Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйдүн тазалыгы ар бирибизден көзкаранды

Үйдүн тазалыгы ар бирибизден көзкаранды

Үйдүн тазалыгы ар бирибизден көзкаранды

Мексикадагы кабарчыбыздан

ТЕГЕРЕК-ЧЕТИБИЗ таза болуп турса, кандай жагымдуу! Бирок шаарларда таштандылар көбөйгөндүктөн, айлана-чөйрөнү таза жана тыкан кармоо барган сайын кыйын болуп баратат.

Жергиликтүү бийликтер тарабынан таштандыларды жок кылууга жана көчөлөрдү тазалоого кам көрүлсө да, кээ бир жерлерге кайрадан акыр-чикирлер ыргытылып, көчөлөрдүн көркү кетүүдө. Бул калктын саламаттыгына да коркунуч туудурат. Чогулган таштандылар келемиш, таракандардын жана башка жугуштуу ооруларды ташуучу курт-кумурскалардын көбөйүүсүнө алып келет. Жагдайды жакшыртуу үчүн биз кандайдыр бир чара көрө алабызбы? Ооба, мисалы, үйүбүздү, айлана-тегерегибизди таза жана тыкан кармасак болот.

Тазалыкка карата туура көзкараш

Айрымдар жакыр жашаган адамдар үйүн же тегерегин таза кармай алышпайт деп ойлошот. Бирок сөзсүз эле андай эмес. Албетте, акча-тыйын жетишсиз болсо, тазалыкты сактоо кыйыныраак болушу мүмкүн. Анткен менен бир испан макалында айтылгандай, «жакырдык менен тазалык бири-бирин жерибейт». Ошол эле учурда акча-каражаттын жетиштүүлүгү тазалыкты кепил кылбайт.

Үйдүн ичиндеги жана сыртындагы тазалык, баарынан мурда, көзкарашыбыздан башталат. Андай көзкараш иш-аракетти жаратат. Ошондуктан ар бирибиз үйүбүз менен тегерек-четибизди таза кармоого кандай салым кошо аларыбызды ойлонуп көргөнүбүз абзел.

Тазалыкты сактоо графиги

Эненин үйдөгү жумушу эч качан бүтпөчүдөй сезилет. Ал тамак жасап, балдарды мектепке даярдагандан сырткары, үйдү жана короо-жайды тазалайт. Эне балдарынын бөлмөсүндөгү кир кийимдерин, алардын жеке буюмдарын жыйнап жүргөнүн көп эле көргөн чыгарбыз. Ошондуктан үйдү таза кармоо үчүн үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө өз-өзүнчө жумуш бөлүнүп берилсе, эненин жүгү жеңилдейт.

Кээ бир аялдар үйүндөгү айрым бөлмөлөрдү же кайсы бир буюмдарды күн сайын, ал эми башкаларын жумасына же айына бир жолу гана тазалашат. Айрым жерлерди бир жылда бир эле тазаласа жетиштүү. Мисалы, дүйнө жүзүндөгү бардык Бейтел үйлөрүндө, Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарында, жашаган биртуугандар бөлмөлөрүн, өздүк кампаларын жылына бир жолу толугу менен тазалап чыгышат. Мындай тазалоо маалында алар буюм-теримдерин, кийим-кечелерин иреттеп, кереги жокторунан арылышат. Ошондой эле имараттын дубалдарын да маал-маалы менен жууп-тазалоо караштырылган.

Үйдөгү киринме бөлмө сыяктуу жайларды таза кармоо денсоолук үчүн өтө маанилүү. Андай жайларды күнүгө бир сыйра тазалап туруу талап кылынат. Андан сырткары, жумасына бир жолу кылдаттык менен тазалоо ар кандай бактериялардын көбөйүүсүнө жол бербейт. Айрымдар унитазда тактар кайра эле пайда боло берет, аларды кетирүү мүмкүн эмес деп ойлошоттур. Бирок дааратканаларын жаркыратып таза кармагандар деле бар. Ан үчүн алар дайыма жууп-тазалап турушат, ал эми кээде атайын химиялык каражаттарды колдонушат.

