Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бий клубга барса эмне болот?

Бий клубга барса эмне болот?

Жаштардын суроолору:

Бий клубга барса эмне болот?

«Ал жакка көңүл ачканы барчумун» (Шон).

«Ал жакта сонун болчу, чын, жыргал болчу! Бийлей эле бересиң, таң атканча бийлейсиң!» (Эрнест).

АКЫРКЫ жылдары ар кандай бий клубдар көбөйдү. Андай жайлар — көңүл ачкысы келген жаштардын дайымкы барып жүргөн жери.

Албетте, убакытты көңүлдүү өткөрүүнү кимибиз болсун каалайбыз. Ыйык Китепте айтылгандай, «күлө турган» да, «бийлей турган» да убак бар (Насаатчы 3:4). А бирок бий клубга баруу жакшы көңүл ачууга жатабы? Же аякка барардан мурун жакшылап ойлонуп көрүш керекпи?

«Шапар тебүү»

Адеп-ахлактуулук менен өткөрүлгөн жолугушууларга Кудайдын Сөзүндө тыюу салынбайт, бирок ал «шапар тебүүдөн», башкача айтканда, ээ-жаасыз, адепсиз жыйындардан алыс болууну эскертет (Галаттыктарга 5:19—21). Байыркы убактарда ичкилик ченемсиз ичилген олтуруш-жыйындар көбүнчө жосунсуз кылык-жоруктар менен аяктачу. «Таң заардан күчтүү ичимдик издеп, түн киргенге чейин шарапка кызыгандарга кайгы! — деп жазган Ышайа пайгамбар.— Алардын тойлорунда кыл аспап, арфа, дап, чоор, шарап, ал эми Теңирдин иштерин карашпайт» (Ышайа 5:11, 12).

Андай жыйындарда «күчтүү ичимдик» ичилип, бейжай жүрүм-турумга түрткөн музыка ойноло турган. Шапар тебүү эрте башталып, кеч аяктачу. Ал жакка келгендер өзүлөрүн Кудай жоктой алып жүрүшкөн! Андай жолугушуулар Кудайга жаккан эмес. Ал эми азыркы бий клубдардагы жүрүм-турумдарга ал кандай көзкарашта?

Муну билиш үчүн, айрым көрүнүштөрдү карап көрөлү. Кээде клубдарда крауд-серфинг жана мошинг аттуу түрү бир укмуш бийлерди көрүүгө болот. Бир булактын билдирүүсү боюнча, мошинг «панктардын кыймылы күчүн жогото баштаган кездерде, 80-жылдардын ортолорунда, Америка клубдарынан чыккан. Ал... бийчилер бири-бири менен кагышып бийлеген слэм бийинин негизинде жаралган». Мошингди бийлегендер, адатта, секирип, башын үзүлүп кетчүдөй силкилдетип, чайкап, бири-бири менен сүзүшүп, кагышат. Андайда буту-колдун сынышы — кадимки көрүнүш, баш менен кыр арка сөөгүнүн жабыркашы да жат эмес. Өлүм менен аяктаган учурлар да болот. Крауд-серфинг бийинде «бийчилердин» калың тобу бирөөнү баштарынан өйдө көтөрүп, колдон колго өткөрүп жылдырып отурушат. Кээде жерге кулатып жиберип, адам бир жерин кокустатып алат. Андай бийде кыздардын денесин бузук ниет менен кармалагандар да көп.

Аталган жүрүм-турумдардын Кудайга жакпасы айкын, себеби анын Сөзүндө Ага ишенгендер «дүйнөнүн кумарларын четке кагууга» жана «адеп-ахлактуулук менен... жашоого» үндөлөт (Титке 2:12).

Музыка жана баңгизат

Бий клубдарда кандай музыка коюларына да көңүл буруу маанилүү: айрымдарында сөздөрү адепсиз, үнү кулак тундурган хард-рок же хэви-метал басымдуулук кылса, башкаларында жыныстык мамиле, зордук-зомбулук даңазаланып, козголоңчул рух чагылдырылса да жаштардын жактыруусуна ээ болгон рэп жана хип-хоп стилиндеги музыка коюлат. Анда сага терс таасирдүү чөйрөдө жүрүү, ошол сыяктуу музыка угуу эч кандай таасир тийгизбей коёбу? Түнкү көңүл ачуулар жөнүндөгү макаланын автору Дейвид Холлингуэрт мындай дейт: «Музыка адамдардын аң-сезимине күчтүү таасир этет. Анын натыйжасында көп эл чогулган жерде козголоңчул рух пайда болушу ыктымал». Ошон үчүн АКШнын бир нече шаарларынын бий клубдарында эмнеликтен зордук-зомбулук көрсөтүлгөнү айкын. Көптөрдүн ою боюнча, андай окуяларга күч көрсөтүүгө жана бейадеп жүрүм-турумга үндөгөн музыканын таасири себеп болот *.

Акыркы жылдары бий клубдарда баңгизаттардын сатылышы кадимки көрүнүшкө айланды. Бир изилдөөчүнүн айтымы боюнча, «баңгизаттардын сатылышы, түрү жана колдонулушу... бий клубдардын атагы менен түздөн-түз байланышта». Ал турсун баңгизаттын «бий баңгизаты» деп да аталган түрлөрү бар. Бий клубдардын дайымкы «бийчилери» алардын аралашма түрлөрүн да колдонушат. Адатта, андай аралашмаларга адамдын сезгичтигин бузуп, дем алуусун кыйындатып, нерв системасын жабыркатып, жөөлүткөн кетамин («special К» деп да аталат) кирет. Метамфетамин адамды ачуулантышы, зордук көрсөтүүгө түртүшү ыктымал; кээде ал эстутумга доо кетишине, жүрөктүн ишинин бузулуусуна жана нерв системасынын жабыркашына алып келет. Өзгөчө, амфетаминдин негизинде жасалган «экстази» деген баңгизат кеңири таралган. Ал тынчсыздануу, коркуу сезимин чакырып, жүрөктүн кагуусунун тездешине, дененин температурасынын көтөрүлүшүнө, артериялык кан басымынын жогорулашына алып келиши ыктымал. Ал гана эмес, айрымдарды өлүмгө дуушарланткан.

