Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эс тутумуңарды жакшырта аласыңар!

Эс тутумуңарды жакшырта аласыңар!

Эс тутумуңарды жакшырта аласыңар!

«Эс тутум биздин жашообузду байытат. Ал жок болсо жашообуз баш аламан болмок; күнүгө эртең менен күзгүдөн алайган көздөрү менен тиктеген чоочун адамды көрүп, таң калмакпыз. Ансыз ар бир күн, жашоодо болгон ар бир окуя биринчи жолу болуп жаткандай сезилмек; өткөн окуялардан эч нерсеге үйрөнө албайт болчубуз, келечектеги жакшы күндөрдү чыдамсыздык менен күтпөйт болчубуз» («MYSTERIES OF THE MIND»).

КЭЭ БИР чымчыктар кышка камданып, өсүмдүк уруктарын ар кайсы жерлерге көмүп коёт да, бир нече айдан кийин каткан жерин кайра таап алат. Тыйын чычкандар да жаңгактарын кайсы жерге көмгөнүн унутпайт. Ал эми биз, адамдар, кээде ачкычыбызды кайсы жерге койгонубузду унутуп калабыз. Чынында эле, көптөрдөн: «Унутчаак болуп калдым»,— деген сөздөрдү көп угуп калабыз. Анткен менен, жеткилең болбосо да, адамдын мээсинин бир нерсени үйрөнүп, эстеп калуу мүмкүнчүлүктөрү чексиз. Болгону, бул жөндөмдүүлүктөрдү мүмкүн болушунча толугу менен колдонуу керек.

Зор мүмкүнчүлүктөр

Адамдын мээсинин салмагы 1,4 килограммдай, ал эми көлөмү чоң алмадай болот. Мээде бири-бири менен нерв жипчелери аркылуу укмуштуудай байланышкан 100 миллиондогон нейрондор же нерв клеткалары бар. Бир эле нейрон жүз миңдеген башка нейрондор менен байланышып турат. Мындай байланыштардын аркасында мээ көптөгөн маалыматтарды иштетип, аларды сактай алат. Албетте, кээде керектүү маалыматты эстей албай кыйналабыз. Бирок айрымдардын билим деңгээли жогору болбосо да, эске тутуу жөндөмдүүлүгү күчтүү болгону таң калтырат.

Мисалга алсак, Батыш Африкадагы «гриот» деп аталган санжырачылар сабатсыз болушса да, өзүлөрүнүн айылдаштарынын бир канча муунга чейинки ата-бабасынын аттарын жатка билишет. Гриоттор Алекс Халлейге, «Тек-тамыр» деген китеби үчүн Пулитцер сыйлыгын алган америкалык жазуучуга, сөөк сүрүштүрүп отуруп, Гамбиядагы ата-бабаларынын алтынчы муунуна чейин аныктоого жардам беришкен. Халлей өзү мындай деген: «Мен Африкадагы гриоттордун алдында өзүмдү өмүр бою карыздар сезем. Чын эле, ал жактагылар айткандай, гриоттордун бирөөсү эле көз жумса, бир чоң китепкананын жер менен жексен болуп кеткендейчелик эле бар экен».

Италиялык дирижёр Артуро Тосканининин эске тутуу жөндөмдүүлүгү да таң калтырат. Ал 19 жашында башка бир дирижёрдун ордуна чыгып, көзү начар көргөнүнө карабай, «Аида» операсын башынан аягына чейин эстеп калганы боюнча дирижёрлук кылганы менен дүйнөгө таанымал болгон.

Ооба, айрымдардын мындай эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө таң калбай койбойсуң. Анткен менен бардыгыбыз өзүбүз ойлогондон да алда канча көп нерсени эстеп калууга жөндөмдүүбүз. Силер да эс тутумуңарды жакшырткыңар келеби?

Эске тутууну кантип жакшыртууга болот?

Эске тутуу өзүнө үч процессти камтыйт: маалыматты белгилөө, аны сактоо жана кайра кайтаруу. Мээбиз түшкөн маалыматты адегенде анализдеп, аны жазат, мындайча айтканда, белгилейт. Анан ал маалыматты кийин кайтарып берүү үчүн сактап коёт. Эгер ал үч процесстин бири эле жакшы иштебесе, адамдын эске тутуусу начарлайт.

