Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балаңардын эти ысып жатса...

Балаңардын эти ысып жатса...

Балаңардын эти ысып жатса...

«Башым оорубатат!» — деп же дагы бир жерин айтып балаңар жалооруй үн катса, дароо температурасын өлчөйттүрсүңөр. Эгер эти ысып турган болсо, тынчсыздана баштаарыңар түшүнүктүү.

Балтимордогу (АКШ, Мэриленд штаты) Жон Хопкинс атындагы балдар борбору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө боюнча, ата-энелердин 91 пайызы «температуранын бир аз жогорулашынан улам, жок эле дегенде, бир функционалдык өзгөрүш пайда болушу, мисалы, бала эстен танышы же анын мээсине доо кетиши мүмкүн» деп эсептейт. Ошол эле изилдөөдөн билингендей, «ата-энелердин 89 пайызы балдарына температурасы 38,9°тан төмөн болсо да, дененин ысышын төмөндөтүүчү каражаттарды берет».

Баланын этинин ысышы канчалык коркунучтуу? Андай маалда эмне кылуу абзел?

Дененин температурасынын маанилүү ролу

Температура эмнеден улам көтөрүлөт? Адамдын денесинин ооз аркылуу текшерилген орто температурасы 37° болгону менен, бир күндүн ичинде бир нече градуска алмашылып, бирде төмөндөп, бирде жогорулап турат *. Ошондуктан эртең менен дененин температурасы — эң төмөн, кечкурун эң жогору болот. Адамдын мээсинде жайгашкан гипоталамуста жылуулукту жөнгө салуунун борбору орун алган, ал термостат катары кызмат кылат. Организм бактериялар менен вирустар козгоочу инфекцияларга каршы күрөшүп, канда пирогендер делген заттар иштелип чыга баштайт. Натыйжада, гипоталамус жылуулук берүүнү күчөтөт.

Эт ысуу кээде адамды кыйнап, организминде суунун жетишсиздигин чакырса да, анын тийгизген таасири дайыма эле терс боло бербейт. Медициналык билим берүү жана изилдөө боюнча Мейо клиникасынын билдирүүсүнө ылайык, кыязы, жогорку температуранын дененин бактериялар менен вирустар чакыруучу ооруларга каршы күрөшүндө ойногон мааниси чоң. «Сасык тумоо жана дем алуу жолдорунун ооруларын чакыруучу вирустардын жугушуна төмөн температура ыңгайлуу шарт түзөт. Ошон үчүн температуранын бир аз жогорулашы организмиңерге вирустар менен күрөшүүгө жардам берет». Ошол эле булакта: «Баланын температурасы өтө жогору болбосо, аны төмөндөтүүнүн зарылдыгы жок, себеби анда баланын организминин табигый коргонуу касиетине тоскоолдук кылышыбыз ыктымал»,— деп белгиленет. Кызыгы, Мексикадагы бир ооруканада айрым оорулар менен күрөшүүдө дененин температурасын жогорулатуу ыкмасын колдонушат. Дарылоонун андай ыкмасы гипертермия деп аталат.

Америка тез жардам коллежинин адиси Ал Саккетти мындай дейт: «Жогору температуранын өзү коркунуч туудурган учурлар чанда гана болот. Ал эгер организмде инфекция бар болсо, ошону көрсөтүшү ыктымал. Ошондуктан баланын эти ысып жатса, көңүлдү термометрдин көрсөткүчүнө эмес, балага жана инфекция менен күрөшүүгө буруш керек». Ал эми Америка педиатрия академиясынын билдирүүсү боюнча, «адатта, 38,3°ка чейинки температураны, бала көп кыйналбаса жана фебрилдик температурадан улам эсинен танып жүрбөсө, төмөндөтүүнүн кереги жок. Эгер баланын эстен танган учурлары болбосо жана өнөкөт оорулары жок болсо, анда мындан жогору температуралар деле коркунуч туудурбайт. Балага байкоо жүргүзүп көрүү керек, эгер ал тамакты жакшы жеп, жакшы уктап, кээде ойногонго да жарабатса, дарылоонун зарылдыгы деле жоктур».

Эт ысыганда кандай чара көрүш керек?

Жогоруда айтылгандар балаңарга эч кандай жардам көрсөтпөгүлө дегендик эмес. Врачтар баланын эти ысып жатса, төмөнкүдөй чара көрүүнү кеңеш кылышат: баланын бөлмөсү салкын болсун; аны өтө жылуу кийинтпегиле, себеби өтө ысып кетсе, этинин ысыганы күчөшү ыктымал; ага суюктуктардан, мисалы, суу, суу кошулган жер жемиш ширесин, суюк тамак көп бергиле, анткени жогору температура денедеги суунун азайышына алып келиши мүмкүн *. (Кола же кара чай сыяктуу кофеини бар суусундуктар заара айдама касиетке ээ, ошон үчүн денедеги суу ого бетер азайышы ыктымал). Эмчектегилерди эмизе берүү керек. Балага жеңил сиңимдүү тамак бергиле, анткени эт ысыганда ашказандын иштеши жайлайт.