Ашкананы дагы таза кармоо керек. Идиш-аякты, плитаны, ошондой эле таштанды салынуучу идишти күнүгө жууйттурсуңар; плитанын, муздаткычтын аркасын, ошондой эле жуунманын (раковинанын) астын, эң аз дегенде, бир айда бир жолу өтө кылдат тазалоо талап кылынышы мүмкүн. Тамак-аш же идиш коюлуучу шкафтарды да дайым таза кармоо менен ал жерге таракандардын жана башка оору ташуучу курт-кумурскалардын байырлашына жол бербейбиз.

Үй-бүлөдөгү кызматташтык

Кээ бир ата-энелер балдарын мектепке кетер алдында төшөгүн жыйноого, кир кийимдерин тийиштүү жерге коюуга жана жеке буюмдарын иреттеп жүрүүгө көндүрөт. Эгер баары «ар бир нерсенин орду бар жана ар бир нерсе өз ордунда туруш керек» деген эрежеге карманса, натыйжасы жакшы болот.

Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнүн айрымдарына үйдүн кайсы бир жерин тазалоо милдети берилиши мүмкүн. Мисалы, атасы гаражды тыкан кармоону жана жылына бир жолу кылдат тазалоо милдетин өзү аткарышы мүмкүн. Балким, балдарынын бири ага жардам бере алаттыр? Үйдүн алдындагы газондун чөбүн чабууга же короо-жайдагы отоо чөптөрдү тазалоого ким жооптуу? Үйдүн сырты тыкан болушу үчүн, бул иштерди канчалык бат-баттан аткарып туруу керек? Ошондой эле буюм-тайымдар сакталчу кампа-сарайлар жыйнактуу болушу үчүн, аларды иреттөө керек эмеспи? Бул ишти ким жасайт? Кээ бир ата-энелер балдарына ушу сыяктуу иштерди кезектешип аткарууну тапшырышат.

Ошентип, жакшы пландаштыруу үйдү таза кармоого жардам берет. Үйүңдү өзүң жалгыз же үй-бүлөң менен тазалайсыңбы, же бирөөнү жалдайсыңбы, бардыгын жакшылап пландаштыруу зарыл. Үйүн дайым таза жана тыкан кармаган бир эне тазалыкты сактоодо үй-бүлөсү кантип кызматташарын мындайча айтып берет: «Үйдөгү жумуштарды үч кызым менен бөлүшүп алганбыз. Норма Адриана жалпы бөлмөнү, эки уктоо бөлмөсүн, короону жана дарбазанын алдын тазалайт. Ана Хоакина ашкананы жыйнайт. Мен болсо кир жууйм жана башка жумуштарды жасайм. Мария дель Кармен идиштерди жууйт».

Короо-жайдын тыкандыгы

Короо-жай жөнүндө эмне десек болот? Кандай үйдө жашабайлы, заңгыраганбы же жөнөкөйбү, сыртын оңдоп-түздөп туруу, таза кармоо зарыл. Мисалы, дарбазаңдын эшиги бошоп калды дейли. Ал ошо бойдон тура берсе же түшүп калса, кандай жаман көрүнөт. Эшиктин алдында же жол боюнда чачылып жаткан таштандылар да көрк бузат. Ошондой эле консерва калайлары, эмгек куралдары жана башка буюм-тайымдар үйдүн тегерегинде чачылып жатса, ал жерге ар кандай чымын-чиркейлер, курт-кумурскалар үйүлө баштайт.

Кээ бир үй-бүлөлөр күнүгө же жума сайын короо-жайын, атүгүл үйүнүн жанындагы көчөнү дагы тазалоону чечишкен. Айрым өлкөлөрдө айлана-чөйрөнү таза кармоого өкмөт тарабынан атайы чара көрүлөт, ал эми башка жерлерде андай чара караштырылган эмес. Бирок тазалыкты сактоого баарыбыз салым кошсок, жашаган жерибиздин жагымдуу көрүнөрү жана денсоолугубуздун чың болору шексиз.

Кээ бир үй-бүлөлөр үй иштерин бөлүштүрүп алуудан тышкары, тазалоо графигин түзүп, баары көрө алгыдай жерге илип коюшат да, ага карманууга аракеттенишет. Бул жакшы натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Албетте, бул макалада үй-жайды тазалоо тууралуу билишибиз керек болгон нерселердин баары жазылган жок. Мисалы, тазалыкты сактоо үчүн, акчабызга жараша кандай жуугуч каражаттарды жана шаймандарды сатып аларыбызды чечип алышыбыз керек.

