Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Уламышпы же чындыкпы?

Уламышпы же чындыкпы?

Уламышпы же чындыкпы?

Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынын аксакалы Тиметей чыныгы Кудайга сыйынууну каалагандарды «уламыштарга жана аягы жок санжыраларга» кулак какпоого үндөгөн (1 Тиметейге 1:3, 4, Баингтондун котормосу). Бул чакырыкка ылайык иш кылуу биз үчүн да зарылбы? Албетте. Анткени Ыйык Китеп жана анын окуулары тууралуу жалган түшүнүктөр адамдарды чыныгы сыйынуудан алыстатат. Төмөндө Ыйык Китеп жөнүндө кеңири таралган айрым уламыштар келтирилди. Аларга карата Ыйык Жазмада эмне делгенине көңүл бурсаңар. Бул силерге чындыкты уламыштан айырмалоого жардам берет.

Уламыш: Ыйык Китепте айтылган кереметтердин болушу мүмкүн эмес.

Чындык: адамзатка Кудайдын жаратуулары жөнүндө көп нерселер маалым. Анткен менен бир да окумуштуу бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүн, атомдун курамына эмнелер кирерин же убакыттын табиятын толугу менен түшүндүрүп бере албайт. Ыйык Китепте бул тууралуу мындай делет: «Кудайды [«Кудайдын терең сырларын», «ЖД»] сен изилдөөң менен таба аласыңбы? Кудуреттүү Кудайды толук түшүнө аласыңбы?» (Аюб 11:7). Айрым окумуштуулар жаратылыш сырларын толугу менен биле албагандыктан, кандайдыр бир нерсенин болушу мүмкүн эмес деп кесе айтуудан качышат.

Уламыш: бардык эле диндер Кудайга жагат.

Чындык: «Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар,— деген Ыйса,— анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат» (Жакан 8:31, 32). Эгер бардык эле диндер Кудайга жага турган болсо, эркиндикке чыгуунун зарылдыгы болот беле? Чынында, Ыйса аз гана адамдын «өмүргө алып баруучу» жолдо баратканын айткан (Матай 7:13, 14).

Уламыш: өлгөн жакшы адамдардын баары асманга барат.

Чындык: «Момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат... Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат... Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт» (Забур 36:11, 29, 34). Асманга Кудайга берилгендигин сактаган 144 000 гана адам барат. Кудай аларга «жер үстүнө падышачылык кылуу» жоопкерчилигин берген (Аян 5:9, 10; 14:1, 4).

Уламыш: «Байыркы Келишим» Ыйсанын жолдоочуларына кереги жок.

Чындык: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу» (2 Тиметейге 3:16, 17). «Буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз» (Римдиктерге 15:4). «Байыркы Келишим», Эврей Жазмалары, Кудай жөнүндө жана анын ой-ниети жөнүндө көп нерселерди ачып берип, «Жаңы Келишимге», Грек Жазмаларына, ишенүүгө негиз берет.

Уламыш: Башталыш китебиндеги билдирүүлөрдүн көбү, анын ичинде Адам менен Обо жөнүндөгү маалымат, ойдон чыгарылган.

Чындык: Луканын Инжили боюнча, Ыйсанын санжырасы Адам атадан башталат (Лука 3:23—38). Эгер Башталыш китебинде жазылгандар уламыш болсо, анда Ыйсанын санжырасы ойдон чыгарылган кишиден башталып, тарыхый инсандын ысмы менен аяктайт беле? Жерге келгенге чейин асманда жашаган Ыйса Башталыш китебинде жазылгандарга, ошондой эле Адам менен Обо жөнүндөгү билдирүүгө бекем ишенген (Матай 19:4—6). Демек, Башталыш китебине карата айтылган мындай уламыштарга ишенүү Ыйсанын да, Ыйык Китептин башка жазуучуларынын да сөздөрүнө шек саноону билдирет (1 Жылнаама 1:1; 1 Корунттуктарга 15:22; Жүйүт 14, 15).