Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы үмүттүн булагы кайда?

Чыныгы үмүттүн булагы кайда?

Чыныгы үмүттүн булагы кайда?

СААТЫҢАР сынып калды дейли. Аны оңдоочу жерлер көп болгону менен, арасында начар оңдогондору да бар. Бир күнү жакын жерде дал ошол сааттын түрүн чыгарган киши жашаарын, анын үстүнө, бекер оңдоп берүүгө даяр экенин угасыңар. Жардам сурап кимге кайрыларыңар айтпаса да түшүнүктүү.

Эми үмүттөнүү жөндөмүңөрдү ошол саатка салыштыралы. Азыркы коогалаңдуу дүйнөдө жакшыдан эчак күдөр үзгөндөр көп. Эгер алардын арасында силер да болсоңор, кимден жардам сурайт элеңер? Кыйынчылык-көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беребиз дегендер аз эмес, бирок алардын кеңештери бири-бирине карама-каршы келип, адамды кайра адаштырышы ыктымал. Ошондуктан адамзатты үмүттөнүү жөндөмү менен жараткан Кудайдын өзүнө кайрылуу жакшы эмеспи? Ыйык Китепте анын «ар бирибизге жакын» жана жардам берүүгө даяр экени айтылат (Элчилер 17:27; 1 Петир 5:7).

Үмүттүн кең мааниси

Азыркы врачтардын, окумуштуулардын жана психологдордун үмүткө берген аныктамасынан Ыйык Китептеги аныктама ары кең, ары терең. «Үмүт» деп которулган сөздөр Ыйык Китеп жазылган тилдерде зарыга күтүү жана жакшы бир окуянын болорунан үмүт үзбөө деген маанилерди туюнтат. Негизи, үмүт, биринчиден, кайсы бир нерсенин же окуянын болушун каалоодон, экинчиден, анын сөзсүз ишке ашарына ишендирген негизден турат. Ыйык Китепте айтылган үмүт куру кыял эмес. Ал ишенимдүү фактылар менен далилдерге негизделет.

Үмүт ушул жагынан ишенимге окшош, себеби ишеним да божомолдоолорго эмес, далилдерге негизделүүгө тийиш (Эврейлерге 11:1). Ошол эле учурда Ыйык Китепте ишеним менен үмүт бири-биринен айырмаланары көрсөтүлөт (1 Корунттуктарга 13:13).

Мисалы, жакын досуңардан бир нерсеге колкабыш кылууну суранганыңарда, анын мүнөзүн — айталы, кайрымдуу, март экенин — жакшы билгендиктен, жардам берерине шектенбейттирсиңер. Андай жагдайда көрсөткөн ишенимиңер менен үмүтүңөр өз ара тыгыз байланышта болсо да, бири-биринен айырмаланат. Кудайга да ошондой үмүт артсак болобу?

Үмүт артуу үчүн негиз

Кудай — чыныгы үмүттүн булагы. Байыркы убактарда Жахабаны «Ысрайылдын үмүтү» дешчү (Жеремия 14:8). Элдеги ар бир бекем үмүт Кудайга байланыштуу болгон. Алар Жахабанын өзүнө үмүт артышкан. Андай үмүт бекем негиздүү болгондуктан, каалоодон да көптү камтыган, себеби бекем негиздүү болгон. Жүздөгөн жылдар бою ысрайыл элинин Кудайы болгон Жахаба көп убада берип, аларды аткарып келген. Ошондуктан Жашыя жолбашчы ысрайыл элине мындай деген: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да бекер калбаганын... билесиңер» (Жашыя 23:14).

Андан бери миңдеген жылдар өтсө да, ошол аткарылган убадалар жөнүндөгү билдирүүлөр күнү бүгүн да ишенимди бекемдейт. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын көп сандаган кереметтүү убадалары жана алардын аткарылганын ырастаган тарыхый билдирүүлөр жазылган. Анын пайгамбарлык убадалары ушунчалык ишенимдүү болгондуктан, кээде алар аткарылып бүткөндөй айтылган.

Ошон үчүн Ыйык Китепти үмүт китеби деп атоого болот. Кудайдын адамдарга кандай мамиле кылып келгенин улам терең изилдеген сайын, ага ого бетер үмүт арткыңар келе берет. Элчи Пабыл: «Буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз»,— деп жазган (Римдиктерге 15:4).

Кудай бизге кандай үмүт берет?