Эгерде дененин температурасы 38,9°тан жогору көтөрүлүп кетсе, адатта, дарыканаларда эркин сатылуучу парацетомол же ибупрофен сыяктуу температураны төмөндөтүүчү дарылар берилет. Аларды көрсөтмөсүндө сунуш кылынган өлчөмдө гана ичүү өтө маанилүү. (Эки жашка чейинки балага дарыны врачтын көрсөтмөсүсүз берүүгө болбойт.) Температураны төмөндөтүүчү каражаттар вирустук инфекцияны жок кылбайт жана суук тийгенде же башка оору менен ооруганда батыраак сакайып кетүүгө эмес, жөн гана өзүңдү жеңилирээк сезүүгө жардам берет. Айрым врачтар 16 жашка чейинки балдардын температурасын аспирин менен төмөндөтүүнү сунуш кылышпайт, себеби ал өмүр үчүн коркунуч туудуруучу Рейе синдромуна чалдыктырышы мүмкүн *.

Температураны денени ным чүпүрөк менен сүртүп төмөндөтүүгө да болот. Ан үчүн баланы бир нече сантиметр жылуу суу куюлган ваннага же дагарага олтургузуп, чүпүрөк же былпылдактын жардамы менен денесин сүртүп чыккыла. Бирок спирт ичимдиктери менен сүртпөгүлө: ал баланы ууктурушу мүмкүн.

Кутучада кайсы учурларда врачка кайрылуу зарыл болушу мүмкүн экени айтылды. Өзгөчө, тропикалык безгек, Эбола вирусу, ич келте жана сары безгек сыяктуу коркунучтуу оорулар таралган жергелерде медицина адистерине көрүнүү өтө маанилүү.

Эң негизгиси — балага өзүн жеңилирээк сезүүгө жардам берүү. Жогору температура нерв системасынын бузулушуна же өлүмгө алып келген учурлар сейрек кездешет. Эт ысыганда эстен тануу тынчсызданууну чакырат, бирок, адатта, анын узакка созулма зыяны болбойт.

Албетте, оорунун алдын алуудан өтөрү жок. Балдарды инфекциялардан сактоонун натыйжалуу жолу — аларды тазалыктын негизги эрежелерине үйрөтүү. Аларды колун дайым жууп жүрүүгө, айрыкча, тамактанар алдында жана ажатканага кирип чыккандан, коомдук жайлардан келгенден, жаныбарларды кармагандан кийин жууганга көндүрүү талап. Бирок кылган аракеттериңердин баарына карабастан балаңар ооруп, эти ысыса, көп чочулабагыла. Себеби, биз талкуулагандай, балага айыгып кетүүгө жардам берүүнүн жолдору көп.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Температура дененин кайсы жеринен жана кандай термометр менен ченелгенине жараша да ар башка болот.

^ 10-абз. «Ойгонгула!» журналынын 1995-жыл, 8-апрелдеги санынын 11-бетинде (ор.) эти ысыган адамдын ичи өтүп же кусуп жатса, кандай суусундук даярдап берүүгө болору айтылган.

^ 11-абз. Рейе синдрому оор нерв ооруларына кирет. Ал балдарда вирустар чакырган оорудан кийин өрчүп кетиши ыктымал.

[30-беттеги кутуча]

Врач чакыргыла, эгерде...

▪ үч айлык же андан да кичине баланын арткы тешик аркылуу текшергенде температурасы 38° же андан да жогору көтөрүлсө;

▪ 3—6 айлык баланын этинин ысыганы 38,3°ка же андан жогору көтөрүлсө;

▪ жашы 6 айдан жогору баланын температурасы 40°ка же андан жогору көтөрүлсө;

▪ баланын организминде суюктук жетишсиз болубатканынын белгилери көрүнүп жатса да, ал суусундук ичкиси келбесе;

▪ бала эс-учун жоготуп же өтө алсырап жатса;

▪ баланын этинин ысыганы 72 сааттан ашса;

▪ бала сооронбой ыйлап, эс-учун билбей калса же жөөлүп жатса;

▪ бала бат-бат же араң дем алып жатса, кызамык чыгып, ичи өтүп же улам жүрөгү айланып жатса;

▪ баланын моюну тырышып жатса же күтүүсүздөн башы катуу ооруй баштаса.

[Булагы]

Source: The American Academy of Pediatrics