Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп биздин күндөргө чейин кантип сакталган?

Ыйык Китеп биздин күндөргө чейин кантип сакталган?

Ыйык Китеп биздин күндөргө чейин кантип сакталган?

Ыйык Китептин биздин күндөргө чейин дээрлик өзгөрүлбөй сакталышы, чынында эле, керемет. Анткени ал 1 900дөн ашуун жыл мурун жазылып бүткөн. Андан тышкары, ал көпкө сакталбаган папируска (пресстелген тростник) жана пергаментке (иштетилген тери) жазылган. Анын үстүнө, азыр Ыйык Китеп жазылган тилдерди түшүнгөндөр аз. Ошондой эле бийликке ээ кишилер, императорлордон тартып диний жетекчилерге чейин, аны жок кылууга бүт күчү менен аракет кылып келишкен.

БУЛ укмуштуу чыгарма кандайча убакыт сынагына туруштук берип, дүйнөдөгү эң кеңири таралган китеп болуп калган? Келгиле, буга байланыштуу эки гана себепти карап көрөлү.

Көчүрүп жазуунун маанилүүлүгү

Ыйык Китептин алгачкы тексттери ысрайылдыктарга берилген жана алар түпнусканын ошол түрмөктөрүн кылдат сакташкан. Ошондой эле алар түпнусканын көптөгөн көчүрмөлөрүн жасашкан. Ысрайыл падышаларына «ыйык кызмат кылуучу лебилердин китебинен мыйзамдарды көчүрүп алышы» керектиги айтылган (Мыйзам 17:18).

Көптөгөн ысрайылдыктар Жазманы Кудайдын Сөзү катары кабыл алгандыктан аны окуганды жакшы көрүшкөн. Атайын үйрөтүлгөн көчүрмөчүлөр ыйык жазууларды кылдаттык менен көчүрүшкөн. Алардын бири — Кудайдан корккон Эзра аттуу киши, Жахаба Кудай Ысрайылга берген Мусанын мыйзамдарын «көчүргүч болгон» (Эзра 7:6). Масореттер б.з. 6- жана 10-кылымдарында Эврей Жазмаларын же «Байыркы Келишимди» көчүрүүдө ката кетирбөө үчүн тексттин атүгүл ар бир тамгасын санашкан. Ушундай кылдаттыктын натыйжасында Ыйык Китептин тексти, душмандар аны жоготууга канчалаган аракеттерди кылышса да, биздин күндөргө чейин так бойдон сакталган.

Маселен, б.з.ч. 168-жылы Сирия башкаруучусу Антиох IV Палестинадагы Эврей Жазмаларынын бардык көчүрмөсүн жок кылууга аракеттенген. Жүйүттөрдүн тарыхы жөнүндө жазылган бир китепте: «Табылган мыйзам китептеринин бардыгын айрып-тытышкан жана өрттөшкөн»,— деп айтылат. «Эврей энциклопедиясында»: «Чыгарылган буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алууга дайындалган бийлиги бар кишилер өз милдетин абдан так аткарышкан... Ыйык китеби барлар өлүм жазасына тартылган»,— делет. Ошентсе да Палестинадагы жана башка өлкөлөрдөгү эврейлерде Ыйык Жазманын көчүрмөлөрү сакталып калган.

Грек Жазмалары (Жаңы Келишим) жазылып бүткөндөн көп өтпөй эле анын курамына кирген Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган каттардын, пайгамбарлык жана тарыхый китептердин көчүрмөлөрү кеңири тарала баштаган. Мисалы, Жакан өзүнүн Инжилин Эфесте же ага жакын жерде жазган. Бирок адистердин айтымында, ал Инжил жазылганынан 50 жылга жетпеген убакыт өткөндөн кийин жасалган анын көчүрмөсүнүн үзүндүсү Эфестен жүздөгөн километр алыстыкта жайгашкан жерден, Египеттен, табылган. Ал табылга Ыйсанын алыскы аймактардагы алгачкы жолдоочуларында ыйык жазуулардын жазылганынан көп өтпөй эле жасалган көчүрмөлөрү болгонун көрсөтүп турат.

Кеңири таралганынан улам Кудай Сөзү Машайактын убагынан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин да сакталып калган. Маселен, б.з. 303-жылынын 23-февралында Рим императору Диоклетиан эртең менен эрте чиркөөлөрдүн бирине аскерлеринин анын эшиктерин сындырып, Ыйык Жазманын тексттерин өрттөп жатканын өз көзү менен көрүү үчүн барган. Диоклетиан христиандардын ыйык китептерин жок кылуу менен христианчылыкты да жок кылам деп ойлогон. Эртеси күнү ал бүткүл империядагы Ыйык Китептерди чогултуп, аларды эл алдында өрттөөнү буйрук кылган. Анткен менен айрым көчүрмөлөр сакталып калган жана көбөйтүлгөн. Алсак, грек тилиндеги Ыйык Китептин, болжолу, Диоклетиандын буйругунан көп өтпөй эле жасалган эки көчүрмөсүнүн басымдуу бөлүгү биздин күндөргө чейин жеткен. Алардын бири — Римде, экинчиси Лондондогу Британ китепканасында сакталып турат.

