Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдыкын биринчи орунга коюунун аркасында алган баталарыбыз

Кудайдыкын биринчи орунга коюунун аркасында алган баталарыбыз

Кудайдыкын биринчи орунга коюунун аркасында алган баталарыбыз

Айтып берген: Пьер Вору

«Бонжур!» Мен өмүр бою французча ушинтип учурашып келем. Бирок бир жолу, 1975-жылы ноябрь айларында, бирөө менен ушинтип учурашканым үчүн камакка алынгам. Эмесе, эмне үчүн андай болгонун башынан баштап кененирээк айтып берейин.

МЕН 1944-жылы 1-январда Бениндин * борбор жагында жайгашкан Саве шаарчасынын чет жакасындагы Малетеде төрөлгөм. Ата-энем мага йоруба тилиндеги Абиола деген илгерки ат коюшкан. Бирок мен жаш кезимде эле атымды көп кездешкен Пьер деген атка өзгөртүп алгам.

Мен чоңоюп-өскөн жерде чоңдор жаш балдарга ат коё беришчү. Мени да ошол жердеги бир дин кызматчыга окшоштуруп, Пастор деп атап коюшкан. Анткен менен мен диний сабактарга караганда футбол ойногонду жакшы көрчүмүн.

1959-жылы окуумду улантыш үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү Сакете шаарына көчүп бардым. Ал жакта мугалим болуп иштеген Симон деген аталаш бир тууганым менен турчумун. Ал ошондо жаңы эле Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр. Башында алардын изилдөөсүнө катышуу мага көп деле жакчу эмес. Ошентип жүрүп, бир жолу Симондун иниси Мишелге Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти чогуу изилдөөнү сунуштадым. Ал макул болду. Ошондо Кудайдын ысмы Жахаба экенин биринчи жолу уккам.

Бир жолу, жекшемби күнү, Симон, Мишель үчөөбүз чиркөөгө барбай эле, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барууну чечтик. Бирок, өкүнүчтүүсү, ал жыйналышта беш эле катышуучу болду: эки Күбө, анан берки үчөөбүз. Ошентсе да уккандарыбыздын баары чындык экенине көзүбүз жетип, изилдөөнү уланта берүүгө түрткү алдык. Арабыздан Мишель биринчи болуп Кудайга арналуусун сууга чөмүлтүлүү менен билдирди. Бүгүнкү күндө ал пионер болуп кызмат кылат. Жахабанын Күбөлөрүнүн толук убакыттагы кызматчыларын пионерлер деп коюшат.

Симон түндүктү көздөй Кокоро шаарына көчүп калды, мен да аны менен жөнөдүм. Ошол учурда Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйыны Оуансоугон айылында өткөрүлгөнү жаткан. Жыйынга Симон такси менен жөнөдү, мен болсо 220 километр алыстыкта жайгашкан ал айылга велосипед менен бардым. Ошол жыйында, 1961-жылы 15-сентябрда, экөөбүз тең чөмүлтүлдүк.

Толук убакыттагы кызматты эч нерсеге карабай улантуу

Жан багыш үчүн сүрөт тартып, аларды сатчумун, ошондой эле жер иштетчүмүн. Бир жолу жыйналышыбызга Филиппе Зану деген кыдыруучу көзөмөлчү келип, пионер болуп кызмат кылуу жөнүндө ойлонуп көрүүгө үндөдү. Досум Эмануел Фатунби экөөбүз кеңешип, баарын таразалап көрүп, пионердик кызматты 1966-жылы февраль айында баштадык. Кийинчерээк кыдыруучу көзөмөлчү болуп дайындалдым. Мен фон, ган, йоруба жана француз тилиндеги жыйналыштарды кыдырчумун.

