Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн бизге үмүт керек?

Эмне үчүн бизге үмүт керек?

Эмне үчүн бизге үмүт керек?

ДЭНИЕЛ, рактан каза болгон бала, сакаярынан үмүт үзбөсө, илдетин жеңет беле? Азыр тирүү жүрөт беле? Бул суроолорго үмүттүн дарылык касиети бар деген көзкарашты жигердүүлүк менен коргогондор да «ооба» деп жооп берүүгө ашыкпастыр. Мындан маанилүү тыянак чыгарууга болот: үмүттүн ролуна ашыра баа берүү натуура. Ал бардык дарттын дабасы эмес.

Врач Натан Черни Си-би-эске берген дилмаегинде катуу ооруган адамга үмүттүн жардамын ашкере мактоонун кооптуу экенин белгилеген. «Аялдарын „сезимдериңди бир калыпта кармап, терс маанайга алдырбоого тийиштүү аракет жасабайсың“ деп урушкан күйөөлөрдү көргөнбүз,— деп эскертет ал.— Мындай ой жүгүртүүдөн улам туура маанайда болуу менен шишиктин өрчүшүнө бөгөт коюуга болот деген жаңылыш көзкараш жаралды. Эгер ал чын болсо, оорулуунун абалы начарласа, аны оорусу менен тийиштүү түрдө күрөшпөй койду дегендик болмок. А бул болсо таптакыр туура эмес».

Чынында, өмүрдү тамырынан соолткон дарт менен күрөшүү ары оор, ары мүшкүлдүү. Ошон үчүн ансыз да заманасы куурулуп жаткан адамдын жакындары анын өзүн күнөөлүү сезип ого бетер кыйналышын каалашпайт. Анда кандай, үмүттүн эч пайдасы жок деген жыйынтыкка келишибиз керекпи?

Жок. Жогорудагы врач паллиативдүү дарылоо тармагында иштейт. Дарылоонун бул түрү ооруну дарылоого да, жашоону узартууга да эмес, дарты менен күрөшүп жаткан адамдын жашоосун жеңилдетүүгө, жагымдуу кылууга көмөктөшүүгө багытталган. Бул тармактын адистери катуу ооруп жаткан адамды көңүлүн көтөрүп дарылоо пайдалуу деп эсептешет. Үмүттүн ушундай жана мындан да чоң таасири бар экенин көрсөткөн далилдер арбын.

Үмүттүн мааниси

«Үмүт — күчтүү даба»,— дейт медициналык темадагы макалаларды жазган журналист У. Гиффорд-Жонс. Айыкпас дарт менен ооругандарга эмоциялык жактан жардам берүүнүн канчалык маанилүү экенин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн бир нече изилдөөнүн жыйынтыгын карап чыгып, Гиффорд-Жонс оорулуу адамга көрсөтүлгөн жөлөк-таяк ага үмүт үзбөөгө жана оң көзкарашта болууга кыйла жардам берет деген көзкараш басымдуулук кыларын аныктаган. Алсак, 1989-жылы жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн ошондой жардам алган оорулуу адамдардын узагыраак жашашары билинген. Бирок бул боюнча жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чеке жылытарлык болгон жок. Ошентсе да бир катар изилдөөлөр эмоциялык жардам албаган оорулууларга караганда жардам алгандар көңүл чөгөттүккө азыраак кабылып, оорусун азыраак сезишерин ырастайт.

Жүрөктүн ишемия оорусуна (ЖИО) чалдыккандарга оң жана терс көзкараштын канчалык таасир этерин айгинелөө үчүн жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөнүн жыйынтыгын карап көрөлү. Жашоого оң же терс көзкараш менен карашарын аныктоо максатында 1 300дөн ашуун эркек кылдат текшерүүдөн өткөн. Он жылдан кийин алардын 12 пайызынан көбү ЖИОнун айрым түрлөрү менен оорушары байкалган. Алардын арасында оң көзкараштагыларга караганда терс көзкараштагылардын саны дээрлик 2 эсеге басымдуулук кылган. «Оң маанай денсоолук үчүн пайдалуу деген ой мурун „бирөө айттыга“ негизделип келсе, жүрөк оорулары боюнча жүргүзүлгөн бул изилдөө аны чыныгы медициналык жол менен ырастады»,— дейт Гарвард университетинин саламаттык сактоо факультетинин денсоолук жана коомдук жүрүм-турум кафедрасынын доценти Лора Кубзански.

Айрым изилдөөлөрдөн денсоолугум чың деп эсептегендер начар дегендерге караганда операциядан кийин бутуна батыраак турары байкалган. Ал түгүл жашоонун узактыгы менен оң маанайдын өз ара байланышы бар деп ырастагандар аз эмес. Карылыкка оң же терс маанай менен кароонун улгайган адамдарга кандай таасир этерин аныкташ үчүн изилдөө жүргүзүлгөн. Ал изилдөөгө катышкан карыларга улгайган адам акылман жана тажрыйбага бай деген сыяктуу ойлор камтылган жазууларды улам окутуп турушкан, натыйжада, алардын баскан-турганы ишенимдүүрөөк, тыңыраак боло баштаган. Алардын абалы 12 жума бою дене тарбия көнүгүүлөрүн жасагандай жакшырган!

