Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адеп-ахлактын төмөндөшү

Адеп-ахлактын төмөндөшү

Адеп-ахлактын төмөндөшү

АДЕП-АХЛАКТЫН болуп көрбөгөндөй төмөндөшү, силердин оюңар боюнча, качан башталган? Биздин күндөрдөбү же ата-бабаларыбыздын күндөрүндөбү? 1914-жылы тутанган Биринчи дүйнөлүк согуш, айрымдардын байкоосунда, жаңы доорго — адеп-ахлак өзгөчө тебеленген доорго — жол ачты. Тарых профессору Роберт Вол: «Согушту баштан кечиргендер 1914-жылдын августунда бир доор аяктап, экинчи доор башталганын танышпайт»,— деп жазган («The Generation of 1914»).

«Коомдогу ансыз деле төмөндөп келаткан жүрүм-турум адеби ошондо толугу менен кыйроого учураган,— дейт тарыхчы Норман Кантор.— Саясатчылар менен генералдар миллиондогондорду, курмандыкка чалынуучу малдай кылып, кан майданга жиберип жатса, аларды бири-бирине катаал мамиле кылуудан кайсы диний же этикалык эреже токтото алмак?.. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында [1914—1918-жж.] сансыз адам аёосуз кырылгандыктан, адамды өлтүрүү чымынды өлтүргөндөй эле болуп калган».

Өзүнүн эмгегинде англиялык тарыхчы Герберт Уэллс эволюция теориясы кабыл алынгандан кийин «адеп-ахлактын баркы өтө төмөн түшкөнүн» белгилеген («The Outline of History»). Буга айрымдардын адамды жаныбардын жогорку баскычтагы түрү деп эсептеши себеп болгон. Эволюциянын жактоочусу Уэллс 1920-жылы мындай деп жазган: «Алар адамды, Индия тайганы сымал, коомдук жаныбар дешет... ошондуктан адамдар тобунун чоңдору, күчтүүлөрү башкаларын коркутуп, баш ийдирип турушу керек деген ойдо».

Биринчи дүйнөлүк согуш, Норман Кантор белгилегендей, коомдун адеп-ахлактыкка байланыштуу түшүнүгүнө бүлгүн салган. «Мурунку муундун саясый багыты, кийингени жана жыныстык адеби сынга алына баштаган»,— деп түшүндүрөт ал. Диний окууларды эволюция теориясына айырбаштаган чиркөөлөр болсо салгылашып жаткан тараптарды көкүтүшү менен адеп-ахлактын төмөндөшүнүн негизги себепкерлеринен болгон. Ошондуктан британиялык генерал Фрэнк Крожер: «Христиан чиркөөлөрү элдин канын кызытуунун мыкты куралы эле. Андыктан биз аларды максатыбызга жетиш үчүн каалаганыбыздай колдоно алчубуз»,— деп жазган.

Адеп-ахлактын тебелениши

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки он жыл аралыгында мурунку баалуулуктар менен адеп-ахлак нормалары жерилип, эркин жүрүм-турумга алмашылган. Тарыхчы Фредерик Льюис Аллендин айтымында, «согуштан кийинки он жылды адеп-ахлаксыздык менен коштолгон жылдар катары аныктоого болот... Жашоону кызыктуу, маңыздуу кылып турган мурдагы баалуулуктар менен эреже-тартиптер күчүн жоготкон. Ал эми алардын ордун толтурар баалуулуктарды табуу оңойго турган эмес».