Бир күнү Жулиен аттуу татынакай кызга жолугуп калдым. Ал да, мага окшоп, жөнөкөй жашоо өткөргөндү жакшы көрчү. Экөөбүз 1971-жылы 12-августта баш кошуп, кыдыруучулук ишти андан ары чогуу уланттык. 1972-жылы 18-августта улуу балабыз Бола төрөлдү. Жыйналыштарды велосипедге аялымды өңөрүп алып, аялым Боланы аркасына байлап алып кыдырып жүрдүк. Жүгүбүздү болсо жыйналыштагы бир туугандардын бири өзүнүн велосипедине артып алчу. Ушинтип жыйналыштарды төрт жыл бою кыдырдык.

Бир күнү Жулиен катуу ооруп, түнү бою кыйналып чыкты. Эртеси таң атпай жардам издеп, көчө бойлоп ылдый карай бастым. Анан кайдан-жайдан бир такси пайда болуп калды. Биз жашаган жерде таксини чанда эле көрбөсөң, такыр көрбөйсүң. Андан да таң калыштуусу, такси бош экен! Шопурга жагдай-шартты түшүндүрүп, бизди Порто-Нового, 25 километр алыстыкта жайгашкан борборго, жеткирип коюшун сурандым. Ал макул болду. Шаарга келгенибизде, ал жылмайып: «Акчасын жөн эле кой, бул сага кылган жакшылыгым болсун»,— деп койду.

Жулиен эки жумадай ооруп, бир ишенимдешибиздикинде жатты. Ырас, аны караган догдур да жакшы киши экен, дары-дармектерин көтөрүп алып, күнүгө келип турду. Догдур Жулиенге акыркы жолу келгенде, дарылоого канча кеткенин сурадым, бирок ичимен акчабыз жетпей калат го деп тынчсызданып жаттым. Анын күтпөгөн жерден: «Акчаңарды жөн эле койгула»,— деп айтканы мени аябай таң калтырды.

Коогалаңдуу күндөр

1975-жылы Дагомея марксисттик башкаруу формасын кабыл алган. Мамлекеттин аты да Бенин Эл Республикасы болуп өзгөртүлгөн. Ал өзгөрүүлөр менен кошо күнүмдүк жашоо-турмуш да өзгөрдү. Эми адамдар бири-бири менен: «Пур ла революсьион?» («Революцияга даярсыңбы?»), «Пре!» («Даярмын!») — деп учурашып калышты. Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийирибиз бизге мындай саясий чакырыкты айтууга жол бербегендиктен, көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар боло баштадык.

Бир жолу жекшемби күнү, 1975-жылдын аяк ченинде, Сент-Мишелден анча алыс эмес жерде үйдөн үйгө кабар айтып жүргөн жеримден камакка алындым. Бир киши мени менен: «Пур ла революсьион?» — деп учурашып калды, мен ага, жогоруда айтканымдай: «Бонжур!» — дедим. Мени полиция кызматкерлери кармап алып, участогуна алып барып сабашты. Бирок ошол эле күнү кечинде үч бир тууган мени бошотуп кетти.

Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен камакка алынгандардан мен биринчиси элем. Ошондон тартып бүт өлкө боюнча Жахабанын Күбөлөрү биринин аркасынан бири камакка алынып жатты. Бийлик башындагылар Падышалык залдарын тартып алып, миссионерлерди өз өлкөлөрүнө кетиришти. Филиал жабылып, көптөгөн Күбөлөр батышты көздөй Тогого, чыгышты көздөй Нигерияга кетүүгө аргасыз болушту.

Нигерияда үй-бүлөбүздүн чоңоюшу

1976-жылы 25-апрелде экинчи уулубуз Кола төрөлдү. Эки күндөн кийин бийликтегилер тарабынан №111 токтом чыгарылып, Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынды. Биз Нигерияга көчүп бардык. Ал жактан адегенде качкындар жык толгон Падышалык залына токтодук. Эртеси күнү коңшу жыйналышка жөнөтүлдүк. Падышалык залынан такыр киши үзүлгөн жок: качкындардын бир тобу кетсе, башка тобу келип жатты. Алысыраак жыйналыштарга бир туугандар жүк ташуучу машинелер менен жеткирилип жатты.

