Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мени жактырып калган кызга кандай мамиле кылганым туура?

Мени жактырып калган кызга кандай мамиле кылганым туура?

Жаштардын суроолору:

Мени жактырып калган кызга кандай мамиле кылганым туура?

«Сюзен мага өзү сөз айтты. Мен каршы болгон жокмун, кайра сүйүндүм» (Жеймс) *.

«Жигит кыздарга кылган мамилесинде чынчыл болбосо, аягы жаман менен бүтүшү мүмкүн» (Роберто).

ЖАКЫНДА эле бир кыз сени менен бир нерсе тууралуу сүйлөшкүсү келип жатканын билдирди. Сен ал кызды билесиң: досторуң менен чогулуп калганда, арасында ал да жүрчү. Өзү жайдары мүнөз, жагымдуу кыз. Бирок андан мындай сөз баштайт деп күткөн эмессиң. Ал сени жактырарын, ага карата кандай сезимде экениңди билгиси келерин айтты.

Сен эркек биринчи сөз айтышы керек деген көзкарашта болсоң, анын кадамын өөн көрүшүң мүмкүн. Ооба, кыздардын сөз айткан учурлары аз болсо да, аны менен ал Ыйык Китептин эч кандай принцибин бузбаганын унутпа *. Ошондо жагдайга туура көзкарашта болосуң.

Бир аз ойлонуп көргөндөн кийин, бирөө менен сүйлөшө баштоо али эрте экенине же ал кыздын сезимине азырынча жооп кайтара албай турганыңа көзүң жетиши ыктымал. Же кызда андай сезимдин өрчүп кеткенине өзүңдү айыптуу сезеттирсиң. Анда кантишиң керек? Баарынан мурда, анын сезимдерин эске ал.

Сезимдерин ойло

Кыздын сөз айтар алдында кандай ой-санаалар менен күрөшкөнүн ойлоп көрчү. Сага жагууну каалап, айтар сөзүн нечен ирет даярдагандыр. Кантип жылмайса жарашыктуу болорун, «жок» деген жооп укса эмне кыларын да далай ойлонгондур. Акыры чымырканып, толкундануусун басып, сага жүрөгүндөгүсүн ачып олтурат.

Эмне үчүн ал баарына кайыл болуп, мындай тобокелге барды? Сени жактырып калгандыктан болсо керек. Же башкалар көп байкабаган жакшы сапаттарыңа баа бергендир. Балким, анын сөздөрүндө жашыруун мактоо бардыр.

Биз мунун баарын сени кандайдыр бир чечим чыгарууга мажбурлаш үчүн эмес, жооп бергенде сылыктык жөнүндө унутпашың үчүн айтып жатабыз. Жюли деген кыз мындай дейт: «Жигит сөз айткан кызды жактырбаган күндө да, кыздын көңүл бурганы ага жагымдуу болушу керек. Ошондуктан ал, жок эле дегенде, оройлонбой, сылык болууга тийиш». Сен дал ушундай жагдайга кабылып, кайсы бир кызга сылыктык менен «жок» деп жооп бермей болдуң дейли.

А бирок ага достошууну каалабасыңды мурун да билдирген болсоңчу? Балким, бул жолу ага катуу, кесе айтып койгуң келип жаткандыр. Андай кылбоого аракеттен. Накыл сөздөр 12:18де: «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат»,— деп айтылган. Анда канткенде «акылдуу адамдардын тилине» ээ болосуң?

Мисалы, ага сезимин ачык билдиргени, сени жогору баалаганы үчүн ыраазы экениңди айтсаң болот. Мамилеңди жаңылыш түшүнүп алышына байкабай себеп берип койгонуң үчүн кечирим сура. Сезимине жооп кайтара албастыгыңды ага так, ачык жана сылык түшүндүр. Эгер түшүнбөсө, дагы тагыраак айт, бирок ошондо да орой сүйлөөдөн кач. Сөз анын назик сезимдери тууралуу жүрүп жаткандыктан, чыдамкайлык көрсөт. Эгер анын ордунда өзүң болсоң, ал түшүнүү, жумшактык менен мамиле кылса, ыраазы болбой коёт белең?

Кээде кыз андай сезимдеринин өрчүп кеткенине сени күнөөлөшү ыктымал. Балким, башкача түшүнүп алууга болорлук кайсы бир иштериңди эсиңе салаттыр. Мисалы, мындай деши мүмкүн: «Баягыда мага гүл бергениң эсиңдеби?» же «Өткөн айда чогуу келатканда айткандарыңчы?» Ошондо сага сөздөрүң менен иштериңди «электен өткөрүп» чыгууга туура келет.

Чындыкка тике кароо

Байыркы убактагы улам бир жаңы жерди каратып алууга умтулган баскынчылар сыңары, айрым жигиттер өзүлөрүнө улам бир кыздын көңүлүн бурдурушат. Аларга кыздардын ашык болушу жагат, бирок үйлөнүүнү ойлошпойт. Кыздардын жактыруусуна амал менен жетип, алардын сезимдери менен ойношот, бирок мойнуна эч кандай милдет алгысы келишпейт. Бир жыйналыш аксакалы мындай дейт: «Кээ бир жаш жигиттердин улам бир кыздын жанында жүргөнүн көрөсүң. Антип аялзатынын сезимдери менен ойногон жакшы болмок беле?» Андай өзүмчүлдүктүн арты эмнеге алып барат?

«Акылынан ажырамыш болуп, оттуу өлүм жебелерин ыргытуу досуна эки жүздүүлүк менен зыян келтирип туруп: „Мен тамашалап эле койдум“,— дегенге барабар» (Накыл сөздөр 26:18, 19). Жигит кыз менен өзүнүн кызыкчылыктары үчүн гана сүйлөшүп жүргөн болсо, акыры баары ачыкка чыгат. Ошондо, албетте, анын калпы кызга катуу тиет.

