Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пайдасы көп оюнчуктар

Пайдасы көп оюнчуктар

Пайдасы көп оюнчуктар

«Балама кандай оюнчук сатып берсем? Канча турат болду экен?» Балалуу болсоңор, ушул суроолорду өзүңөргө нечен ирет берген чыгарсыңар. Бирок биз көп кабатыр болуунун зарылдыгы жок дээр элек: жакшы оюнчуктар сөзсүз эле кымбат турбайт.

«Балдар жөн гана карап олтургандан көрө, катышып, изилденип-ойлонууга шарт түзгөн оюндардан көбүрөөк пайда алышат. Ошон үчүн батарейка менен иштесе да, балдардын колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектеген „жаңы“ машинелер менен сүйлөй алган куурчактардан көрө аларды ойлонтуп, изденткен жөнөкөй оюнчуктар өйдө»,— деп айтылат бир китепте («Motivated Minds—Raising Children to Love Learning»). Айтылуу «жаңы» оюнчуктар «балдарга адегенде кызыктуу көрүнгөнү менен, адатта, бат эле тажатат, анткени алар изденүүгө, изилдөөгө же алардан бирдеме жасоого мүмкүнчүлүк бербейт».

Жашына жараша, балага акыл-эс жагынан өрчүүгө көмөктөшкөн оюнчук кыштар, бош кутулар, сүрөт тартуу куралдары, кагаз, ал түгүл кум-топурак менен суу сыяктуу жөнөкөй «оюнчуктарды» тандап берүүгө болот. «Мисалы, үй айбанаттары өңдүү кичинекей оюнчуктар [балага] аларды түр-түрү менен бөлүп, салыштырып жана ар кандай окуяларды оюнан чыгарып ойноп, сүйлөө жөндөмүн өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берет»,— деп белгиленет жогорудагы китепте. Ошондой эле, анда сунуш кылынгандай, жөнөкөй музыкалык аспап алсаңар болот, бирок анда анча-мынча «каңылдак» угууга даяр болгула: балаңар «күү» чыгарып калышы ажеп эмес.

Балдар бир нерсени бат ойлоп табууга, өздөштүрүүгө жөндөмдүү жана ар кандай аспаптарда ойноону үйрөнүүгө шыктуу келет. Ошон үчүн оюнчуктарды акылдуулук менен тандап, аларга ушул үч тараптан тең өрчүүгө жардам бергибиз келери шексиз.