Эске тутуунун сенсордук эске тутуу, кыска мезгилге жана узак мезгилге эске тутуу сыяктуу бир канча түрлөрү бар. Сенсордук эске тутуу маалыматты жыт билүү, көрүү жана туюу сыяктуу сезүү органдары аркылуу кабыл алат. Ал эми «жумушчу» эске тутуу деп да айтылган кыска мезгилге эске тутуу анча көп эмес маалыматты кыска убакытка сактайт. Анын аркасында биз сандарды оюбузда эсептей алабыз, телефон номерлерин эстеп калып, дароо кайра чала алабыз, ошондой эле узун сүйлөмдү окуп же угуп жатканда анын аягына жеткиче баш жагын унутуп калбайбыз. Бирок, баарыбызга маалым болгондой, кыска мезгилдүү эске тутуунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Андыктан керектүү маалымат көпкө чейин эсте калыш үчүн, ал узак мезгилдүү эске тутууга өтүшү керек. Ал үчүн эмне кылуу керек? Буга төмөндө берилген кеңештер жардам берет.

Кызыгуу. Кайсы бир маалыматты эстеп калуу үчүн ага чындап кызыгып, анын эмне себептен маанилүү экенин эсиңерге салып тургула. Кайсы бир окуянын сезимдер менен коштолгондо эсте жакшы каларын байкаган чыгарсыңар. Сезимдерди катыштыруу Ыйык Китепти изилдегендерге да чоң пайда алып келет. Ошондой эле алар Ыйык Китепти окуп жатканда эки максатты — Кудайга жакындоону жана ал жөнүндө билгендерибизди башкалар менен бөлүшүүнү — көздөсө, маалыматты жакшы эстеп калышат (Накыл сөздөр 7:3; 2 Тиметей 3:16).

Көңүл коюу. «Көптөрдүн унутчаак болгонунун себеби, негизинен, алардын көңүл топтобогонунда»,— деп белгиленет «Акыл-эстин сырлары» аттуу китепте. Көңүл коюуга эмне жардам берет? Эстеп калыш керек болгон нерсеге чындап кызыгуу жана мүмкүн болсо, аны жазып алуу. Анын үстүнө, керектүү маалыматты жазып алсак, ага кийин да кайрыла алабыз.

Түшүнүү. Эгер кайсы бир окутууну же ойду түшүнбөсөңөр, аны жакшы эстеп калышыңар күмөн же ал такыр эле эсиңерде калбай калышы мүмкүн. Түшүнүүнүн аркасында өзүнчө ойлордун бири-бири менен байланышып, бүтүндөй бир ойду берип жатканын аңдай алабыз. Маселен, машине оңдоону үйрөнүп жаткан бирөө мотордун жалпы жонунан кандай иштей турганын түшүнүп алса, мотордун ичиндеги майда-барат бөлүктөрүн да жакшы эстеп калат.

Бөлүштүрүү. Окшош же бири-бири менен байланышы бар ойлорду бөлүштүрүп алгыла. Мисалы, базарга баратканда эмнелерди сатып алуу керек экенин унутуп калбаш үчүн, аларды эт, жашылча, жер-жемиш деген сыяктуу топторго бөлүштүрүп алсаңар болот. Ошондой эле кайсы бир ойду эске тутуп калуу үчүн, аны бир нече бөлүккө бөлүп алуу жакшы, бирок алардын жетиден ашпаганы дурус. Телефон номурларын да эки же үч бөлүккө бөлүп алып, жаттоо оңоюраак. Балким, айрымдарга алфавит иретинде бөлүштүрүп алуу бир нерсени эстеп калууга жардам болоттур.

Үн чыгарып кайталоо. Эстеп калыш керек болгон маалыматты (мисалы, чет тилиндеги жаңы сөздү же сөз айкашын) үн чыгарып кайталап коюу да нейрон түйүндөрүн чыңдайт. Кандайча? Биринчиден, жаңы сөздү сыртыбыздан айтканда, ошого көңүл топтойбуз. Экинчиден, эгер сөздү туура эмес айтып алсак, мугалим ошол замат тууралайт да, натыйжада аны туура жаттайбыз. Үчүнчүдөн, угуу, атүгүл өзүбүздү угуу да, мээнин башка бөлүктөрүн иштетет.

Элестетүү. Бир нерсени эске тутууга элестетүү да жакшы жардам берет. Балким, элестеткен нерсенин сүрөтүн тартып же схемасын түзүп алаттырсыңар. Элестетүү, үн чыгарып кайталоо сыяктуу эле, мээнин ар кайсы бөлүктөрүнүн иштешине шарт түзөт. Сезимдериң канчалык көп катышса, маалымат ошончолук жакшыраак, ташка тамга басылгандай эле эсте калат.