Азырынча Ыйык Китептин текстинин бир да түпнускасы табыла элек болсо да, анын миңдеген толук көчүрмөлөрү жана айрым бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү биздин күндөргө чейин сакталган. Алардын айрымдары абдан байыркы колжазмалар. Ыйык Китепти көчүрүп жазуудан улам анын мазмуну өзгөргөнбү? Окумуштуу Уильям Грин Эврей Жазмалары тууралуу: «Башка бир да байыркы чыгарма мынчалык так берилген эмес деп ишенимдүүлүк менен айтууга болот»,— деген. Ыйык китептик колжазмалар боюнча белгилүү адис Фредрик Кеньон Грек Жазмаларына карата мындай деген: «Алгачкы текст жазылган убак менен байыркы колжазмалар жазылган убактын аралыгы ушунчалык кичине болгондуктан, аны эсепке албай койсо деле болот. Эми Жазма түпнускада кандай болсо, бизге ошол бойдон жеткенине карата шектенүүлөрдүн акыркы себеби жоюлду. Жаңы Келишимдин китептери ишенүүгө татыктуу экенине жана өзгөрүлбөгөнүнө байланыштуу суроо чечилди деп эсептесек болот». Ал сөзүн: «Ыйык Китептин тексти, жалпы жонунан, шек туудурбайт деп ишенимдүү түрдө ырастоого болот... Дүйнө жүзүндөгү байыркы китептердин бири жөнүндө да минтип айтууга болбойт»,— деп жыйынтыктаган.

Ыйык Китепти которуу

Ыйык Китеп көптөгөн тилдерге которулгандыктан да дүйнөгө кеңири таралган китеп болуп калган. Бул Кудай ар кайсы тилде сүйлөгөн бардык улуттагы адамдардын Жараткан тууралуу билип, ага «рух менен, чындык боюнча» сыйынышын каалагандыктан анын эркине ылайык келет (Жакан 4:23, 24; Михей 4:2).

Эврей Жазмаларынын биринчи котормосу болуп грек Септуагинтасы эсептелет. Ал Ыйса жерге келгенге чейин, болжолу, 200 жыл мурун жазылып, Палестинадан башка жерлерде жашаган грек тилинде сүйлөгөн эврейлерге арналган. Грек Жазмалары жазылып бүткөнүнөн бир нече кылым өткөндөн кийин эле Ыйык Китеп толугу менен көптөгөн тилдерге которулган. Бирок Ыйык Китепти жалпыга маалым кылышы керек болгон падышалар, ал эмес, ыйык кызмат кылуучулар да кийинчерээк кайра өзүлөрү буга ар кандай жолдор менен бут тосушкан. Алар Кудай Сөзүнүн карапайым элдин тилине которулушуна жол бербей, элди рухий караңгылыкта кармоого аракет кылып келишкен.

Чиркөө менен мамлекеттин саясатына карабай айрым эржүрөк кишилер өмүрүн тобокелге салып, Ыйык Китепти өз эне тилине которо беришкен. Алсак, Оксфорд университетинен билим алган англиялык Уильям Тиндал 1530-жылы Тооратты — Эврей Жазмаларынын алгачкы беш китебин — басып чыгарган. Катуу каршылыктарга карабай ал биринчи болуп Ыйык Китепти эврей тилинен англис тилине которгон. Ошондой эле Тиндал — «Жахаба» деген ысымды, Кудайдын ысмын, колдонгон англиялык котормочулардын биринчиси. Ыйык Китепти испан тилине которгон алгачкы котормочулардын бири испаниялык ыйык китептик окумуштуу Касиодоро де Рейнанын өмүрүнө котормо иши үчүн католиктер тарабынан дайыма коркунуч туулуп турган. Өз эмгегин аягына чыгарыш үчүн ал ар кайсы өлкөлөрдө: Англияда, Германияда, Голландияда, Францияда жана Швейцарияда жашоого аргасыз болгон *.

Учурда Ыйык Китеп барган сайын көптөгөн тилге которулуп, миллиондогон нускада басылууда. Ал биздин күндөргө чейин сакталып, дүйнө жүзүндөгү эң кеңири таралган китеп болуп калды. Бул элчи Петирдин: «Чөп куурайт, гүл соолуйт. Ал эми Теңирдин сөзү түбөлүк калат»,— деп айткандарынын калетсиздигин тастыктап турат (1 Петир 1:24, 25).

[Шилтеме]

^ 14-абз. Рейнанын котормосу 1569-жылы жарык көргөн жана 1602-жылы Сиприано де Валера тарабынан кайра каралган.

