Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эмне болуп жатам?»

«Эмне болуп жатам?»

«Эмне болуп жатам?»

«Бир күнү ойгонсом — баары башкача болуп калгандай: өзүм да башкамын, денем да башка» (Сэм).

ӨСПҮРҮМ куракка кандай аныктама берсек болот? Жалпы жонунан айтканда, ал — балалык менен чоң киши болуунун ортосундагы өткөөл маал. Өспүрүм куракта бала денелик жана эмоциялык жактан чоң өзгөрүүлөргө туш болот. Ал гана эмес, анын коомдогу абалы да өзгөрөт. Бир жагынан, ал — абдан кызыктуу курак. Өспүрүм болгонуң — чоң адамдардын «дүйнөсүнө» алып баруучу чыйырга түшкөнүң. Ал куракта жаңы сезимдер пайда болот; алардын айрымдары сени деңдароо кылмак түгүл, сестентиши да мүмкүн.

Анткен менен ал курактан коркуунун кереги жок. Албетте, анын өзүнчө кыйынчылык-көйгөйлөрү болот. Бирок ошол куракты басып өтүү менен жетилген, чоң адам болоруңду түшүн. Андыктан ал маалды кубанычтуу, ийгиликтүү өткөрүшүң үчүн, өспүрүмдөрдүн көбүнчө кандай кыйынчылыктарга туш болорун карап көрөлү.

Жыныстык жактан жетилүү

Өспүрүм кезиңде денеңде келечекте ата же эне болууга даярдаган өзгөрүүлөр жүрөт. Ал жыныстык жетилүү деп аталган процесс бир нече жылга созулат жана алдыда талкуулана тургандай, жыныстык органдардын жетилүүсүн шарттоо менен гана чектелбейт.

Адатта, кыздар орто эсеп менен алганда — 10—12 жашынан, эркек балдардын көбү 12—14 жашынан жыныстык жактан жетиле баштайт. Бир китепте маалымдалгандай, «ар инсандын жыныстык жетилүүгө байланыштуу өзгөрүүлөрүнүн кайсынысы кайсы убакта башталарын шарттап турган жекече биологиялык „сааты“ бар». «Жетилүүнүн башталган „туура убактысы“ кыйла кенен мөөнөттү камтыйт»,— деп белгиленет ал китепте («The New Teenage Body Book»). Ошондуктан эгер жыныстык жетилүүң сени менен тең балдар-кыздарга караганда кечирээк же эрте башталса, чочулаба.

Ал качан башталбасын, сенин сырткы көрүнүшүңө, сезимдериңе жана айланада болуп жаткандарды талдап-баалоо жөндөмүңө таасир этиши ыктымал. Өмүрдүн ошол кайталангыс маалында болуп өтүүчү кереметтүү, ошол эле учурда татаал өзгөрүүлөрдүн кээсин карап көрөлү.

«Денем эмне болуп жатат?»

Жыныстык жетилүүнүн башталышы менен кыздардын организминде негизинен — эстроген, балдардыкында тестостерон гормондору көбөйө баштайт. Гормондук өзгөрүүлөр дене-бойдо дагы бир катар кереметтүү өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн шарттайт. Жетилип жаткан өспүрүмдүн денеси абдан тез — ымыркайдын өсүш ылдамдыгы менен салыштырарлык ылдамдык менен — өсөт.

Бул маалда жыныс органдары толук калыптанат; бирок ал организмде өзгөрүүлөр жүрүп жатканын далилдеген белгилердин бири гана. Өсүү процесси абдан ургалдуу жүрөт. Эгер бала чагыңда жылына, орто эсеп менен, 5 сантиметр өскөн болсоң, азыр андан эки эсе тез өсөсүң.

Ошол себептүү өзүңдү кандайдыр оңтойсуз, эпсиз сезишиң мүмкүн. Анын таң калыштуу эч нерсеси жок. Себеби денеңдин ар кайсы мүчөсү ар кандай ылдамдыкта, ар башкача өрчүйт. Өзүңдү олдоксон сезгениң ошондон. Бирок бир аз чыдап кой: жүрө-жүрө бардыгы калыбына келип, өспүрүмдүк эпсиздик жоюлуп кетет.

Жыныстык жетилүү кезинде кыздардын айызы келе баштайт. Бул маалда жатындан кан, секреция жана бөлтөк-бөлтөк ткандар бөлүнүп чыгат *. Этек кир келген маалда, адатта, булчуңдар жыйрылып, гормондордун деңгээли төмөндөйт. Андан тышкары, оору менен коштолуп, эмоциялык абалга таасир эткендиктен, ал бир топ азаптуу маал болушу ыктымал. «Күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир жаңы, такыр башкача сезимдерге кабылдым,— дейт азыр 17 жаштагы Тереза.— Көңүлүм бирде ачылса, бирде туталанам, антпейин десем да болбойт. Ооруганычы! Ай сайын ушу!»