Нигериянын филиалындагы бир туугандар менден Бенинден келген Жахабанын Күбөлөрүн кыдырып чыгууну суранышты. Андан кийин Нигериядагы йоруба тилиндеги жыйналыштардын топторуна, кийинчерээк ган тилиндеги жыйналыштарга кыдыруучу көзөмөлчү болуп дайындалдым. Биз жыйналыштарды мотоцикл менен кыдырчубуз. Боланы алды жагыма алып, Коланы болсо Жулиен экөөбүз ортобузга алып, төртөөбүз бир мотоциклге отуруп алчубуз.

1979-жылы кызыбыз Жемима төрөлөрүн билгенибизде көзөмөлчүлүк кызматты токтотууга туура келди. Анан Бенинден балдызым келип, биз менен жашап калды. Аны биз Пепе деп койчубуз. 1983-жылы Калеб, 1987-жылы Силас төрөлдү. Ошентип, үй-бүлөбүз көбөйүп отуруп сегиз кишиге жетти. Жулиен экөөбүз ата-энелик милдетибизди жакшы аткаргыбыз келчү, бирок ошол эле учурда толук убакыттагы кызматыбызды токтоткубуз келчү эмес. Экөөнү тең чогуу кантип алып кете алат элек? Биз үй-бүлөбүздү камсыз кылыш үчүн ижарага жер алып, таро, маниока, жүгөрү өстүрчүбүз. Кийин болсо Илогбо-Эреми айылына чакан там салып алдык.

Эртең менен балдарды мектепке жөнөтүп коюп, Жулиен экөөбүз кабарга кетчүбүз. Түштө баарыбыз үйгө келип, дайыма үй-бүлөбүз менен чогуу тамактанчубуз. Түштөн кийин тук этип алып, талаага иштегени кетчүбүз. Жулиен менен Пепе базарга барып, талаа жемиштерин сатып келишчү. Биз бардыгыбыз күжүрмөн эмгектенчүбүз. Бактыга жараша, ошол жылдары көп ооруган жокпуз.

Бактылуу болуш жогорку билимден эмес

Жулиен экөөбүз балдарыбызды жогорку билим алууга эч качан үндөчү эмеспиз. Себеби бактылуу болуш үчүн Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, жакшы сапаттарды өрчүтүп, эмгекчил болуш керек экенин билчүбүз. Балдарыбыздын жүрөгүнө ушул баалуулуктарды сиңирүүгө аракет кылчубуз. Алар менен Ыйык Китепти өзүм изилдедим. Балдарыңдын Жахабага болгон сүйүүсү өсүп, өздөрүн ага арноого түрткү алып, чөмүлтүлүшкөнүн көргөндөн өтөр кубаныч жок экен!

Пепе балдарыбыздан улуураак болгондуктан, өз алдынча жашоого биринчи аттанды. Биздикинде жашап жүргөндө, мен ага окуганды үйрөткөм. Мектепте окубаса да, Пепе Ыйык Китепти изилдөөгө жана башка рухий иштерге бүт дитин койчу. Бир нече убакыт пионер болгон соң ал Менда Акинрага турмушка чыгып, аны кыдыруучулук ишинде коштоп калган. Кийин алар Тимоти аттуу уулдуу болушту. Пепе менен Менда толук убакыттагы кызматын дагы эле улантышууда. Учурда Менда жыйындарда көптөгөн жоопкерчиликтерди аркалайт.