1930-жылдары «Улуу депрессия» делип калган экономикалык кризис маалында жакырчылыктын жеткен чегинде жашап жаткандардын ой жүгүртүүсү башкачараак багыт алган. Бирок ошол он жылдыктын аяк ченинде биринчисинен да бүлгүндүү Экинчи дүйнөлүк согуш тутанган. Андан көп узабай дүйнө коркунучтуу кыйратуучу куралдарды чыгарууга өткөн. Ал дүйнөнү экономикалык кризистен чыгарганы менен, дагы башка көйгөйгө барып такайт: эл эртеңкисине коркунуч менен карап калган. Согуш миңдеген шаарларды урандыга айланткан; Жапониянын эки шаары, эки эле атомдук бомба ташталганда, жер менен жексен болуп калган! Концентрациялык лагерлерде миллиондогондордун сөөгү сөпөт болгон. Жалпы жонунан, ошол кезде курман болгон эркек, аял жана балдардын саны 50 миллионго жеткен.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы катаал кырдаалда мурдагы калыптанган жүрүм-турум адебин сактоонун ордуна, эл өзүнө туура көрүнгөн жүрүм-турумга карманып калган. Бир китепте минтип белгиленген: «Жыныстык адептүүлүккө байланыштуу талаптар согуш маалында таптакыр жокко чыгарылып калгандай сезилет. Майданда орун алган жүрүм-турум тылдагыларга да „жуккан“... Убакыттын тардыгы, элдин дүрбөлөңдүү абалы алардын адеп-ахлактуулукка, өмүргө болгон көзкарашына доо кетирген көрүнөт» («Love, Sex and War—Changing Values»).

Өлүм коркунучу менен жашоо көптөрдү, убактылуу болсо да, сооронуч издөөгө түрткөн. Британиялык бир аял ошол оор жылдардагы жыныстык баш-аламандыкты минтип актоого аракеттенген: «Чынында, биз бузулган деле эмеспиз. Баарын кылган — согуш». «Көпчүлүккө адепсиз көрүнсөк көрүнгөндүрбүз,— деген америкалык бир аскер.— Бирок ал кезде биз жаш болчубуз, өмүрүбүз да кылдын учунда турган».

Согуш маалындагы үрөй учурган окуялар аман калгандардын көбүнүн эсинде ташка тамга баскандай сакталып калган. Ушул күнгө чейин айрымдар, ал кезде бала болсо да, ошондогу окуяларды унута алышпайт, кайра кайталанып кетпесе экен деп коркот. Көптөр ишенимин да, адеп-ахлакка байланыштуу түшүнүгүн да жоготкон. Алар эч кимди, эч нерсени ыйык тутпай калгандыктан, жакшы менен жаманга карата бурмаланган көзкарашта болуп, бардыгына кайдыгер карап калышкан.

Адеп-ахлакка жаңыча кароо

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин адамдардын жыныстык жүрүм-турумуна байланыштуу ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган. Ошондой изилдөөлөрдүн бири 1940-жылдары Америкада Кинзи тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыгы 800 беттүү эмгекке жазылган. Ошондон тартып эл мурдатан көпчүлүктүн алдында сүйлөшпөгөн темада — жыныстык мамилелер жөнүндө — ачык сүйлөшө баштаган. Кийинчерээк Кинзинин ал эмгегинде келтирилген гомосексуалисттер менен ар кандай жыныстык бузулууларга баргандардын саны ыксыз көбөйтүлүп коюлган деп табылган. Ошентсе да ал согуштан кийин адеп-ахлактын алда канча төмөндөшүнөн кабар берген.

Бир канча убакка чейин, сыртынан караганда, коомдогу адептүүлүк сакталып эле жаткандай көрүнгөн. Алсак, радио, кинотасма, телекөрсөтүүлөр адептүүлүк жагынан цензурадан, башкача айтканда, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүдөн өтүп турган. Бирок бул көпкө созулган эмес. Кошмо Штаттарынын билим берүү тармагынын мурунку министири Уильям Беннет ал жагдайды минтип түшүндүрөт: «1960-жылдарга жакын Америка мурунку багытынан чукул бурулуп, адеп-ахлактын төмөндөшүнүн кайра кайрылгыс жолуна түшкөн». Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө да байкалган. Эмне үчүн 1960-жылдардан тартып адеп-ахлактык мынчалык төмөндөп кеткен?

Ал жылдары жашагандар аялдардын азаттык кыймылына жана «жаңы адеп-ахлакка» багытталган «маданий төңкөрүшкө» күбө болгон. Анын үстүнө, бойго бүтүрбөөчү натыйжалуу каражаттар чыгарылган. Кошбойлуулук коркунучу азайгандыктан, «бири-бирине эч кандай милдет артпай жыныстык катнашта болуу» же «эркин сүйүү» өөн эсептелбей калган.

