Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Уйкунун жетишсиздиги олуттуу көйгөйбү?

Уйкунун жетишсиздиги олуттуу көйгөйбү?

Уйкунун жетишсиздиги олуттуу көйгөйбү?

БҮГҮНКҮ күндө миллиондогондордун олуттуу карызы бар. Ал карыздын кесепетинен көптөр жол кырсыгына кабылса, башкалары жумушунан ажырайт, дагы бирлери үй-бүлөсүнөн айрылат. Анын айынан денсоолук бузулуп, өмүрдүн узактыгы кыскарат. Ал организмдин инфекциялардан коргонуу касиетин начарлатат. Диабет, семирүү, жүрөк оорулары жана башка денсоолукка байланыштуу бузулуулар да ошол эле карыздын кесепетинен пайда болот. Ошого карабастан көптөр өзүлөрүнүн карыздар экенин билишпейт.

Кеп адамдын өз организмине уйку карыз болушу, жакшы уйкунун жетишсиздиги тууралуу жүрүп жатат. Андай уйку сак-саламаттык үчүн зарыл. Адам же көнгөн адаты боюнча, же жашоо тартибинен улам, же кандайдыр бир оорунун айынан билип да, билбей да уйкудан көп калышы мүмкүн.

Медициналык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жер тургундары бүгүнкү күндө нормадан орто эсеп менен бир саат кем укташат. Ал болор-болбос айырмадай сезилгени менен, адамзаттын алты миллиард саат уйку «карыз» болушу окумуштууларга уйкунун бузулушуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана анын жашоого тийгизген таасирин түздөн-түз изилдөөгө түрткү берди.

Алгач уйкунун бузулуусунун «уйку качуу» деп аныкталган бир гана өнөкөт түрү бар деп эсептелген. Бирок АКШ Конгрессинин комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдөн улам уйкунун бузулуусунун 17 түрү аныкталган. Уйку качууну көп себептер чакырса да, аны көбүнчө, температура денеде кандайдыр бир инфекциянын бар экенин көрсөткөн сыяктуу, башка оорулардын белгиси катары карашат.

Уйкунун анда-санда канбай калышы да олуттуу натыйжаларга алып келиши ыктымал. Мисалы, Том тажрыйбалуу айдоочу болсо да, салмагы бир нече тонналык жүк автомобили менен жол жээгиндеги таш кашааны сүзүп, башкы автострадага 400 литр күкүрт кислотасын төгүп алган. Эмне себептен? «Көзүм илинип кетиптир»,— дейт Том. Жол кырсыктарын изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, АКШнын эки башкы автострадасындагы өлүм менен аяктаган кырсыктардын 50 пайыздайы айдоочулардын үргүлөп кетишинен улам болгон.

Жумушчулардын уйкусу канбаганда да канчалык кооптуу болорун карап көрөлү. «[Жүргүзүлгөн тажрыйбага катышкандар] 17—19 саат уктабаганда, алардын эмгек өндүрүмдүүлүгү канында 0,05 пайыз [спирт ичимдиги] бардай төмөндөгөн, ал эми айрым учурларда көрсөткүчтөр андан да начар болгон»,— деп белгилейт австралиялык изилдөөчү Энн Уильямсон. Башкача айтканда, тажрыйбага катышкандардын ишке жөндөмдүүлүгү алардын канында айрым өлкөлөрдө айдоочуларга ичүүгө уруксат берилген өлчөмдө же андан да көп спирт ичимдиги бар сыяктуу деңгээлге төмөндөгөн! Чынында, уйкунун канбагандыгы себеп болгон жүз миңдеген жол кырсыктарынын жана өндүрүштүк кырсыктардын дүйнөлүк экономикага жана үй-бүлөлөргө тийгизген зыянын эсепке сыйдыруу кыйын! *

Бирок уйку эмне үчүн канбай калат? Бул жерде «24/7» деп аталып жүргөн коомдук көрүнүштүн, башкача айтканда, жумасына жети күн 24 сааттан иштөөнүн таасири басымдуулук кылат. «Ю-эс-эй тудей» гезитинде ал «биздин көнүмүш жашообузду түп-тамырынан бери өзгөрүүгө учураткан маданият төңкөрүшү» деп аталган. Ошондой эле «күнү-түнү иштеген дүкөндөр, мекемелер жана тейлөө кызматтары убакытты „унутуунун“ эсебинен, кыйла пайда көрүп жатышканы» белгиленет. Айрым өлкөлөрдө эл уктагандын ордуна, түнү бою телевизор көрүп же Интернеттин алдында олтурушат. Анан эртедир-кечтир ар кандай стресстин жана жан сабама жашоосунун кесепетинен коркунуч, тынчсыздануу менен коштолуучу эмоциялык бузулууларга кабылышат. Мындан тышкары, оорулар да уйкунун канбай калышына алып келерин белгилей кетиш керек.

Көптөгөн медицина кызматкерлеринин байкоосунда, элди уйкунун канбай калышы олуттуу нерсе экенине ишендирүү кыйын. Бир врач айрымдардын өнөкөт чарчоону «күжүрмөндүктүн көрсөткүчү» катары карай баштаганына тынчсызданат. Ал эми анын терс таасири бара-бара билингендиктен, «бересеси барлардын» кээ бирлери уйкунун олуттуу бузулуусунан жапа тартып жүрүшкөнүн байкашпайт. Көптөр андай ойду жакын жуутпай, «карып баратпаймбы», «жашоону кууп жете албай калчу болдум», «жакшылап эс алып алганга чолоом тийбей, катуу чарчап жүрөм» деген сыяктуу себептерди айтышат.

Уйкуну калыбына келтирип, «карыздан» кутулуу оңой-олтоң эмес, бирок жакшы уйку кандай болууга тийиш экенин түшүнүп, анын жетишсиздигинин белгилерин билүү зарыл чара көрүүгө демөөр болот. Уйкунун бузулуусунун олуттуу түрлөрүнүн белгилерин ажырата билүү өмүрүбүздү сактап калышы мүмкүн.

[Шилтеме]

^ 7-абз. Чарчап-чаалыгуу XX кылымдагы каргашалуу кырсыктардын бир себеби болуп эсептелет. (Карагыла: «Ойгонгула!», 2001-жыл, 8-февраль, 6-бет, ор.)

[4-беттеги сүрөт]

Уйкунун анда-санда канбай калышы да кесепеттүү болушу ыктымал.