Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өз бакчабыздын түшүмү

Өз бакчабыздын түшүмү

Өз бакчабыздын түшүмү

БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ҮЙ-БҮЛӨНҮ багуу көптөгөн өлкөлөрдүн тургундарынын күнүмдүк татаал маселелеринен. Кээде жөнөкөй эле жашылча-жемиштерди кымбат болгондуктан сатып ала албайсың. Андыктан айрымдар абалын жеңилдетүүнүн дээрлик жөнөкөй жолун табышкан — алар жашылча-жемишти өз колдору менен өстүрүшөт!

А балким, силер да чакан бакчалуу болууну каалайттырсыңар? Өз үйүңөрдүн жан-жакадан кененирээк жер табылбаса, жакын арадан табылаттыр. Ойлоп көргүлөчү, өзүңөр жемиш өстүрсөңөр, канча акчаңар үнөмдөлмөк. Анын үстүнө, даамдуу десең — даамдуу, пайдалуу десең — пайдалуу дагы. Бакчада иштөө дене-бойду жазып алууга мүмкүнчүлүк берет. Чогуу-чараан иштесеңер, балдарыңар да кубаныч алышы мүмкүн. Жашылча-жемиш өстүрүүдөн пайдалуу нерселерге үйрөнүүгө, мисалы, чыдамкайлыкты өрчүтүүгө болот (Жакып 5:7). Өсүмдүктөрдүн өсүп жатканын көрүп, бардыгын берген Жаратканга дагы да көбүрөөк жакындай аласыңар (Забур 103:14).

Анткен менен бакча өстүрүүнү оңой иш көрүү жана түшүмдү бат алабыз деп ойлоо — жаңылыштык. Ошентсе да жер жемиш өстүрүү жөнүндө азын-оолак маалымат алып, чечкиндүүлүк менен ишке киришсек, эмгегибиздин үзүрүн көрөбүз!

Тоскоолдуктарды жеңүү

Мисалы, Борбордук Африка Республикасынын борбору Бангиде жашаган эки балалуу Тимотэни алалы. Ал жубайы экөө бакча өстүрүү акчаны сарамжалдоого жакшы жардам болорун байкаган.

Тимотэнин аялы Люси 13 жашында сабактан кийин жана дем алыш күндөрү үйүнүн жанындагы бакчада иштечү экен. Ал өсүмдүктөрдүн өскөнүн көрүү дайыма кубандырганын айтат. Люси кийин, арадан бир топ убакыт өткөндө гана өз үй-бүлөсү үчүн жашылча-жемиш өстүрө баштоону чечкен. Ан үчүн жакын жердеги көбүнесе таштанды ыргытылып жүргөн жерди тазалап чыкса, керекке жарарын байкаган. Кызыгы, көп жылдан бери ыргытылып жүргөн таштандылар чирип, жер семирткич катары кызмат кыла бериптир. Дал ошол жерди Люси менен Тимотэ бакчага айлантууну чечишкен.

Алгачкы аракеттер

Люси менен Тимотэ оболу азын-оолак маалымат чогултушкан: алар өсүмдүк өстүрүү боюнча тажрыйбасы барлар менен сүйлөшүп, алардын айткандарын кунт коюп угушкан. Жерге суу керек болгондуктан, кантип кудук казып алууну да сурап билишкен. Аларга жашылча-жемиш өстүрүү боюнча кеңештер камтылган китептерди окуунун да пайдасы тийген.

Алар өсүмдүктөрдүн бири-бирине тийгизген таасири жөнүндө окушуп, айрым өсүмдүктөр экинчи бир өсүмдүктөрдүн жакшы өсүшүнө жардам берсе, башкарлары, тескерисинче, тоскоолдук кыларын билишкен. Адатта, сабиз менен помидор, сельдерей менен түстүү капуста бири-биринин жанында жакшы өсөт деп эсептелет. Шибит (укроп) болсо буурчак, бадыраң, салат сүт тикени, пияз менен «дос». Бирок сүт тикен менен ашкөк (петрушка) жакын эгилсе, жакшы өспөйт. Пияз менен төө буурчак же буурчак бири-бирине зыян келтирет. А эгер өсүмдүктөр бири-бирин ууландырса, алсырап, илдетке бат чалдыгып, зыянкечтерге туруштук бере албайт.

Тимотэ менен Люси жердин баарына бир түрдүү өсүмдүк айдап салуунун да болбосун түшүнүшкөн. Себеби кандайдыр бир илдет же зыянкеч каптаса, түшүмдөн толук ажырап калышы мүмкүн эле. Түрлүү өсүмдүк эгүү аларга андай ыктымалдыкты төмөндөтүүгө жол берген. Жашылча-жемиштерден тышкары, бакчадагы чөп-чарлар, ар кандай гүлдөр айлананы кооздоп, жандандырып, көрктөндүрүп гана турбастан, өсүмдүктөрдүн жакшы өсүшүнө көмөкчү болуучу аарыларды жана башка пайдалуу курт-кумурскаларды өзүнө тартып турган.

Алар түшүмүн химиялык каражаттарды, уу заттарды колдонбой коргоонун жолдорун да үйрөнүшкөн. Мисалы, жөнөкөй эле сарымсак өстүрүү бакчаны зыянкеч курт-кумурскалардын айрым түрлөрүнөн коргоорун билишкен *.

Ооба, Люси менен Тимотэден көп күч-аракет менен чыдамкайлык талап кылынган. Бирок бүгүнкү күндө алардын бакчасы мол түшүм берет. Алар капуста, ашкөк, помидор, сабиз, бадыраң жана баклажан өстүрүшүп, кээде үй-бүлөсүнүн керектөөсүнөн да арбын түшүм алышат!

Өз колуңар менен бакча өстүргүлө!

Бакча өстүрүү Африкадан башка жактарда да бааланат. Мисалы, Германияда миллиондон ашуун жер үлүшү шаар тургундарына кесилип берилген. Ошол 200—400 квадрат метр аянттан ченелип бөлүнүп коюлган жерлер (аларды немис дабагери Даниел Шребердин ысмынан кээде «шребергартен» деп атап коюшат) шаардыктарга ижарага берилет. Бир изилдөөчүнүн айтымында, ошол алакандай бакчалардын «жашылча-жемиштерди алууда мааниси чоң». Жер иштеткендер үчүн ал өзүнчө эле «бейиштин төрү»: алар анда иштеп да, жарпын жазып да алышат.

Ыйык Китеп жакында жер жүзү бүтүндөй чыныгы бейишке айланарын убадалайт (Лука 23:43). Ал эми ошол маалга чейин силер, балким, чакан жерге өз колуңар менен өстүргөн жашылча-жемиштерди жыйноодон кубаныч алгыңар келеттир.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2002-жыл, 22-марттагы санындагы (ор.) «Органикалык жер семирткичтер менен өсүмдүк өстүрүү» макаласында өсүмдүктөрдү зыянкечтерден пестициддерди колдонбостон кантип коргоого болору кененирээк талкууланат.

[27-беттеги сүрөт]

Тимотэ менен Люси бакчасын сугарууга суу алып жатышат.

Мюнхендеги (Германия) жер үлүштөрү.