Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне себептен карыйбыз?

Эмне себептен карыйбыз?

Эмне себептен карыйбыз?

«Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон» (Аюб 14:1).

БАЛКИМ, силер тирүү жандыктардын карышын табигый көрүнүш деп эсептейттирсиңер. Автоунаа менен чаңсоргуч сыяктуу буюмдар деле бир күнү болбосо, бир күнү жарактан чыгып, иштебей калып жатпайбы. Андыктан жаныбарлардын «көрөр күнү» да ошондой деген тыянакка келүү оңойдур. Бирок зоолог Стивен Остад мындай дейт: «Тирүү организмдерди жансыз тетиктерге салыштырууга болбойт. Тирүү организмдердин башкы өзгөчөлүгү — алардын өзүн өзү калыпка келтире алышы».

Чын эле, кандайдыр бир жаракат алганда, дененин өзүн өзү калыбына келтириши — керемет. Бирок анын мезгил-мезгили менен жаңыланып туруу процесси андан да таңыркатат. Мисалы, сөөктөрүбүздү алып көрөлү. «Сыртынан караганда, сөөгүбүз жансыздай көрүнүшү ыктымал. Чынында, ал өмүр бою тынымсыз бузулуп, кайра калыбына келип турган тирүү ткань,— деп түшүндүрүлөт «Сайентифик америкэн» журналында.— Ошондуктан адамдын скелети 10 жыл сайын толугу менен жаңырып турат». Ал эми денебиздин башка бөлүктөрү же органдарыбыз андан батыраак жаңыланат. Айталы, терибиздеги, боорубуздагы жана ичеги-карыныбыздагы айрым клеткалар дээрлик күн сайын алмашылат. Секунд сайын денебизде 25 миллион жаңы клетка пайда болуп, эскилеринин «ордун басат». Минтип денебиздин клеткалары үзгүлтүксүз алмашылып, жаңыланып турбаса, биз бала чагыбызда эле картайып калмакпыз.

Биологдор тирүү клеткаларды молекулалык деңгээлде изилдей баштаганда, организмибиздин өзүн өзү калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгүнө ого бетер таңданышкан. Клеткаларыбыз жаңыланганда, ар бир жаңы клетка ДНКнын (бүтүндөй организмибиздин кайра өрчүшү үчүн зарыл маалыматты алып жүрүүчү молекуланын) көчүрмөсүн камтышы керек. ДНКнын силердин эле денеңерде эмес, силер жашап жаткан маалда гана эмес, тээ эчак, алгачкы адам пайда болгондон бери нечен ирет өзүнүн көчүрмөсүн жасап келгенин ойлоп көргүлөчү! Мунун канчалык кереметтүү экенин түшүнүш үчүн, мындай мисал алып көрөлү. Кайсы бир ишкагаздан ксеркөчүрмө жасадык дейли. Ал көчүрмөдөн дагы бирди, анысынан дагы бирди... Көчүрмөдөн көчүрмө жасаган сайын, кийинкисинин сапаты начарлап олтуруп, аягында окулбай калат. Бактыга жараша, биздин клеткалар тынымсыз жаңырып жатса да, ДНКнын сапаты эч начарлабай, эскирбей келет. Эмне үчүн? Себеби клеткаларыбыз ДНКнын көчүрүү маалында кетирген катасын четтетүүгө жөндөмдүү. Андай болбосо, адамзат эчак эле топуракка айланып кетмек.

Ооба, денебиздин бардык бөлүктөрү: чоң бөлүктөрүнөн кенедей молекулаларына чейин үзгүлтүксүз алмашылып, жаңырып турат. Андыктан карылыкка жалаң гана клеткалардын эскириши же «жарактан чыгуусу» себеп болбоору айкын. Ондогон жылдар бою денебиздин сансыз системалары, органдары ар башка жол менен, ар башка убакыт аралыгында жаңыланып, өзүн өзү калыбына келтирип олтурат. Анан эле алардын баарынын дээрлик бир убакта иш-аракетин токтотуп коюшуна эмне себеп болот?

Карылык программалаштырылганбы?

Кадимки үй мышыгы — эмне үчүн 20 жыл, ал эми аны менен көлөмү бирдей келген баштыкчан келемиш 3 эле жыл жашайт? * Жарганатчы, эмне үчүн ал 20—30 жыл жашайт да, чычкан 3 жыл гана жашайт? Пил ташбака 150 жыл жашаса, пил эмне үчүн 70 эле жыл жашайт? Өмүрдүн узактыгынын мындай айырмасы алардын жеген азыгынан, денесинин салмагынан, мээсинин көлөмүнөн же жашоосунун шартынан көзкаранды эмес. «Британ энциклопедиясында»: «Генетикалык коддо түрдүн өмүр чегин белгилеп койгон маалымат камтылган, ал чекти түр буза албайт»,— деп айтылат. Жашоонун же өмүрдүн узактыгынын чеги генде жазылган. Өмүрдүн акыры жакындаганда дененин бардык функцияларынын алсыздана башташына эмне себеп болот?