Биз өзгөчө кандай учурларда үмүткө муктаж болобуз? Өлүм менен беттешкенде эмеспи? Көптөр үчүн өлүмдөн, мисалы, жакын адамынын каза болушунан өткөн үмүтсүздүк жок. Ооба, үмүтсүздүк сезими дал ошо маалда күчтүү болот. Өлүм ар бирибизди бучкактап кууп келет. Токтотсок, аны бир аз убакытка гана токтото алаттырбыз, бирок андан качып кутулууга кудуретибиз жетпейт. Ошон үчүн Ыйык Китепте өлүм «акыркы душман» деп таамай айтылган (1 Корунттуктарга 15:26).

Өлүм менен беттешкенде күдөр үзбөөгө эмне жардам берет? Өлүм акыркы душман делген ыйык китептик аятта анын жок болору да айтылат. Жахаба Кудай өлүмдөн күчтүү экенин түрдүү жагдайларда далилдеген. Кантип? Өлгөндөрдү тирилтип. Ыйык Китепте өлгөн адамдардын Кудайдын кудурети менен тирилгендиги тууралуу тогуз окуя айтылат.

Уулу Ыйсага өлгөнүнө төрт күн болгон досу Лазарды тирилтиш үчүн Жахабанын күч бериши өзгөчө көңүл бурарлык. Ыйса ал кереметти жашыруун эмес, ачык жасаган. Ага көптөр күбө болушкан (Жакан 11:38—48, 53; 12:9, 10).

Балким, силер: «Баары бир алар кайра картайып, өлмөк да, тирилтүүнүн эмне кереги бар эле?» — деп ойлойттурсуңар. Алардын өлгөнү чын, бирок ушу сыяктуу окуялардын аркасында биз жакындарыбыздын кайрадан жашашын каалап эле тим болбой, тирилерине негиздүү түрдө ишене алабыз. Башкача айтканда, биз чыныгы үмүткө ээбиз.

Ыйса: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деген (Жакан 11:25). Келечекте Жахаба ага бүткүл дүйнө жүзү боюнча адамдарды тирилтүүгө күч берет. Ыйса: «Мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деген (Жакан 5:28, 29). Мүрзөлөрдө уктап жаткандардын баары келечекте жер үстүндөгү бейишке тирилишет.

Ышайа пайгамбар тирилүүнү мындайча сүрөттөгөн: «Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат! Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла! Анткени Сенин шүүдүрүмүң — өсүмдүк шүүдүрүмү. Жер өлгөндөрдү бүркөт» (Ышайа 26:19).

Бул айтылгандар жубатарлык кабар эмеспи? Өлгөндөр биз элестете алгандан да коопсуз абалда. Эненин жатынында коопсуз жаткан перзент сыяктуу, мүрзөдө жаткандар Кудурети күчтүү Кудайдын чексиз эс-тутумунда сакталуу (Лука 20:37, 38). Жакында алардын бактылуу жашоого кайтып келгенине, көптөн күтүп жүргөн баласынын төрөлгөнүнө сүйүнгөн мээримдүү, камкор үй-бүлө сыңары, адамзат коому абдан сүйүнөт! Демек, үмүтүбүздү өлүм да өчүрө албайт.

Үмүттүн пайдасы

Пабыл үмүттүн баалуулугун баса көрсөтүш үчүн, аны маанилүү рухий жабдыкка салыштырып «туулга» деп атаган (1 Тесалоникалыктарга 5:8). Эмне үчүн? Анткени байыркы убактарда майданга бараткан жоокер көбүнчө кийиз же булгаары топунун үстүнөн темир туулга кийчү. Ошондуктан башына бир нерсе тийсе, чоң зыян тартчу эмес. Пабыл муну менен эмне дегиси келген? Туулга башты коргогондой эле, үмүт акылды коргойт. Эгер Кудайдын ой-ниетине шайкеш келген үмүтүңөр бекем болсо, кандай кыйынчылыктар менен беттешпегиле, коркуп, дүрбөлөңгө түшүп, көңүлүңөр чөкпөйт, акыл-оюңардын бейкуттугу бузулбайт. Андай туулганы кийүүдөн кимибиз баш тартат элек?

Пабыл үмүттүн Кудайдын эрки менен кандай байланышы бар экенин көрсөтүш үчүн дагы бир мисал келтирген. «Үмүт биздин жаныбыз үчүн кеменин оор кайырмак темириндей бекем жана ишенимдүү»,— деп жазган ал (Эврейлерге 6:19). Деңиз кырсыгына көп кабылгандыктан ал оор «кайырмак темирдин» же кемеказыктын канчалык маанилүү экенин жакшы билген. Бороон-чапкын болгондо кемедегилер кемеказыкты сууга түшүрүшчү. Эгер ал деңиздин түбүнө жетип, бекем орносо, кеменин жээкке айдалып барып, таштарга урунуп кыйрашына жол бермек эмес.