Анткен менен, бул жерде берилген кеңештер үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө үйгө жана тегерек-четке кам көрүүнүн маанилүүлүгүн унутпоого жардам берет. Тазалык акча-каражаттан эмес, биздин көзкарашыбыздан, мамилебизден көзкаранды экенин эсибизден чыгарбайлы.

[15-беттеги кутуча]

Үй-жайды тазалоонун графиги

Зарыл болсо, тизмеге кошумчаларды киргизсе болот

Эскертүү: жуучу каражаттарды, өзгөчө, хлор менен аммиакты аралаштырып колдонуу кооптуу.

Күнүгө

Уктоо бөлмөсү: төшөктү жыйнап, бөлмөнү иреттегиле.

Ашкана: идишти жана жуунманы жуугула; үстөлдү сүрткүлө; полду, зарыл болсо, шыпырып же жууп койгула.

Киринме бөлмө: унитазды жана жуунманы жуугула; бөлмөдө иреттүүлүктү сактагыла.

Жалпы жана башка бөлмөлөр: иреттүүлүктү сактагыла; эмеректердин чаңын аарчыгыла, зарыл болсо, полун шыпырып, жуугула же чаңсоргуч менен сордургула.

Үйдүн баары: таштандыларды убагында чыгарып тургула.

Жума сайын

Уктоо бөлмөсү: шейшептер менен жаздык тыштарды алмаштыргыла; зарыл болсо, полун шыпырып, жуугула же чаңсоргуч менен сордургула; эмеректердин чаңын аарчыгыла.

Ашкана: плитаны, үстөлдү жана жуунманы жууп-тазалагыла; полду жуугула.

Киринме бөлмө: дубалдарын, кирингичти (ваннаны) жана башка жабдууларды жууп-тазалагыла; текчелерди жана ушул сыяктуу нерселерди сүртүп, унитазды дезинфекциялагыла; сүлгүнү алмаштыргыла; полду шыпырып, жуугула.

Ай сайын

Киринме бөлмө: дубалдарын кылдат жууп-тазалагыла.

Үйдүн баары: эшик менен кашектерин сүртүп чыккыла; кездеме менен капталган эмеректердин чаңын сордургула же кылдат тазалагыла.

Бак, короо, гараж: шыпырып, иреттеп койгула; таштанды жана кереги жок буюмдардан арылгыла.

Жарым жыл сайын

Уктоо бөлмөсү: керебет жапкычтарын чыгаруучулардын көрсөтмөсүнө ылайык тазалагыла.

Ашкана: муздаткычты эритип, тазалап чыккыла.

Киринме бөлмө: текче-сурмаларды бошотуп, тазалап чыккыла; эскирген, кереги жок нерселерден арылгыла.

Үйдүн баары: жарыктандыруучу чырактардын баарын, желдеткичтерди, разеткалардын, жарыкты өчүргүчтөрдүн жан-жакаларын сүрткүлө; каалгаларды тазалагыла; терезелерди, торчолорун, рамаларын жуугула.

Жыл сайын

Уктоо бөлмөсү: кийим салган шкафтарды бошотуп, тазалагыла; кереги жок нерселерди жок кылгыла; жууркандарды жуугула; төшөнчүлөрдү күүп же чаңсоргуч менен сордургула; жаздыктарды чыгаруучулардын көрсөтмөсүнө ылайык тазалагыла.

Ашкана: идиш коюлуучу шкафтарды сүртүп чыккыла; кереги жок нерселерден арылгыла; муздаткыч менен плитаны жылдырып, астын жуугула.

Үйдүн баары: дубалдарды жуугула; кездеме менен капталган эмеректерди жана терезе пардаларды чыгаруучулардын көрсөтмөсүнө ылайык тазалагыла.

Гараж жана кампа: кылдат шыпырып, тетик-шаймандарды иреттеп, кереги жокторунан арылгыла.

[13-беттеги сүрөт]

«Ар бир нерсенин орду бар жана ар бир нерсе өз ордунда туруш керек».

[13-беттеги сүрөт]

Балким, колдонбогон буюмдардан арылуу керектир?