Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Терс маанайды жеңүүгө болот

Терс маанайды жеңүүгө болот

Терс маанайды жеңүүгө болот

КАЙСЫ бир ишиңер оңунан чыкпай калганда өзүңөрдү кандай сезесиңер? Көптөгөн адистер адамдын ушул суроого берген жообунан анын оң же терс маанайда болууга жакын экенин аныктоого болот деп эсептешет. Азап-мүшкүл деген эмне экенин баарыбыз эле билебиз, болгону, бирибиз — аны көп, бирибиз салыштырмалуу аз тартканбыз. Эмне үчүн айрымдар жашоодогу кыйынчылыктарды көтөрүп, алдыга карай умтулса, башкалары салыштырмалуу кичине кыйынчылыкка туш болгондо эле ындыны өчөт?

Мисалы, жумуш издеп жүрөсүңөр дейли. Эгер бир жерге орношкону барып, кароо-сынактан өтпөй калсаңар, өзүңөрдү кандай сезмексиңер? Аны жүрөгүңөргө жакын кабыл алып, тоодой кыйынчылык көрүп, «мага окшогонду ким жумушка алсын», «мага жумуш чыкмак беле» деп өзүңөрдү күнөөлөй баштайсыңарбы? Же, андан да жаманы, ошентип бир жолу жолуңар болбой калса, жашооңордо эч жакшылык калбагансып, «колуман бир жакшы иш келбейт», «эч кимге керегим жок» деген сыяктуу ойлорго алдырасыңарбы? Мындай ойлор терс маанайды чагылдырат.

Терс маанай менен күрөшүү

Терс маанай менен кантип күрөшүүгө болот? Анын биринчи жана эң маанилүү жолу — терс ойлорду аныктай билүүгө үйрөнүү. Экинчиси — алар менен күрөшүү. Жагдайга башкача көзкараш менен кароого аракет кылып көргүлө. Мисалы, чынында эле жумушка «силерге окшогонду» алгысы келишпегендиктен алган жокпу? Балким, жумуш берүүчү квалификациясы башка адамды издеп жаткандыр?

Жагдайды туура таразалоо менен терс ойлордун пайда болушуна бөгөт коюуга болот. Жумушка бир жолу кабыл алынбай калганыңар колуңардан эч кандай жакшы иш келбээрин билдиреби? Жашооңордун башка жактарын эстеп көргүлөчү, мисалы, рухий жактан ийгиликтерди жасап жаткандырсыңар, үй-бүлөңөрдөгүлөр, досторуңар менен мамилеңер жакшыдыр. Өзүңөрдүн болуп өткөндөргө өтө маани бере берериңерди байкасаңар, ал мүнөзүңөрдү жоюуга тырышкыла. Анын үстүнө, эч качан жумуш таба албасыңарды кайдан билесиңер? Терс маанайды жеңүүнүн дагы башка жолдору бар.

Туура ой жүгүртүү жана алдыга максат коюу

Акыркы жылдары изилдөөчүлөр үмүт тууралуу кызыктуу, ошол эле учурда, кыйла тар түшүнүккө келишти. Алардын айтымында, үмүт — адамдын көздөгөн максаттарыма жетем деген ишенимдүүлүгү. Мындай аныктама бир катар жагдайларда туура, а бирок, кийинки макаладан көрүнө тургандай, үмүт деген максатка жетүүдөн да көптү билдирет. Ушул тууралуу ой жүгүртүү менен алдыга максат коё билүү жөндөмдүүлүгүн өрчүтүүгө болот.

Максаттарыбызга жетерибизге шектенбешибиз үчүн, туура максат коюуга жана аларга жетүүгө үйрөнүшүбүз керек. Ан үчүн көздөгөн максаттарыбыз тууралуу ойлонуп көрсөк болот. Эң алды, деги эле умтулган максатыбыз бар же жогун аныктап алышыбыз зарыл. Күнүмдүк түйшүк, көр оокат менен алышып жүрүп, жашоодо чындап жеткибиз келген маанилүү нерселерден алыстап кетүү оңой. Маанилүү нерсени аныктай билүүнүн зарылдыгы Ыйык Китепте да: «Эң жакшысын ажырата билип...» — деп эчак белгиленген (Филипиликтерге 1:10).