Эмне үчүн үмүт, оң маанай жана туура көзкараш денсоолукка жакшы таасир этет? Азырынча окумуштуулар менен врачтар адамдын мээсин жана денесин бул суроого толук жооп бергидей деңгээлде изилдей элек көрүнөт. Ошентсе да бул багыт боюнча иштеген адистердин болжолдуу ой-пикир айтууга негизи бар. Мисалы, неврология профессору мындай дейт: «Кубаныч, үмүт менен жашаган жакшы. Мындай жагымдуу абалда стресс дээрлик аз болот, ошондуктан организмге оң таасир этет. Бул — денсоолукка кам көрүүнүн дагы бир жолу».

Мындай көзкараш айрым врачтарга, психологдорго жана окумуштууларга жаңыдай көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал Ыйык Китепти изилдегендерге жаңы эмес. Мындан 3 000 жылдай мурун даанышман Сулайман падыша: «Шайыр жүрөк дарыгердей жакшы таасир берет, кайгылуу рух сөөктү кургатат»,— деп жазган (Накыл сөздөр 17:22). Бул жерде ойдун тең салмактуулук менен айтылганы байкалат. Аятта шайыр жүрөк оору аттуунун баарына дары делген эмес, жөн гана: «Дарыгердей жакшы таасир берет»,— делген.

Чын эле, эгер үмүттүн дарылык касиети бар болсо, аны кайсы врач сунуш кылбай коёт эле? Үмүттүн пайдасы денсоолук менен гана чектелбейт.

Оң жана терс маанайдын жашоого тийгизген таасири

Изилдөөчүлөр оң маанай адамдарга көп жактан пайда алып келерин байкашкан. Мисалы, алар мектепте, иштеген жеринде, спортто ийгиликке жетишет. Муну жеңил атлетика менен машыккан аялдар арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгынан көрүүгө болот. Машыктыруучулардан машыгуучу аялдардын атлеттик жөндөмдүүлүктөрүн толук мүнөздөп берүүнү сурашкан. Ошол эле учурда машыгуучулардын үмүтү канчалык күчтүү экенин билүү максатында, алардын ойлорун да сурап чыгышкан. Натыйжада, машыктыруучулардын билдирүүлөрүнө караганда машыгуучулардын үмүтү алардын жеткен жыйынтыктарына көбүрөөк дал келген. Эмне себептен үмүттүн таасири мынчалык күчтүү?

Оң маанайдын карама-каршысын, терс маанайды, изилдөө менен да көптү билүүгө мүмкүн болду. Жаныбарлардын жүрүм-турумуна 1960-жылдары жүргүзүлгөн тажрыйбалар күтүүсүз натыйжаларды көрсөткөндүктөн, изилдөөчүлөр «өрчүтүлгөн алсыздык» деген жаңы терминди чыгарышкан. Алар бул синдромдун айрым түрлөрү адамдарда да болорун байкашкан. Мисалы, өрчүтүлгөн алсыздык боюнча жүргүзүлгөн тажрыйбада адамдардын эки тобуна белгилүү бир жагымсыз үндү угузуп, аны айрым кнопкаларды ирети менен басуу менен өчүрүүгө болот делген. Биринчи топтогулар айтылгандарды аткарып үндү токтото алышкан.

Ал эми экинчи топтогулар кнопкаларды басышканда, үн токтогон эмес. Ошондо, өзүңөр деле билип жаткандырсыңар, экинчи топтогулардын көбү алсыздык сезимине алдыра башташкан. Алар, эмне кылышпасын эч нерсе өзгөрбөйт деген жыйынтыкка келишкендиктен, улам кийинки текшерүүлөрдө эч иш-аракет жасабай калышкан. Бирок ал экинчи топтогулардын арасында да ындынын өчүрбөгөндөр, оң маанайын жоготпогондор болгон.

Бул тажрыйбалардын айрымын иштеп чыгууга катышкан Мартин Селигман көп жылдар бою оң жана терс маанайды изилдөө менен иришкен. Ал өзүлөрүн эч нерсеге жараксыз деп эсептөөгө жакын адамдардын ой жүгүртүүсүн терең изилдеген. Натыйжада, терс маанайдын адамга көптөгөн иш-аракеттерди жасоого жолтоо болуп, ал эмес кадимки, жөнөкөй иштерди да аткарууга батынбай калышына алып келиши мүмкүн экенин байкаган. Селигман терс маанайдын таасири тууралуу мындай корутунду чыгарат: «Жыйырма беш жылдык изилдөөнүн аркасында буга көзүм жетти: эгер биз, терс маанайдагыларга окшоп, эмне иш жасабайлы, жакшы натыйжага жетпейбиз деп ойлоого көнүп калсак, чынында эле, көп ийгиликке жетпейбиз, ал эми антип ойлобосок, катаны кыйла аз кетирмекпиз».

Мындай ой-тыянактар да кээлерге жаңы ачылыштай көрүнөттүр, бирок бул жөнүндө Ыйык Китепти изилдегендер эчак эле билишет. «Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз болуп чыксаң, анда сенин күчүң аз»,— делген накыл сөздө (Накыл сөздөр 24:10). Ооба, Ыйык Китеп терс ойлор адамды алсыратып, иш-аракет жасоого бөгөт болорун айкын түшүндүрөт. Анда силер терс маанай менен күрөшүп, оң маанайда, оң көзкарашта болуп, жакшылыктан үмүт үзбөө үчүн эмне кылсаңар болот?

[4-беттеги сүрөт]

Үмүттүн үзүрү чоң.