Айыздан коркуунун кереги жок, анткени ал — организмиңдин тийиштүү өрчүп жатканын көрсөткөн табигый нерсе. Бара-бара андай маалдар жеңилирээк өтүшү үчүн эмне кылса болорун билип-үйрөнүп кетесиң. Мисалы, айрымдар булчуңдардын жыйрылышынан пайда болгон оору сезимин басаңдатууга дене тарбия көнүгүүлөрүн байма-бай жасап жүрүү жардам берерин байкашкан. Бирок ар адамдын организми ар башка болот. Ошон үчүн сен, тескерисинче, көп кыймылдабасаң өзүңдү жакшы сезишиң мүмкүн. Организмиңдин жекече талаптарына көңүл буруп, ошого жараша иш кылууга үйрөн.

Өспүрүм куракта балдар да, кыздар да сырткы келбетине абдан маани беришет. «Ошол маалдан баштап дайым мени сырткы көрүнүшүм тууралуу башкалардын кандай ойдо экени тынчсыздандыра баштады,— дейт Тереза.— Ушул убакка чейин өзүмө сырткы көрүнүшүм жакпайт. Чачым жакшы жатпайт, кийген кийимим жарашыксыз, кээде чак кийим тандай албай эсим оойт!»

Сени дене-турпатыңа байланыштуу башка да нерселер оңтойсуздантышы ыктымал. Мисалга тер бездерин алалы. Жетилүү маалында ал бездердин иши жогорулай баштайт, ошон үчүн тер күчөйт. Жагымсыз жыттан арылыш үчүн, дайым жуунуп, ичкийимди жана башка кийим-кечекти алмаштырып туруу керек. Андан сырткары, деодорант жана башка тердөөгө каршы каражаттарды колдонууга болот.

Май бездеринин иши да күчөйт. Ал тыгындардын пайда болушуна жана безеткилердин көбөйүшүнө алып келет. «Эми „кычыраш керек“ десем эле — безетки чыгып калат,— деп Анна нааразы.— Ошону эле күтүп тургансып, так кереги жок маалда пайда болот». Безеткиден түйшүк тарткандардын бири — Тереза. «Ошон үчүн мага өңүм суук көрүнгөнсүй берет, уялам,— дейт ал.— Башкалар мени караса, безеткилеримди эле көрүп жаткандай сезиле берет!»

Адатта, эркек балдар да терисине байланыштуу бир топ түйшүк тартат. Чынында, айрым адистер тери ооруларына кыздарга караганда балдар көбүрөөк кабылат деген ойдо. А бирок дене-башын балдар да, кыздар да таза күтүп, денедеги май бездери көп жайгашкан жерлерди: бетин, мойнун, ийинин, көкүрөгүн дайым жууп жүрүшү абзел. Чекенин терисин майлуу көкүл дүүлүктүрбөшү үчүн, башты бат-баттан жууп туруш керек. Андан тышкары, тыгындар, безеткилер менен күрөшүү үчүн атайы каражаттар чыгарылат. «Ата-энем бет тазалаган гель, атайы бетмай тандоого жардам беришти,— дейт Тереза.— Ылгоосуз тамактана бербөөнү кеңеш кылышты. Хот-дог, чипстер жана ар кандай таттуу-паттууларды жебей, суу көп ичкенимде, безеткилерим кетип калат».

Жыныстык жетилүү маалында өспүрүмдөрдүн, көбүнчө эркек балдардын, үнү өзгөрөт. Үн түйүндөрү жооноруп-узарат, ошон үчүн үн коңурлана баштайт. Мисалы, Биллге үнүнүн өзгөрүп кеткени байкалган да эмес. «Үнүмдүн өзгөргөнү өзүмө билинген жок. Болгону, телефон чалгандар үнүмдү апам менен эжемдин үнү менен чаташтырбай калышканын байкадым»,— дейт ал.

Жетилүү маалында айрым балдардын үнү бир туруп ичке, бир туруп жоон болуп алмашыла берет. «Баарынан жаманы ошо болчу,— дейт өзүнүн өспүрүм кезин эстеп Тирон.— Толкунданып же туталанып кеткенде дайым ошентчү. Сезимдеримди башкарууга аябай аракеттенчүмүн — анымдан майнап чыкчу эмес. Бирок бир-эки жылдан кийин өзү эле оңолуп кетти». Эгер сен да ушундан кыйналып жүрсөң, капаланба! Көп өтпөй үнүң жаңыча чыгып, жоон тартат.

«Эмнеге мындай сезимдер пайда боло берет?»