Байланыштыруу. Жаңы билгендериңерди мурда билгендериңер менен байланыштыргыла. Мунун аркасында мээге сигнал берилет да, буга чейин чогултулган маалымат менен жаңы ойлор мээде белгиленип, керектүү учурда тезирээк кайтарылып берилет. Мисалы, кимдир бирөөнүн атын эстеп калыш үчүн, анын сырткы көрүнүшүнүн же башка бир өзгөчөлүгүн бир нерсеге окшоштургула. Окшоштурган нерсеңер күлкүлүү же демейде көп кездешпеген нерселерден болсо, аны эстеп калуу оңой болот. Бир сөз менен айтканда, кимдир бирөөнүн атын же дагы башка нерсени эстеп калгыбыз келсе, ал жөнүндө ойлонушубуз керек.

«Эс тутумду изилдөө» аттуу китепте мындай делет: «Эгерде күнүмдүк турмушубузда айлана-чөйрөбүз, башыбыздан өткөрүп жаткан окуялар тууралуу ой жүгүртпөсөк, каякта болгонубуз, эмне кылганыбыз эсибизде элес-булас эле калышы ыктымал».

Эс тутумду чыңдоо. Жаңы маалыматты «сиңирүүгө» аракет кылгыла. Анын бир жолу — окуган же билген нерселерди кайталоо. Ал үчүн билгендериңерди, балким, башка бирөөгө айтып береттирсиңер. Эгер кызыктуу окуяга кабылсаңар же Ыйык Китептен, ошондой эле ага негизделген адабияттардан кандайдыр бир бекемдээрлик ой тапсаңар, аны башкаларга айтып берсеңер болот. Ошентип, бир ок менен эки коёнду атасыңар: өзүңөрдүн эске тутуу жөндөмдүүлүгүңөрдү да жакшыртасыңар, маектешиңерди да бекемдейсиңер. Андыктан кайсы бир маалыматты эске тутуп калгыңар келсе, аны кайталап койгула.

Мнемоника — эске тутуунун жакшы ыкмасы

Байыркы убакта Грецияда жана Римде ораторлор кагазды карабай, бир нече саат бою сөз сүйлөп чыга турган. Ал ораторлор айта тургандарын кантип эстеп калышчу? Алар мнемоника ыкмасын колдонушкан. Мнемоника бул — маалыматтын узак мезгилдүү эске тутуудан орун алышына, керектүү учурда аны кайра эстөөгө жардам бере турган эске тутуу чеберчилиги.

Байыркы грек ораторлору колдонгон мнемоника чеберчилигинин өзөгүн бир нерселерди ой менен жайгаштыруу түзөт. Ал ыкманын жалпыга белгилүү болушуна б.з.ч. 477-жылы Кеосстук Симонид аттуу грек акыны шарт түзгөн. Андай ыкма өзүнө эстеп калыш керек болгон маалыматты бөлүштүрүү, элестетүү жана окшоштуруу принциптерин камтыйт. Мнемоника ыкмасын колдонгондор жаңы маалыматты эстеп калыш үчүн, оюнда «саякаттап», тааныш жолдогу же үй ичиндеги жакшы билген нерселерине окшоштурушат. Анан керек болгон учурда ошол маалыматты эстеш үчүн, алар кайра баягы «саякатына» түшүшөт. (« Жайгаштыруу боюнча эстеп калуу» деген кутучаны карагыла.)

Эс тутумун машыктыргандардын жыл сайын өткөрүлүүчү дүйнөлүк мелдешине катышкандар менен изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын адаттан тыш жөндөмдүүлүккө деле ээ эмес экени айкын болгон. Айта кетчү нерсе, катышуучулардын көбүнүн жашы 40—50лөрдө эле. Алардын жакшы эске тутуу жөндөмдүүлүгүнүн сыры эмнеде болгон? Өздөрү айткандай, аларга мнемоника ыкмасын натыйжалуу колдонуу жардам берген.

Ал эми кайсы бир сөздөрдүн тизмегин жаттоо керек болуп жатсачы? Анда, балким, мнемоникалык ыкманын акроним деп аталган түрү жардам болоттур. Анын жардамы менен жаттай турган сөздөрдүн башкы тамгаларын же ал сөздөрдүн бөлүктөрүн бири бирине кошуп жаңы сөз түзүп жаттоого болот. Мисалы, Жахаба Кудайдын негизги төрт сапатын — акылмандуулугун, сүйүүсүн, күчүн жана адилеттүүлүгүн — ушул сөздөрдүн башкы тамгаларынан түзүлгөн «АСКА» деген сөз менен эстеп калууга болот. Ошондой эле байыркы эврейлер көп колдонгон акро ыр ыкмасы да маалыматты эстеп калууга жакшы жардам боло алат. Маселен, көптөгөн забурларда ар бир аяттын же топ аяттардын биринчи сөзү эврей алфавитинин тамгасынын бири менен башталып, ирети менен андан ары уланат. Бул ыкманын аркасында забурчулар 176 аяттан турган 118-забурду жатка билишкен.