Бардыгы өз-өз ордуна коюлса, жашоонун ар кайсы — үй-бүлөлүк жана рухий — тармактарында биринчи кезекте эмнелерге умтулуу керектигин аныктоо жеңилирээк. Анткен менен алдыга өтө көп максат коюу орунсуздур, ошон үчүн бирден, жетүүгө оңойлорун тандаган жакшы. Эгер көздөгөнүбүз оңой-олтоң максаттардан эмес болсо, ындыныбыз өчүп, кыйналып, багынып беришибиз ыктымал. Ошондуктан көп учурда чоң, жетүүгө көп убакыт талап кылган максаттан баштабай, аны чакан убакыт аралыгында жетүүгө мүмкүн болгон кичине максаттарга бөлүп алган дурус.

«Жакшы тилек — жарым ырыс»,— демекчи, негизги максаттарыбызды аныктап алган соң, аларды жүзөгө ашырыш үчүн, эрк, тагыраак айтканда, каалоо жана чечкиндүүлүк талап кылынат. Максатыбыздын канчалык маанилүү экенин, аларга жеткенде кандай натыйжа чыгарын ойлосок, белди бек бууп, чечкиндүү болобуз. Албетте, алдыдан ар кандай тоскоолдуктар чыгат, бирок аларды жеңилбес эмес, жеңе ала турган маселе катары кара.

Ошондой эле максатыбызга жетүүнүн иш жүзүндө колдонорлук ыкмаларын да ойлошубуз керек. Үмүттүн баалуулугуна байланыштуу кеңири изилдөө жүргүзгөн Рик Снайдер максатка жетүүнүн бир нече жолун ойлонуштуруп алууну кеңеш кылат. Ошондо бир ыкмасы жарабай калса, экинчисине, анысы жарабаса, үчүнчүсүнө... өтүүгө болот.

Снайдер максатты алмаштыра билүүгө үйрөнүүнү да кеңеш кылат. Эгер кайсы бир максатыбызга жете албасыбыз айкын болсо, ага макул болгубуз келбей, кежирлене берсек, көңүл чөгүүдөн башка эч нерсеге жетпейбиз. А эгер аны ишке аша турганына алмаштырсак, үмүттөнүүгө негиз пайда болот.

Ыйык Китепте муну ырастаган жакшы мисал бар. Дөөт падыша Жахаба Кудайга ийбадаткана кургусу келген. Бирок Кудай ал артыкчылык анын уулу Сулайманга берилерин айтат. Окуя өзү күткөндөй болуп чыкпаган соң, Дөөт чөгүп кетпестен же кежирленбестен, максатын өзгөртүп, күчүн келечекте баласы курулушка керектей турган каражаттарды жана курулуш материалдарын даярдоого жумшаган (1 Падышалар 8:17—19; 1 Жылнаама 29:3—7).

Терс маанай менен күрөшүп, оң көзкараш өрчүтүп, алдыга максат койсок да, үмүттүн жетишсиздигин сезишибиз мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени азыркы дүйнөдөгү үмүтсүздүк сезими көбүнчө бизден көзкарандысыз себептерге байланыштуу. Адамзатты туш тараптан кыйнап жаткан жакырчылык, согуш, кылмышкерлик, оору жана өлүм сыяктуу көптөгөн көйгөйлөрдү көрүп туруп канткенде оң маанай сактай алабыз?

[7-беттеги сүрөт]

Жумушка бир жолу алынбай калышың экинчи жумуш таппасыңды билдиреби?

[8-беттеги сүрөт]

Дөөт падыша максаттарын өзгөртүү менен ийкемдүүлүк көрсөткөн.