Өспүрүмдөрдө, адатта, ар кандай жүрөк өйүткөн ойлор, кыжаалат сезимдер пайда болот. Балким, бала кезиңдеги досторуң менен араңар алыстап кеткендир. Эч себепсиз эле ошентип калгансыйсыңар. Балким, болгону ортоңордо силерди бириктирип тургудай эч нерсе, эч кандай жалпылык жоктур. Ал түгүл дайым акыл айтып, сени соороткон ата-энең да көзкарашы эски, чоочун адамдардай көрүнө башташы ыктымал.

Айтылган себептерден улам өспүрүм түнт болуп кетиши мүмкүн. «Изилдөөчүлөрдүн кээси жалгыздык сезими балалык кезде да эмес, орто жашап калган кезде да эмес, өспүрүмдүк куракта көбүрөөк жана күчтүүрөөк болот деп божомолдошот»,— деп белгиленген бир энциклопедияда. Сен, балким, башкалар түшүнбөй калат деп, ой-сезимдериңди ичке катууга аракеттенеттирсиң. Же мени менен эч ким достошкусу келбейт деген сыяктуу ойдон улам башкалар менен сүйлөшүүдөн качаттырсың.

Жалгыздык сезиминен кыйналган жаштар көп, бирок андай кыйынчылык чоң адамдарда да болот. Андыктан эч качан эсиңен чыгарба: андай сезимдер убакыттын өтүшү менен жоюлуп кетет *. Өспүрүм кезде дээрлик бардык жактан өзгөрүүлөр жүрөрүн унутпа. Жашоого, башкаларга, ал түгүл өзүңө карата көзкарашың өзгөрүп турат. Ал эмес, күзгүдөн көрүп жаткан элесиңди кээде тааныбай да кетесиң! Балким, сен 17 жаштагы Стивдин айткандарына кошулаттырсың. «Мен „өзүмдү билем“ деп айта албайм, анткени дене-башым, кыял-мүнөзүм өзгөрүлө берет»,— деген ал.

Жалгыздыкты жеңүүнүн натыйжалуу жолу — башкалар менен жуурулушуу. Өзүң курактуулар менен пикирлешүү менен гана чектелбе. Улгайгандардын кимисине барсаң, сүйүнөрүн ойлонуп көр. Алар үй ишин жасашууга муктаж болсо, жардам бере аласыңбы? Ыйык Китеп жаштарды да, улуу адамдарды да башкаларга карата «жүрөгүн кенен ачууга», башкача айтканда, алар менен пикирлешүүгө чакырат (2 Корунттуктарга 6:11—13). Бул кеңешти колдонсоң, жакшы натыйжаларга жетесиң.

Ыйык Китептеги бул ой Кудайга ишенген жаштарга ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берүүчү көп сандаган эң сонун принциптердин бири гана. Эмки макаланы окуганда, Кудайдын Сөзү сенин жашооңо кандай таасир этип, чоң адам болушуңа кандай жардам бере алары жөнүндө ойлонуп көр.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Алгач айыз ай сайын эмес, кечигип же эрте келе бериши мүмкүн. Келген кандын өлчөмү да ар кандай болот. Андыктан мындай өзгөчөлүктөргө көп тынчсызданба. А бирок айыз цикли бир же эки жыл аралыгында калыптанып калбаса, балким, врачка кайрылуу туурадыр.

^ 24-абз. Эгер жалгыздык сезими көпкө кыйнаса же өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндөгү ойлор улам пайда болуп жатса, тезинен жардамга кайрыл. Ал жөнүндө ата-энең же ишенген чоң адамың менен сүйлөш.

[6-беттеги кутуча]

Жеткилең ата-эне жок

«Кичинемде ата-энем мага жеткилең көрүнчү. Ал эми өспүрүм куракка келгенимде алардын, жумшагыраак айтканда, баарын эле биле бербеси көрүнө баштады. Алардын кадимки эле адамдар экенин кабыл алуу мен үчүн кыйынга турду. Өкүнүчтүүсү, ошонун айынан алардын ой жүгүртүүсүнүн, чечимдеринин тууралыгына шектене берчү болдум. Анымдын азабын бир топ тарткандан кийин гана аларды кайрадан сыйлай баштадым. Анткени кынтыксыз жеткилең болуп калышпаса да, алардын айткандары көбүнесе туура чыгарын көрдүм. Анын үстүнө, жаңылышкан күндө деле алар — менин ата-энем. Азыр акырындык менен арабызда жакын, достук мамиле өрчүп баратат; менимче, ата-эне менен балдардын ортосунда дал ушундай мамиле болууга тийиш» (Тереза, 17 жаш).

[7-беттеги сүрөт]

Көп жаштар улгайгандардын арасынан жакшы дос табышат.