Ошол эле учурда массалык маалымат каражаттары адеп-ахлактык нормаларын төмөндөтүп отурган. Кошмо Штаттардын мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мурунку башчысы Збигнев Бжезински телеберүүлөр тууралуу мындай деген: «Алар өз кумарын кандырууну туу тутат, зордук-зомбулук менен зөөкүрдүктү кадимки нерседей көрсөтөт, [жана] жыныстык жактан бузулууга ачыктан-ачык үндөйт».

Ал эми 1970-жылдары видеомагнитофон кеңири колдонула баштаган. Бул көптөргө коомдук жайларда көрүүгө батына албаган адепсиздик, ыпыластык чагылдырылган тасмаларды үйүнөн чыкпай эле көрө берүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошондой эле жакындан бери дүйнө жүзү боюнча компьютер аркылуу Интернеттен порнографиянын жийиркеничтүү түрлөрүн көрүүгө жол ачылды.

Мунун натыйжасы, чынында, сестентет. «Мындан он жыл мурун,— дейт Кошмо Штаттарындагы түрмө көзөмөлчүсү,— түрмөгө түшкөн жаш балдар жакшы менен жаманды бир аз ажыратар эле. Ал эми кийинкилери менин эмнени айтып жатканымды таптакыр түшүнбөгөнсүйт».

Жетекчиликти кайдан табууга болот?

Дүйнөдөгү азыркы диндер адеп-ахлак боюнча ишенимдүү жетекчилик бере албайт. Ыйса пайгамбарга жана анын алгачкы окуучуларына окшоп адеп-ахлак принциптерин жактоонун ордуна, диндер азыркы бузулган дүйнөнүн бир бөлүгү болуп калган. Ошол себептүү: «„Кудай бизди колдойт“,— деп согушпаган тарап деги болду беле?» — деп сураган бир жазуучу. Нью-Йорктогу бир чиркөө кызматчысы мындай деген: «Чиркөөгө мүчө болуу автобуска түшкөндөй эле оңой болуп калды: азыр чиркөөгө келгендерден адеп-ахлак нормаларын сактоо талап кылынбайт деле».

Бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү жагдайдан айкын көрүнүп тургандай, адеп-ахлактын мынчалык төмөндөшү чечкиндүү чара көрүлүшү керектигин далилдейт. Бирок кандай чара, кандай өзгөрүү талап кылынат? Аны ишке ашырууга кимдин күчү жетет жана ким ишке ашырат?

Адеп-ахлактыкпы же баалуулукпу?

Адеп-ахлактын маанисин мурун баары айкын түшүнөр эле. Адам же чынчыл, берилген, адептүү, ыймандуу болгон же андай болгон эмес. Ал эми азыр «адеп-ахлактык» деген сөздү «баалуулук» деген сөз менен алмаштырып калышты. Бирок бул бир кыйынчылык туудурат. Анткени, тарыхчы Гертруд Химмелфарб өзүнүн китебинде белгилегендей, «адеп-ахлактыкты баалуулук менен бирдей дешке болбойт... биз ар бир кишинин өзүнчө адеп-ахлак нормалары бар деп айта албайбыз» («De-Moralization of Society»).

Анын ырастоосу боюнча, баалуулукка «кайсы бир маалда жашаган адамдын, топтун же коомдун баалаган ишеними, көзкарашы, маанайы, сезими, адаттары, жүрүм-турум эрежелери, жактырган же жактырбаган нерселери, атүгүл кулк-мүнөз өзгөчөлүктөрү кириши мүмкүн». Азыркы коом ар кыл тартип-эрежеге жеңил ойлуу карайт. Ошондуктан көптөр өзүн көңүлүнө жаккан баалуулуктарды, дүкөндөн буюм-тайым тандап алгандай, тандап алууга эрктүү сезет. Анда адеп-ахлактык менен ыймандуулуктун чыныгы маңызы кайда калды?

[5-беттеги кыстырма]

«Биринчи дүйнөлүк согуш маалында [1914—1918-жж.] сансыз адам аёосуз кырылгандыктан, адамды өлтүрүү чымынды өлтүргөндөй эле болуп калган»

[7-беттеги сүрөт]

Адеп-ахлаксыз көңүл ачууларды азыр оңой эле табууга болот