Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Креол бакчаларынын ажайып кооздугу

Креол бакчаларынын ажайып кооздугу

Креол бакчаларынын ажайып кооздугу

ГВАДЕЛУПАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

АЛАР жайлоонун төрүндөй кооз аралда жашап жатышса да, өзүлөрүн бактылуу сезишкен эмес. Кимдер? XVII кылымдан тартып Кариб аралдарына — Гваделупа менен Мартиникага — күч менен алынып келинген миңдеген африкалык кулдар. Алар өмүрү өткөнчө балкамыш плантацияларында таң заардан кара күүгүмгө чейин жан сабап иштешмек.

Плантациялардын ээлеринин көбү кол алдындагы кулдардын кардын тойгузууга кам көрүшкөн эмес. Андыктан аткарган оор жумушунан сырткары, кулдар өз алдынча жер иштетүүгө аргасыз болушкан. Алар маниок, ямс жана башка каалаган жашылча-жемиштерин тигишчү. Мындай азыктар кожоюндары берген тамак-аштан даамдуу да, кубаттуу да болгон. Өстүргөн өсүмдүктөрүнүн ичинде дары чөптөр менен тамакка кошкон татымалдар да бар эле.

1848-жылы Франциянын бийлиги өзүнүн колонияларына боштондук берет. Эркин жарандарга айланган африкалыктар бакчаларын иштете беришкен. Ушул күнгө чейин Гваделупа менен Мартиниканын тургундары — көбү алгачкы африкалык кулдардын урпактары — бакча өстүрөт. Ал бакчалар креол бакчалары деп аталат.

«Чытырман токойлор»

Адатта, кулдар эки түрдүү бакча өстүрүшкөн. Бирөөнө, үйлөрүнөн четкерээк жайгашканына, жашылча өстүрүшчү. Башкасын жергиликтүү эл жардэн де каз же үй бакчасы деп атап койгон; ал үйлөрүнүн айланасынан орун алган. Дал ошол бакча учурда креол бакчасы катары белгилүү. Мындай миң боёктонгон гүл, чөп-чар, бак-бадал аралаш өскөн бакча өзүнчө дүпүйүп, бир караганда, жай-жапайы чытырман жаш токойду элестетет. Чынында, ал — өсүмдүктөрү чебер саймадай иреттүү отургузулган, мыкты каралган бакча. Арасында кожоюнуна каалаган өсүмдүгүнө кыйналбай жетүүгө мүмкүнчүлүк берген ичке чыйырлар салынган.

Бакчанын атайы конок тосууга ыңгайлаштырылган жери бар. Коноктор алтын түстүү аллеманда, кротон — сүттүү чаар өсүмдүк, пушту-күлгүн гүлдүү бугенвилея жана иксоралардын курчоосунда чер жазып кетишет.

Креол бакчасынын көлөкөлүү жерлерине, адатта, тамдан түшкөн көлөкөгө дары чөптөр, аралдагы элдик медицинада кеңири колдонулган райкан, корица багы, капрария, лавр өңдүү өсүмдүктөр өстүрүлөт. Ал жактан лемонграссты да көрүүгө болот, анын кургак жалбырактарын түтөтүп койсо, чиркей жолобойт.

Жергиликтүү элдин көбү дары чөптөрдү жакшы билет. Өткөн кездерде ооруп же бир жерин жабыркатып алгандар үчүн врачтарга жетүү кыйын болчу. Ошондуктан алар бакчасында өстүргөн чөп-чар менен дарыланышчу. Ал чөптөр ушул күнгө чейин дарылык максатта колдонулат. Бирок өз билгениндей дарылануу кооптуу. Чөптөрдү туура эмес колдонуу оорулууга зыян алып келиши мүмкүн. Азыр чөп менен дарыланар алдында көптөр, адатта, чөптүн сырын жакшы билгендерден кеңеш алат.

Креол бакчасынын басымдуу бөлүгү үйдүн артында жайгашып, ямс, баклажан, жүгөрү, амарант, салат сүт тикени жана башка жашылча-жемиштер, ар кандай татымал чөптөр өстүрүлөт. Бакчада банан пальмасы, авокадо, нан дарагы, манго дарагы да кездешет.

Бакчада сейилдөө

Креол бакчасында сейилдөөгө мүмкүнчүлүгүңөр болсо, ичин жакшылап кыдырып чыккыңар келмектир. Жан-жаныңарда күн нуруна эркелей кулпунган түркүн гүлдөр менен жалбырактар жайнайт. Билинер-билинбес жел жүрүп кетсе, гүлдөрдүн аңкыган жыты каңылжаарды өрдөй чуркайт. Ал жытка кайсы атырдын жыты тең келсин. Бакчаны аралай сейилдеп бир жолу гана бассаң, жан-дүйнөң балкып, тазара түшкөнсүйт. Анда аларды бапестеп өстүрүп, күнүгө арасында жүргөн ээлери кандай ырахат аларын элестеткилечи!

Креол бакчаларын өстүрүү салты дагы канчага сакталат? Аралдын айрым тургундары жаштардын ага кызыкпай калганына тынчсызданат. А бирок көптөр, кары-жаш дебей, маданий мурасы деп эсептеген ал бакчалары менен абдан сыймыктанышат. Бир чети, креол бакчалары африкалык кулдардын, өзүлөрүн чакан «бейиш багы» менен курчап, оор тагдырын аз да болсо жеңилдетүүгө умтулушканын эске салып турат.

[27-беттеги кутуча]

«КРЕОЛ» ДЕГЕН СӨЗДҮН МААНИСИ

«Креол» деген сөз алгач Европадан жер которгон элдердин Жаңы Жерде (АКШ) төрөлгөн балдарына таандык айтылчу. Бирок кийинчерээк ал сөз бир нече маанини берип калган. Гаити аралынын тургундары «креол» деп көбүнчө абдан кооз, баалуу нерселерди айтышчу. Ямайка, Гаити аралдарында жана башка аймактарда тараган айрым тилдерди да креол тилдери деп коюшат. Адатта, креол тили пиджин тилинин негизинде түзүлүп, кайсы бир элдин энетилине айланат.

Кээде «креол» деген сөз Кариб аралдарынын көбүндөгү элдин жашоо-тиричилигинин жана маданиятынын өзгөчөлүгүн мүнөздөйт. Пуэрто-Рико менен Доминикан Республикасында криольо деген тектеш сөз да ошондой мааниде колдонулат. Жүздөгөн жылдардан бери жергиликтүү эл менен африкалыктардын жана европалыктардын аралаш никелеринин натыйжасында чырайлуу балдар төрөлүп, өзгөчө маданий каада-салттар жаралган. Гваделупа жана Мартиника аралдарындагы өстүрүлүп келген креол бакчалары ошол маданияттын бир бөлүгүн түзөт.

[26-беттеги сүрөт]

Сүрөттө (үстүнөн астына): альпиния, калемпир, ананас, какао жана кофе