Баңгизатты кыянат колдонуу Ыйык Китептеги: «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы»,— деген көрсөтмөгө карама-каршы келет (2 Корунттуктарга 7:1). Ошондуктан көпчүлүк баңгизат колдонгон жерге баруу эстүүлүккө жатабы?

«Акылсыз адамдар»

«Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген белгилүү сөздөрдү эстен чыгарбагыла (1 Корунттуктарга 15:33). Бий клубдардан «чыкпаган» жаштардын көбү, байыркы убактарда шапар тепкендер сыяктуу эле, Кудайдын алар тууралуу кандай ойдо экенине кызыгышпайт. Алардын көбүн «Кудайга караганда, ыракатты сүйгөндөр» десек болот (2 Тиметейге 3:4). Ошондой адамдар менен жакын мамиледе болгуң келеби?

Айрымдар, балким, бий клубга ишенимдештер менен барса, коркунуч азыраак болот деп ойлошоттур. А бирок «Ыйсага ишенип... жүрүш-турушу менен... үлгү болгусу» келгендердин ал жакка барары күмөн (1 Тиметейге 4:12). Кудайга ишенген жаштар бий клубга бирге барып, чогуу жүрүшкөн күндө да, андагы зыяндуу чөйрө жана музыка өзгөрүп кетпейт. Алар, айталы, Күбө эмес бирөө бийге чакырса, өзүлөрүн ыңгайсыз сезиши ыктымал. Ал эмес, кээ бир жаштар мушташтын так ортосунда калышкан! Ошон үчүн Ыйык Китептеги: «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген сөздөрдүн калети жок (Накыл сөздөр 13:20).

Адепсиз бийлер

Бийлерди да алып көрөлү. Учурда, өзгөчө, АКШдагы жаштар арасында адаттан өөн, түрү укмуш бийлер таралган. Андай бийлер хип-хоп стилиндеги музыкалар менен коштолуп, адепсиз жүрүм-турумду чагылдырат. Ошондой эле бийдин өзү жыныстык катнашты элестеттиргендиктен, андагы кыймылдарды «кийимчен катнаш» деп аташат.

Кудайга ишенген жаштар андай бийлерди бийлегиси келеби? Жок, себеби алар бузукулук менен «ойноштук кылуудан качууну» талап кылган Кудайдын жактыруусуна ээ болууну каалашат (1 Корунттуктарга 6:18). «Башкалар бийлеп эле жатышпайбы, демек, анын жаман деле жери жок»,— деп ойлойттур айрымдар. Бирок көпчүлүк да жаңылышы мүмкүн (Чыгуу 23:2). Ошондуктан курбу-курдаштарыңдын кысымына каршы туруп, Кудай алдында абийириңди таза сактоо үчүн, чечкиндүү бол! (1 Петир 4:3, 4).

Чечим чыгаруу

Албетте, бий аттуунун баары эле жаман эмес. Ыйык Китепте келишим сандыгы Иерусалимге алып келингенде Дөөт падышанын кубанганынан «болгон күчү менен бийлегени» айтылат (2 Шемуел 6:14). Ыйсанын аңгемесиндеги адашкан уул «үйүнө жакындаганда, ырдап-бийлегендердин үндөрүн уккан» (Лука 15:25).

Жергиликтүү бийлердин кээсин Күбөлөр да бийлешеттир. Ошондо да эстүүлүк менен тең салмактуулук сактоо талап. Бий клубдардан көрө баш-көз болгон бирөө бар, тийиштүү уюштурулган Күбөлөрдүн достук жолугушууларында музыка угуу, бийлөө коопсузураак экени айтпаса да айкын. Андай жолугушууларда жаштар өздөрүнчө бөлүнбөй, бардык курактагы ишенимдештери менен пикир алышууну жакшы көрүшөт.

Албетте, силер жашаган жерде музыкасы менен бийлери түзүк кафе же ресторан бардыр. Ошентсе да ал жакка барардан мурун анын кандай беделге ээ экенин, анда жаштар гана чогулабы, андай болсо, ал чөйрө коопсузбу, кандай музыка коюлат, кандай бий бийленет, ал жакка барышыңа ата-энең каршы эмеспи — ушуларды тактап ал. Бул кесепеттүү натыйжага кабылуудан сакташы ыктымал.

Жогоруда сөздөрү келтирилген Шон туура бүтүмгө келген. Ал чындыкка чейин бий клубдарга көп барчу экен. «Түнкү клубдарда бузуку жүрүм-турум көп. Андагы музыка да, бийлер да барып турган адепсиздикти чагылдырат. Көптөр ал жакка жыныстык мамиледе болууга бирөөнү табыш үчүн гана барышат»,— деп эстейт ал. Шон Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда андай жайларга барууну токтотууну чечкен. Ал өз тажрыйбасынан улам «Кудайга ишенгендердин андай жактарга барбаганы туура экенин» түшүнгөн.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 1999-жыл, 8-октябрь, «Эмне үчүн музыка бизге таасир этет?» (ор.).

[24-беттеги сүрөт]

Бий клубдарга барган жаштардын кээси ыңгайсыз абалга туш болушкан.