — жалган көрүнүш. Сүлөөсүндүн Түндүк Американы мекендеген түрүнүн териси кышында абдан калың, жумшак болуп, түгүнүн узундугу 10 сантиметрге жетет. Демейде сүлөөсүндүн бул түрүнүн өңү бозомтук, тумшук жагында темгил тактары болот. Евразиядагы сүлөөсүн болсо куйкул, темгилдери кара күрөң. Бу жаныбардын куйругу бир башкача: өзүнчө чорт кесип таштагансып кыска (болжол менен 10 сантиметр), уч жагы кара. Кулактары чоң, тик, учунда узун кара кылдан чачысы болот. Анын кулактары антенна өңдүү, кичинекей жаныбарлардын шыбышынан өйдө угуп турат.

Жеке бөлүнүп аңчылык кылган сүлөөсүн шыбыш алдырбай жакындап келип, таамай секиргендиктен, олжосун көбүнесе жазбай кармайт. Курч тырмактары катылган жазы, жумшак тамандуу сүлөөсүн калың кардын үстүнөн оңой басат. Анын узун, чымыр арткы буттары ордунан ыкчам секирип, 2—3 метр ары барып түшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сүлөөсүн абада бурала кайрылып, багытын да өзгөртүп жибере алат. Ал жеминин артынан сая түшүп албайт: кууган жаныбарына беш секиргенинде жете албаса, кайра аракет кылбайт. Көбүнчө ага, бир коён кармаш үчүн, 3—10 коёндун артынан куушка туура келет. Эгер жетпей калса — карды ач калат. Жетсе, жыйырма сегиз тиштүү капкан сымал карылуу жаагындагы канжардай курч 4 азуусун жеминин кекиртегине салып, жыра-жыра тартып жиберет.

Таң жаңыдан сөгүлө баштаганда же күүгүм кирип, көз байланып калган маалда аң уулап чыгуу сүлөөсүн үчүн көндүм адат. Мышыктар уруусундагы сүт эмүүчүлөрдүн көбү сыяктуу эле, ал караңгыда жакшы көрөт. Себеби ага, адамдарга караганда, алты эсе аз жарык керектелет. Мышык уруусундагылардын көзүнүн тор сымал катмарынын артында өзгөчө мембрана жайгашкан. Ал мембрана жарыкты, күзгү өңдүү, тосуп алып, кайра тор катмарына жибергенде, аны толук иш-аракетке келтирет. Ошондуктан сүлөөсүн адамды теше тиктеп турганда, көздөрү чоктой болуп күйүп турат. Мышыктар уруусунун дүйнө жүзүндөгү жапайы түрлөрүнүн тиричилиги жөнүндөгү бир китепте мындай деп айтылат: «Сүлөөсүн көрүү жөндөмүнүн жардамы менен жемин алыстан эле байкайт. Мисалы, чычканды — 75 метр, коёнду 300 метр алыстыктан көрөт дешет. Бул — үч футболдук талаанын узундугунан узун аралык».

Канаданы мекендеген сүлөөсүндөрдүн жакшы көргөн азыгы — коён. Ар бир үч күндүн ичинде сүлөөсүн, орто эсеп менен, эки коён кармайт. Эгер азык жагынан өксүбөсө, сүлөөсүн 15 жылча жашайт. Ал тамак тандабайт, андыктан чычкан, кара кур, өрдөк, куну, тыйын чычкандардын ар кандай түрү менен азыктана берет. Сүлөөсүндөрдүн бугуларга да аңчылык кылганы белгилүү, ошол себептүү алар жаалдуу жырткыч катары таанылып калышкан.

Сүлөөсүндү изилдөө жана коргоо

Жынысташуу маалы келгенде сүлөөсүндүн ургаачысы өзүнчө жыт чыгарып, мышыкчасынан мыёлой баштайт. Ал эми жупташкандан кийин, болжол менен төрт күчүктүү болот. Кээде гана, азыгы жетиштүү болсо, жетини тууйт. Кызыгы, азык жетишпесе, ал аз күчүктөйт.

Сүлөөсүн адамдар бар жерден оолак жүрөт. Аларды сактоо үчүн жасалган иш-аракеттерден улам Британ Колумбиясында саны арбындап баратат. Ага токой кыюунун азыркы түрлөрү да шарт түзөт көрүнөт. Себеби ачык калган жерлерде коёндор оттоочу чакан шалбаалар пайда болот. Коёндун саны көбөйсө — сүлөөсүндүн да саны көбөйөт.

Бул укмуштуу жаныбар — татаал экосистеманын маанилүү бир бөлүгү. Ал башка жырткычтар өңдүү эле, жеген «жеминен» көз каранды. Жаныбарлар жөнүндөгү бир китепте жазылган корутундуда мындай делген: «Сүлөөсүндүн жашоосу „олжосу“ азыктанган чөп-чардан, бутактардан жана токой топурагынын өсүмдүктөрдү азыктандыруучу жандык-заттарынан көз каранды». Жаратылыш дүйнөсүнүн татаалдыгы табият менен шайкеш жашоонун жана сүлөөсүн сыяктуу жаныбарлар жашаган чөйрөгө сарамжалдуулук менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн далилдейт.