«Белгилүү бир убакта клеткаларга кадимки иш-аракетин аткарууну токтотууну буйрук кылган сырдуу „белгилер“ келип түшөт көрүнөт...— деп жазат молекулалык биология тармагынын адиси Жон Медина.— Клеткалардын, демек, бүткүл организмдин картайышына, акыры, өлүшүнө жооптуу гендер бар».

Денебизди ондогон жылдар бою өндүрүмдүү иштеп келген ишканага салыштырууга болот. Күтүүсүздөн эле анын жетекчилери жумушка жаңы кызматчыларды албай, окутуп-үйрөтпөй, бузулган тетиктерди оңдоп-алмаштырбай, имаратты карабай, калыбына келтирбей калат. Көп өтпөй ишкананын иши артка кетет. Иши ийгиликтүү жүрүп турган кезде эмне үчүн жетекчилердин баары бирдей кызматын аткаруудан баш тартты? Карылыкты изилдеген биологдор да ушул өңдүү суроону чечүүгө далалат кылышууда. «Эмне себептен клеткалар бөлүнүүсүн токтотуп, өлө баштайт? Бул карылыкты изилдөөдөгү чечилбеген чие сырлардын бири»,— деп айтылат «Карылыктын мөөнөтү» аттуу китепте («The Clock of Ages»).

Карылыкка каршы даба барбы?

Карылыкты «биологиядагы көйгөйлөрдүн эң татаалы» деп аташат. Ондогон жылдар бою жасалып келаткан изилдөөлөр чеке жылытарлык натыйжа берген жок: илим карылыктын себебин аныктай алган да, ага каршы даба тапкан да жок. 2004-жылы «Сайентифик америкен» журналында карылыкты изилдеген 51 окумуштуу тарабынан кабыл алынган бир токтом жарыяланган. «Бүгүнкү күндө карылык процессин жайлатуучу, токтотуучу же адамды кайра жашартуучу каражат табылган жок»,— деп айтылган ал токтомдо. Туура тамактануу жана денетарбия көнүгүүлөрүн аткаруу денсоолукту чыңдап, кайсы бир оорунун кесепетинен мезгилсиз өлүмгө кабылуу ыктымалдыгын төмөндөтүшү мүмкүн, бирок карылыктын келишин бир да дары-каражат алыстата албайт. Бул Ыйса Машайактын Ыйык Китептеги: «Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?» — дегенин эсибизге салат (Матай 6:27).

Карылыкка каршы дары чыгаруунун жыйынтыгын айтып, сөздөрү жогоруда келтирилген, молекулалык биология тармагынын адиси Медина мындай дейт: «Биз эң маанилүү суроонун — эмне себептен карыйбыз дегендин — жообун билбейбиз... Мындан бир нече он жылдык мурун рак шишигине каршы күрөш жарыялаганыбыз менен, аны жок кыла алган дары али табыла элек. Ал эми карылык процесси ал шишикти пайда кылуучу процесстерден кыйла татаал».

Маанилүү жыйынтык

Тирүү организмдерди жана алардын картаюусун изилдөө окумуштууларды өлбөстүктүн сырын ачуу үмүтүнөн баш тарттырган жок. Айрымдар мындай изилдөөлөрдөн улам карылыктын себебин айкыныраак түшүнүүгө жардам берген маанилүү тыянакка келишти. Мисалы, биохимик Майкл Бихи мындай дейт: «Азыркы биохимия акыркы 40 жыл аралыгында тирүү клетканын сырын чечүүгө мүмкүнчүлүк берди... Клетканы же молекулалык деңгээлдеги тирүү организмдерди изилдөөдөгү биргелешип жасалган иш-аракеттердин жыйынтыгы алардын долбоорлонгонун айкындап турат». Башкача айтканда, бардык тирүү жандыктарды кимдир бирөө долбоорлоп, кереметтүү түрдө жараткан. Албетте, мындай тыянакка келген жалгыз гана Бихи эмес. Байыркы заманда эле адамдын денеси тууралуу ой жүгүрткөн бир адам: «Мен таң каларлык жаратылгам»,— деп жазган (Забур 138:14).

Эми мындай маанилүү суроо туулат: Кудай, Улуу Жараткан, адамдарды жаратканда алардын өмүрүнүн узактыгы жаныбарлардыкындай болушун каалаганбы? Же адамдардын жаныбарлардан узак өмүр сүрүшүн ниет кылганбы?

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Кадимки опоссум — Түндүк Америкада кездешүүчү баштыкчан келемиш.

[4-беттеги сүрөт]

Карылыкка клеткалардын эскириши себеп болобу?

[6-беттеги сүрөт]

Биз «таң каларлык жаратылганбыз

DNA: Photo: www.comstock.com