Ошол сыяктуу эле, Кудайдын убадалары биз үчүн «бекем жана ишенимдүү» болсо, азыркы «бороон-чапкындуу» кезеңде үмүтүбүздү жоготпой туруштук бере алабыз. Жахабанын убадасы боюнча, жакында адамзат согуш-жаңжал, кайгы-капа, кылмышкерлик сыяктуу көйгөйлөрдөн, ал түгүл өлүмдөн арылат. (10-беттеги кутучаны карагыла.) Ушул үмүт бизге «бороондуу» маалдарда кемеказыктай жардам берет, ошон үчүн Кудайдын жол-жоболоруна жараша жашап, дүйнөдөгү башаламандыкка, адепсиздик рухуна жеңдирбейбиз.

Жахаба Кудай берген үмүттөн силер да жекече пайда ала аласыңар. Ал өзүнүн ой-ниетине төп келген шартта жашашыңарды каалайт. Кудай «бардык адамдарды куткарылсын» дейт. Куткарылыш үчүн, баарыдан мурда, «чындыкты таанып билүү» зарыл (1 Тиметейге 2:4). Биз силерди Кудайдын Сөзүнөн өмүр үчүн мааниси зор билим алууга чакырабыз. Кудай берген үмүт азыркы дүйнө сунуш кылган кандай үмүттөн болсун алда канча маанилүү.

Андай үмүткө ээ болсоңор, эч качан үмүтсүздүк сезими кыйнабайт. Кудай өзүнүн ой-ниетине шайкеш келген максаттарыңардын баарына жетүүгө керектүү күч-кайрат берет (2 Корунттуктарга 4:7; Филипиликтерге 4:13). Ал үмүткө силер да ээ болгуңар келеби? Анда эч күмөн санабагыла: сөзсүз ээ болосуңар!

[10-беттеги кутуча/сүрөт]

Үмүттөнүүгө негиз берген себептер

Жазмадагы төмөнкү ойлор менен үмүтүңөрдү бекемдей аласыңар:

▪ Кудай бактылуу келечек убадалайт.

Анын Сөзүндө жер бети бүтүндөй бейишке айланып, анда бактылуу, ынтымактуу адамзат отурукташары айтылат (Забур 36:11, 29; Ышайа 25:8; Аян 21:3, 4).

Кудай калп айтпайт.

Ал жалгандыктын бардык түрүн жек көрөт. Жахаба чексиз ыйык, таза, ошондуктан калп айтышы мүмкүн эмес (Накыл сөздөр 6:16—19; Ышайа 6:2, 3; Титке 1:2; Эврейлерге 6:18).

Кудай зор күч-кубатка ээ.

Жалгыз гана Жахаба кудурети күчтүү. Ага убадаларын аткарууга Ааламда эч нерсе тоскоолдук кыла албайт (Чыгуу 15:11; Ышайа 40:25, 26).

Кудай силердин түбөлүк жашашыңарды каалайт.

(Жакан 3:16; 1 Тиметейге 2:3, 4).

Кудай бизден үмүт үзбөйт.

Ал кемчилик-каталарыбызга эмес, жакшы сапаттарыбызга жана жасап жаткан аракеттерибизге көңүл бурат (Забур 102:12—14; 129:3; Эврейлерге 6:10). Ал биздин туура чечим кабыл алып, туура иш жасарыбызга үмүттөнөт жана анын ишенимин актаганыбызда — сүйүнөт (Накыл сөздөр 27:11).

Кудай анын ой-ниетине ылайык келген максаттарыбызга жетүүгө жардам берүүнү убадалайт.

Кудайдын кызматчылары эч качан жардамсыз калышпайт. Бизге жардам бериш үчүн ал ыйык рухун, эң кубаттуу күчүн, марттык менен берет (Филипиликтерге 4:13).

Кудайга үмүт арткандар эч качан өкүттө калышпайт.

Кудай толук таянууга жана ишенүүгө татыктуу, ага арткан ишенимиң эч качан акталбай калбайт (Забур 24:3).

[12-беттеги сүрөт]

Туулга башты коргогондой, үмүт акылды коргойт.

[12-беттеги сүрөт]

Кемеказык сыңары, бекем үмүт «бороондуу» маалдарда жардам берет.

[Булак]

Courtesy René Seindal/Su concessione del Museo Archeologico Regionale A. Salinas di Palermo