[14-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

КАЙСЫ КОТОРМОНУ ОКУУ КЕРЕК?

Көптөгөн тилдерде Ыйык Китептин бир нече котормолору бар. Айрым котормолордо колдонулган тилдер эскирип калган жана түшүнүүгө кыйын. Башкалары болсо эркин баяндоого окшош. Анткени аларды которууда ойду так берүүгө караганда, китептин жеңил окулушуна көбүрөөк көңүл бурулган. Түпнускага дал келген, бирок түзмө-түз которулган котормолор да бар.

Жахабанын Күбөлөрү тарабынан англис тилинде чыгарылган «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» түпнуска жазылган тилдерден аттары аталбаган котормочулар тобу тарабынан которулган. Ошол котормонун негизинде Ыйык Китеп болжол менен 60 тилге которулган. Ал тилдерге которгон котормочулар көпчүлүк учурда түпнуска жазылган тилдеги текстти колдонушкан. «Жаңы дүйнө котормосун» которуудагы негизги максат — түпнусканын маанисин бурмалабай, мүмкүн болушунча түзмө-түз которуу. Котормочулар Ыйык Китеп адамдарга ал жазылган убакта кандай түшүнүктүү болсо, аны азыркы учурдагы окурмандарга да ошондой түшүнүктүү кылууга аракет кылышат.

Айрым тилчилер Ыйык Китептин заманбап котормолорунун, анын ичинде «Жаңы дүйнө котормосунун» тактыгын изилдешкен. Ошондой изилдөөчүлөрдүн бири — Түндүк Аризонадагы (АКШ) университеттин дин боюнча адъюнкт-профессору Жейсон Бедун. Ал 2003-жылы 200 беттен турган эмгегин басып чыгарган. Анда «Ыйык Китептин англис тилинде сүйлөгөн элдин арасында абдан кеңири тараган» тогуз котормосу каралган *. Ал Ыйык Жазманын окумуштуулар ар башка пикирде болгон бир нече үзүндүсүн изилдеген. Жейсон ал үзүндүлөрдү дал ошондой жерлер «так которулбай калышы мүмкүн» болгондуктан тандап алган. Андай жерлердин атайы бурмаланганын аныктоо үчүн ал ошол үзүндүлөрдү изилдөөдө англис тилиндеги ар бир котормону грек тилиндеги текст менен салыштырган. Ошол котормолорго ал кандай баа берген?

Коомдо жана Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын арасындагы «Жаңы дүйнө котормосу» аны которгондордун диний көзкарашы менен гана айырмаланат деген ойго карабай, Жейсон Бедун, чынында, «„Жаңы дүйнө котормосунун“ негизги айырмачылыгы анын түзмө-түз жана абдан кылдаттык менен которулганында» экенин айткан. Ал «Жаңы дүйнө котормосундагы» кээ бир нерселерге кошулбаса да, жалпысынан, аны «каралган котормолордун ичинен абдан так которулганы» деп эсептейт. Бедун аны «эң мыкты котормо» деп атаган.

Эврей окумуштуусу Биньямин Кедар «Жаңы дүйнө котормосу» тууралуу ушу сыяктуу ой айткан. 1989-жылы ал мындай деген: «Бул эмгек аны которгондордун текстти мүмкүн болушунча так берүүгө аракеттенгенин көрсөтүп турат... Мен текстке анда жок кандайдыр бир маалымат кошууга кылынган аракетти бир да жолу байкаган жокмун».

Өзүңөрдөн: «Ыйык Китепти эмне үчүн окуп жатам? Мен үчүн эмне маанилүү: тексттин тактыгынан да анын оңой окулушубу же Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган түпнускадагы ойлордун так берилишиби?» — деп сурап көргүлө (2 Петир 1:20, 21). Тандооңор максатыңардан көзкаранды.

[Шилтеме]

^ 22-абз. «Жаңы дүйнө котормосунан» башка «Жаңы келишимдин кеңейтилген котормосу», «Тирүү Ыйык Китеп», «Жаңы Келишим кайра каралган Америка жаңы Ыйык Китеби», «Америка стандарттуу жаңы Ыйык Китеби», «Эларалык жаңы котормо», «Оңдолгон стандарттуу жаңы котормо», «Заманбап англис тилиндеги Ыйык Китеп» жана «Король Яковдун Ыйык Китеби» изилденген.

[Сүрөт]

«Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» көптөгөн тилдерде чыккан

[12, 13-беттеги сүрөт]

Масореттердин колжазмалары

[13-беттеги сүрөт]

Лука 12:7деги: «... коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар»,— деген сөз жазылган үзүндү

[13-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Foreground page: National Library of Russia, St. Petersburg; second and third: Bibelmuseum, Münster; background: © The Trustees of the Chester Beatty Library, Dublin