Бир жигит үйлөнөм деген ою жок эле бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Кызды кымбат ресторандарга чакырчу, кечелерге чогуу барышчу. Жигит ал кыз менен чогуу убакыт өткөрүүнү жакшы көрчү, кыз болсо анын көңүл буруусун жактырып, сүйлөшүп жүрөбүз деп ойлочу. Ал эми жигиттин аны менен жөн гана көңүл ачып жүргөнүн билгенде кыз аябай жаман болгон.

Ал эми кызга өзүң сени ойлоого жана сезимин билдирүүгө байкабай себеп берип койсоң, эмне кылышың керек? Коргонуп, актана берсең — аны катуу таарынтасың. Ыйык Китептеги бул аятка көңүл бурчу: «Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат» (Накыл сөздөр 28:13). Ошондуктан чынчыл бол. Анын сезиминин ойгонушуна өзүң себеп берген болсоң, айыбыңды мойнуңа ал. Эгерде анын сезими менен билип туруп ойноп жүргөн болсоң, чоң жаңылыштык кетиргениңди түшүнөрүңдү айтып, чын жүрөктөн кечирим сура.

Бирок кечирим сурап койсом эле баары жакшы болуп кетет деп ойлобо. Кыз бир канча убакытка сага таарынып жүрүшү мүмкүн. Же бардыгын ата-энесине түшүндүрүп беришиң керек болушу ыктымал. Же дагы башка жагымсыз жагдайлар чыгаттыр. Галатиялыктарга 6:7де: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп айтылган. Ал эми кечирим сурап, айыбыңды мойнуңа алуу менен кыздын жарасынын тезирээк айыгышына жардам бересиң. Болуп өткөндөрдөн сен, эми кандай жагдайга кабылба, мейли, кыздарга кылган мамилеңде болсун, «оозуңду жалган сөздөн сактоого» үйрөнөсүң (Забур 33:14).

Ойлонуп жооп бер

Ал эми ал кыз менен жакшыраак таанышууга каршы эмес болсоңчу? Анда сүйүү жана сүйлөшүү оюн эмес экени эсиңде болсун. Сүйлөшүп жүргөн кезде кыз-жигиттин ортосунда пайда болгон күчтүү сезимдер аларды олуттуу кадам жасоого, баш кошууга, даярдайт. Үйлөнгөндөн кийин болсо ал сезимдер экөөнү аялы-күйөөсү кылып бириктирет. Ушуларды эске алып, эмне кылганың туура?

Ойлонуп чыгып кыздын көп жакшы жактары бар экенин көрөттүрсүң. Анын үстүнө, ал өзү сага жол ачып олтурат. Бирок «чү» дегенде эле сүйлөшүүгө баш-отуң менен кирип кетпе. Кийин өкүнбөгүдөй болушуң үчүн, алдын ала айрым чараларды көр.

Мисалы, ал кызды жакшы билген, тажрыйбалуу адамдар менен сүйлөшүп көрсөң болоттур. Кызга да сени билген бирөө менен сүйлөшүп көрүүнү сунуш кыл. Алардан бири-бириңердин жакшы жагыңарды да, кемчиликтериңерди да сурагыла. Жыйналыш аксакалдарынын да оюн билсеңер болот. Тандаган адамыңдын жыйналышта кандай беделге ээ экенин билип алганың да жакшы.

Сен: «Менин жеке жашоом менен башкалардын эмне иши бар?!» — деп ойлошуң ыктымал. Бирок мындай жеке иштерде да башкалардын оюн билүү акылмандыкка жатат. «Кеңешчилер көп болсо, алар [кандайдыр бир иштер] ишке ашат»,— делет Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 15:22). Албетте, кеңеш берген улуу адамдар сен үчүн чечим чыгарышпайт. Ошентсе да алардын «чын жүрөктөн берген кеңеши» өзүң же ал кыз байкабаган жактарга көңүл бурууга жардам бериши мүмкүн (Накыл сөздөр 27:9).

Айткан сөздөрү макаланын башында келтирилген Жеймс дал ошондой кылган. Ал ата-энесинен бөлөк жашаса да, алар менен Сюзен тууралуу сүйлөшүп көргөн. Ал Сюзенге өзүн жакшы билген кайсы адамдар менен сүйлөшүп көрсө болорун айткан. Сюзен да ошенткен. Экөө бири-бири жөнүндө жакшы ойлорду уккандан кийин, үй-бүлө кура алар-алышпасын билиш үчүн, сүйлөшө башташкан. Силер да сезимиңер өрчүп кете элегинде ушул сыяктуу кадамдарды жасасаңар, ишенимдүүрөөк болуп, кийин туура чечим чыгара аласыңар.

Ошону менен бирге, Жахабага тиленүүнү унутпа. Сүйлөшүү никеге алып баруучу кадам болгондуктан, Кудайдан бири-бириңерге ылайык келер-келбесиңерди түшүнүүгө жардам беришин сура. Андан да маанилүүсү, Кудайдан Аны менен жакындоого шарт түзгөн чечим кабыл алууга жардам сура. Силердин чыныгы бактыңар дал ушундан көзкаранды.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 6-абз. Кыздын жигитке сезимдерин кантип айта алары 2004-жылдын 22-октябрындагы (ор.) жана 22-декабрындагы (ор.) «Ойгонгула!» журналына чыккан «Жаштардын суроолору» рубрикасында каралган.

[17-беттеги сүрөт]

Адамды чындап жактырбасаң, мамилеңди туура эмес түшүнүп алышына себеп бербе.