Ооба, ар бир адам эс тутумун жакшыртып, аны өрчүтө алат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, биздин эс тутумубуз булчуңга окшош: аны канчалык көп иштетсек, ошончолук чыңдала берет. Ушундай кылуу менен атүгүл карылар да эс тутумун жакшырта алат.

[27-беттеги кутуча]

КОШУМЧА КЕҢЕШТЕР

▪ Жаңы өнөрдү өздөштүрүү менен, чет тилин же музыкалык аспапта ойноону үйрөнүү менен эс тутумуңарды жакшырта аласыңар.

▪ Көңүлүңөрдү эң маанилүү нерселерге топтогула.

▪ Мнемоника ыкмаларын колдонууга үйрөнгүлө.

▪ Жетиштүү түрдө суу ичкиле. Суунун жетишсиздиги эс тутумдун начарлашына алып келет.

▪ Жетиштүү түрдө уктагыла. Уктап жатканда маалыматтардын мээде сакталуу процесси жүрөт.

▪ Бир нерсени изилдеп жатканда маал-маалы менен эс алып тургула. Анткени мээ өтө чыңалганда, нерв түйүндөрүнө терс таасир эте турган картизол бөлүнүп чыгат.

▪ Ичимдик ичүүдөн, тамеки чегүүдөн качкыла. Ичимдик кыска мезгилдүү эс тутумга доо кетирет, ошондой эле эс тутумдун жакшы иштешине абдан керек болгон В витамининин тобундагы тиаминдин жетишсиздигине алып келет. Ал эми тамеки чегүү мээде кычкылтектин жетиштүү өлчөмдө болушуна тоскоолдук кылат *.

[Шилтеме]

^ 36-абз. Бул маалымат «Мээ жана акыл-эс» аттуу англис тилиндеги журналдын электрондук вариантына негизделген.

[26-беттеги сүрөт/кутуча]

 ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА ЭСТЕП КАЛУУ

Дүкөнгө барып нан, жумуртка, сүт жана май алып келишиңер керек болуп жатат дейли. Ала турган нерселерди унутуп калбаш үчүн жайгаштыруу боюнча эстеп калуу ыкмасын колдонгула. Мисалы, аларды бөлмөңөрдөгү буюм-тайымдар менен байланыштырып, анан дүкөнгө барганда ошол бөлмөңөрдөгү буюмдарды эстегиле. Маселен,

мындай элестетип көрсөңөр болот:

бөлкө нан отургучта төшөлүп турат,

жумурткаларды чырак басып жатат,

аквариумдагы балыгыңар сүт куюлган идиште сүзүп жүрөт,

май телевизордун бетине шыбалып турат.

Дүкөнгө барганда бөлмөңөрдөгү буюмдарды эстесеңер, ала турган нерселер да шак эсиңерге түшөт. Элестетүүңөр канчалык күлкүлүү болсо, ошончолук жакшыраак эстеп каласыңар!

[29-беттеги кутуча]

УНУТА АЛГАНЫҢАР ҮЧҮН КУБАНГЫЛА!

Жашоодо болуп жаткан окуялардын баары: маанилүүсү да, анча маанилүү эмеси да эсибизде сакталып кала берсе, жашообуз эмне болуп кетмегин элестетсеңер. Анда башыбызда кандай гана баш аламандык болмок! «Нью сайентист» журналында жашоосунда өткөн-кеткендин баарын майда-чүйдөсүнө чейин эстей алган бир аял тууралуу айтылган. Ал аял өзүнүн «учу-түбү жок жиптей чубалжыган, ээ-жаа бербеген ой-элестери эсин оодарып, ага „оор жүктөй“» болуп калганын айткан. Бактыга жараша, көбүбүздө мындай көйгөй жок, анткени, окумуштуулардын айтымында, биздин мээбиз кереги жок, эскирген маалыматтарды жок кылып турат. «Нью сайентистте» мындай делет: «Айрым маалыматтарды унутуу эс тутумдун жакшы иштеши үчүн абдан маанилүү. Ал эми керектүү маалыматты да унутуп калсак... бул мээбиздеги маалыматтарды жок кылуу процессинин „өтө эле жакшы“ иштеп кеткенинин белгиси».