Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзгөчө китеп

Өзгөчө китеп

Өзгөчө китеп

«Ыйык Китеп — адамзат тарыхындагы эң эле кеңири таралган китеп». «Уорлд бук» энциклопедиясы.

МЫНДАН 550 жылдан ашуун убакыт мурун Иоганн Гутенберг терүү ыкмасы бар басма станокту ойлоп тапкан. Ал басып чыгарган биринчи көлөмдүү китеп Ыйык Китеп эле *. Ошондон тартып ар кандай темада миңдеген китептер басылып чыккан. Бирок алардын бирин да Ыйык Китепке салыштырууга болбойт.

▪ Учурда Ыйык Китеп толугу менен же жарым-жартылай 4,7 миллиарддан ашуун нускада басылып чыккан. Бул китеп таралышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Мао Цзэдундун китебинен беш эсе көп чыгарылат.

▪ Акыркы бир жылдын ичинде эле Ыйык Китептин же анын бөлүктөрүнүн 50 миллиондон ашуун нускасы таратылган. «Жыл өткөн сайын Ыйык Китеп эң эле кеңири таралган китеп болуп кала берет»,— делет «Нью-Йоркер» журналында.

▪ Ыйык Китеп толугу менен же анын бөлүктөрү 2 400дөн ашуун тилге которулган. Жер шарынын 90дон ашуун пайызы Ыйык Китепти же анын айрым бөлүктөрүн өздөрү түшүнгөн тилде окуй алат.

▪ Ыйык Китептин жарымы баарына таанымал кытай ойчулу Конфуций менен буддизм динин негиздеген Сиддхартха Гаутама төрөлгөнгө чейин эле жазылып бүткөн.

▪ Ыйык Китеп искусствонун өнүгүшүнө салым кошуп, баарына белгилүү болгон сүрөттөрдүн, музыканын жана адабий чыгармалардын жаралышына таасир эткен.

▪ Ыйык Китепке мамлекеттер тарабынан тыюу салынган, диний каршылаштар аны өрттөшкөн, сынчылар анын тууралыгына шек туудурушкан. Тарыхта мындай катуу каршылыктарга бир да китеп дуушар болгон эмес. Ошого карабай ал биздин күндөргө чейин сакталып калган.

Жогоруда келтирилген далилдер Ыйык Китептин өзгөчө китеп экенин көрсөтүп турган жокпу? Албетте, ага ишенүү үчүн жогорудагы далилдер менен сандар аздык кылат. Кийинки макалаларда миллиондогон адамдарды Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуулугуна ынандырган беш себеп каралат.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Гутенбергдин латын тилиндеги Ыйык Китеби 1455-жылы жарык көргөн.

[4-беттеги сүрөт]

Гутенбергдин басма станогу жана анын Ыйык Китебинин бир бети

[Булак]

Press: Courtesy American Bible Society; page: © Image Asset Management/age fotostock