Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарды Кудайдын үйрөтүүсү боюнча тарбиялоо

Балдарды Кудайдын үйрөтүүсү боюнча тарбиялоо

Ыйык Китептин көзкарашы

Балдарды Кудайдын үйрөтүүсү боюнча тарбиялоо

«Кандай маанай менен түшүндүргөндө балдар эрежелерди бузбайт?»

«Беш жашка чыккан бала бул беш эрежени билип калсын»

«Ар бир бала өрчүтүүгө тийиш беш сапат»

«Өтө эле жумшак экениңерди көрсөткөн беш белги»

«Бир мүнөттө тартипке салып коюу»

ЭГЕР бала тарбиялоо жеңил иштерден болсо, гезиттерге чыккан жогоркудай макалалар кызыгуу туудурмак эмес чыгар. Балдарды тарбиялоого арналган китептер, балким, бара-бара чыкпай да калмактыр. Бала өстүрүү алмустактан оңойго турган эмес. Мындан миңдеген жылдар мурун эле: «Акылсыз уул — атасынын шору, энесинин кайгысы»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 17:25).

Бүгүнкү күндө сансыз кеп-кеңеш берилип жатса да, балдарын кантип тарбиялоону билбей бушайман болгон ата-энелер көп. Бул боюнча Ыйык Китеп кандай жардам берет?

Тарбиялоо деген эмне?

Ыйык Китепте баса көрсөтүлгөндөй, ата-эне балдарын тарбиялоого милдеттүү. Мисалы, Эфестиктерге 6:4тө: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп айтылат. Бул аятта балдарды тарбиялоодо демилгени биринчи кезекте атасы колго алууга тийиш экени белгиленген. Бирок, албетте, ага аялы да жардам этет.

Тарбия тууралуу: «Ыйык Китепте тарбиялоо, бир эсе, үйрөтүү, акыл-насаат айтуу жана билим берүү менен, бир эсе, эскертүү, оңдоп-түзөө жана жазалоо менен тыгыз байланышта. Адатта, бул сөз балдарды тарбиялоого карата колдонулат»,— деп айтылган «Ыйык китептик түшүндүрмө сөздүктө» («The Interpreter’s Dictionary of the Bible»). Ошондуктан тарбиялоо кагып-силкип коюудан көптү камтыйт, ага баланын толук кандуу жетилип-өрчүшү үчүн керектүү болгон тарбия чараларынын баары кирет. Балдарды кыжырдантпоого эмне жардам берет?

Алардын сезимин түшүнгүлө

Балдар эмне үчүн кыжырданат? Сен мүнөзү кырс, чыдамы жок бир киши менен иштейсиң дейли. Ал сүйлөсөң — сөзүңөн, жасасаң ишиңен ар качан кыйкым таап, жумушуңа нааразы боло берсе, сени кыртышы сүйбөгөндөй сезилет сага. Анда жаның кашайып, кыжырданбай коёт белең?

Ата-энеси ар качан кажый берсе же каары менен жазаласа, бала да ошондой сезимде болот. Албетте, кез-кезде баланын тизгинин тартып туруу керек. Ал милдет Ыйык Китепте ата-энеге артылган. Бирок балага одоно, катаал мамиле кылып, аны кыжырданткан ата-эне ага эмоциялык, рухий, атүгүл денелик жактан зыян келтириши мүмкүн.

Балдар көңүл бурууга муктаж

Ата-эне балдарына убакыт бөлүүгө тийиш. Мыйзам 6:7де мындай деп айтылган: «Аларды үйдө отурганда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт». Балдар төрөлгөнүнөн эле ата-энесинин камкордугуна, көңүл буруусуна муктаж. Алар менен күн сайын тынч жагдайда сүйлөшүү ички сезимдерин түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Ошондо ыйык китептик принциптерди алардын жүрөгүнө жеткирүү, чыныгы «Кудайдан коркуп, Анын буйруктарын аткарууга» түрткү берүү оңоюраак болот (Насаатчы 12:13). Бул — Кудайдын үйрөтүүсү менен тарбиялоонун бир бөлүгү.

Балдарды чоңойтууну — үй салууга, ал эми тарбия берүүнү курулушта колдонулчу шаймандардын бирине салыштырсак болот. Эгер ата-эне ал шайманды тийиштүү түрдө колдонсо, балдарына жакшы мүнөз-сапаттарды өрчүтүүгө көмөктөшүп, аларды жашоонун кыйынчылыктары менен күрөшө билүүгө даярдашат. Андай «үй салуунун» натыйжасы Накыл сөздөр 23:24, 25-аяттарда мындайча сүрөттөлгөн: «Адил адамдын атасы сүйүнөт, акылманды төрөгөн ал үчүн кубанат. Атаң кубансын, сени төрөгөн энең сүйүнсүн».

[25-беттеги кутуча]

ЖАХАБАНЫН АКЫЛ-НАСААТЫ

Эфестиктерге 6:4тө Жахабанын «акыл-насааты» туурасында айтылган. «Акыл-насаат» деп которулган грек сөзү айрым Ыйык Китептерде «эскертүү», «кеңеш берүү» жана «ынандыруу» деп берилген. Бул сөздөрдүн баары үй-бүлө Ыйык Китепке үстүртөн көз чаптырып коюудан же Ыйык Китепке негизделген адабияттар менен изилдөө өткөрүп коюудан да көптү жасашы керектигин айкындайт. Ата-эне балдарынын Кудай Сөзүнүн маңыз-маанисин, баш ийүүнүн маанилүүлүгүн жана Жахабанын аларды жакшы көрөрүн, коргоорун түшүнөрүн анык билиши керек.

Ан үчүн эмне талап кылынат? Үч балалуу Жуди Кудайдын принциптерин балдарынын эсине салуу менен гана чектелүүгө болбосун түшүнгөн. «Мен алардын бир нерсени дайым эле окшош кайталай бергенимди жактырбасын байкап, окутуп-үйрөтүүнүн ар кандай жолдорун издей баштадым. Мисалы, „Ойгонгула!“ журналынан белгилүү бир ойлор жаңыча түшүндүрүлгөн макалаларды таап, пайдаланып калдым. Ошентип, керектүү эскертүүлөрдү балдарымды кыжырдантпай айтууга үйрөндүм».

Анжело үй-бүлөсү кыйналып жатканда кыздарын Кудайдын Сөзү жөнүндө ой жүгүртүүгө кантип үйрөткөнүн айтып берет. «Биз Ыйык Китепти чогуу окучубуз,— дейт ал.— Анан окугандарыбыздын кээ бир жерлерин тандап алып, кыздарыма өз жагдайларында кантип колдоно аларын түшүндүрүп берчүмүн. Кийин алар Ыйык Китепти өз алдынча окуганда, анда айтылгандардын өзүлөрүнө кандай тиешеси бар экенин ойлоп терең ой жүгүртүп олтурушканын байкачу болдум».