Бола бир чоң компанияга ашпозчу катары үйрөнчүк болуп кирген. Кийинчерээк жетекчилеринин бири анын жоопкерчиликтүүлүгүн, ишеничтүүлүгүн жана ыйык китептик билиминин аркасында өрчүткөн дагы башка жакшы сапаттарын байкап, аны жумушунда жогорулаткан. Ошону менен бирге ал өзүнүн сүйүктүү жары Жейнге жакшы күйөө болуп, үч баласына жакшы ата болуп келет. Андан тышкары, ал Лагостогу (Нигерия) жыйналыштардын биринде милдеттерине жоопкерчиликтүү караган аксакал болуп кызмат кылат.

Кола болсо тикмечиликти өздөштүрүп, ошол эле учурда пионер болчу. Нигерияда жашап жүргөнүбүздө, ал англис тилин да үйрөнүп жүргөн. Кийин 1995-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Бениндеги филиалына котормо бөлүмүндө кызмат кылууга чакырылды. Кола Бейтелде 13 жылдан бери кызмат кылып келатат.

Кайрадан Бенинге

1990-жылы, 23-январда Бенинде Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине кайрадан уруксат берилгенин угуп, аябай сүйүндүк. Чачырап кеткен качкындардын көбү мекенине кайтып келишти. Бенинге жаңы миссионерлер дайындалып, филиал кайра ачылды. 1994-жылы биз да үй-бүлөбүз менен Бенинге көчүп келдик. Бирок Пепе, Бола үй-бүлөлөрү менен Нигерияда эле калышты.

Мен жарым күндүк жумушка орноштум. Нигериядагы үйүбүздүн ижарасынан чогулткан акчабыз менен, ошондой эле Боланын марттык менен көрсөткөн жардамы менен филиалдын жанына өзүбүзгө там салып алдык. Жемима тикмечи болуп иштеп, өзүнө өзү кам көрүп, алты жылдан ашык пионер болуп кызмат кылды. Анан ал Коку Ахуменуга турмушка чыкты. Азыр экөө жаныбыздагы филиалда кызмат кылышат. Калеб менен Силас окууларын бүтүрүп жатышат. Кудайдын жардамы менен жана үй-бүлөбүздүн кызматташуусунун аркасында Жулиен экөөбүз, жалпы жонунан, 40 жылдан ашуун толук убакытта кызмат кылып келатабыз.

Бениндеги кабар айтуу ишине Кудай батасын мол берип жатат. Мен чөмүлтүлгөндө, 1961-жылы, өлкөдө 871 эле Жахабанын Күбөсү бар болчу. Камакка алынган жылы жарчылардын саны 2381 болгон. Бенинге кайра көчүп келгенибизде, 1994-жылы, 14 жыл бою тыюу салынганына карабай, жарчылардын саны 3858ге жеткен. Андан бери жарчылардын саны эки эседен да көбүрөөк өстү. Бүгүнкү күндө Бенинде 9 000ден ашуун жарчы бар. Ал эми Эскерүү кечесине 2008-жылы 35 752 киши келди.

Кээде 30 жылдан ашык убакыт мурун камакка алынган жерге барып, өткөн-кеткенди эстейм. Үй-бүлөмө батасын бергени үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын. Биз эч нерседен кем болгон жокпуз. Анан да, айта кетчү нерсе, мен дагы деле элдер менен: «Бонжур!» — деп саламдашам.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ал кезде Бенин Дагомея деп аталчу жана Француз Батыш Африкасынын бир бөлүгү болчу.

[11-беттеги сүрөт]

Ал жылмайып: «Акчасын жөн эле кой, бул сага кылган жакшылыгым болсун»,— деп койду

[12-беттеги сүрөт]

Жулиен экөөбүз балдарыбызды жогорку билим алууга эч качан үндөчү эмеспиз

[13-беттеги сүрөт]

Кыдыруучу көзөмөлчү болуп жүргөн кезим, 1970-жыл

Уулдарыбыз Бола жана Кола менен, 1976-жыл

Бүт үй-бүлөбүз менен бүгүнкү күндө: аялым, беш балам, келиним, үч неберем жана Пепенин үй-бүлөсү