Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пил багуу оңойбу?

Пил багуу оңойбу?

Пил багуу оңойбу?

ИНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ПИЛДИН ээси баласын эс алып жаткан пилдин маңдайына калтырып коюп, өзү ары жакта, Нармада дарыясынын жээгинде, күйпөлөктөп тамак жасап жатат. Баласы кайра-кайра ордунан туруп басып кетейин дейт, бирок: «Жылуу ордунан козголгусу келбеген пил баланы тумшугу менен ороп, кайра ордуна отургузуп коёт. Ары жакта тамагын жасап жүргөн атасы баласы үчүн эч кам санабайт»,— деп баяндалат бир китепте («Project Elephant»).

Пилдер б. з. ч. 2000-жылдан тартып эле адам баласына кызмат кылып келет. Алсак, байыркы убакта пилдерди, негизинен, согушка колдонуу үчүн үйрөтүшчү. Ал эми азыр Индияда аларды жумушка салуу үчүн үйрөтүшөт. Пилдер кыйылган бактарды ташууда эң мыкты жумушчу күч болуп саналат. Ошондой эле пилдерди диний майрамдарда, үйлөнүү үлпөттөрүндө, жарнамаларды көрсөтүүдө, цирктерде, атүгүл кайыр сураганда колдонушат. Пилдерди кантип колго көндүрүшөт? Аларды кантип үйрөтүшөт?

Пилди үйрөтүү

Индияда пилдердин кароосуз калган, жаракат алган же атайылап кармалып келинген балдарын багып, карай турган борборлор бар. Ал борборлордун бири Керала штатындагы Кони айылында жайгашкан. Ал жерде пилдин балдарын жумушка үйрөтүшөт. Пил кармаган киши алгач пилдин баласын өзүнө көндүрүшү зарыл. Пилдин баласы кишиге анын колунан тамак жегенде батыраак үйүр алып, кожоюнун үнүнөн таанып калат. Ээси аны сүт берүү үчүн же таруудан жасалган жарма берүү үчүн чакырганда, ал ага чуркап келет. Пилдин балдарын 13 жашка чыкмайынча жумушка үйрөтүшпөйт. Аларды 13 жаштан кийин гана үйрөтүшүп, 25 жашынан тартып жумушка салышат. Ал эми 65ке чыккан пил, Кераланын мыйзамы боюнча, жумушка салынбашы керек.

Пилди үйрөтүү үчүн жакшы адис болуу талап. Тричур шаарындагы (Керала штаты) пилдерге кам көрүү боюнча уюшулган коомдун билдирүүсүнө ылайык, пилди колго үйрөтүү үчүн, бери дегенде эле, үч ай билим алуу зарыл. Башкача айтканда, пилдерге буйрук берүүнү эле үйрөнүү эмес, жалпы пил дүйнөсү менен жакын таанышып чыгуу кажет.

Ал эми чоң пилди үйрөтүүгө көп убакыт талап кылынат. Пил үйрөткөн киши тосмонун сыртына туруп алып, алгач жаныбарды сөз менен айтылган буйруктарды түшүнүүгө үйрөтөт. Кералада пил багуучу пилге кандайдыр бир ишти кылдыруу үчүн 20га жакын сөздөрдү же кандайдыр бир белгилерди колдонот. Пилчи сөз менен айкын-так буйрук берүү менен бирге, пилге таяк менен сайгылап, эмне кылышты ага көрсөтүп турат. Пил берген буйрукту аткарганда, ээси анын жакшы көргөн тамагын берет. Пил үйрөтүүчү пилдин ага көнө түшкөнүнө ынанганда тосмого кирип, аны сылап-сыйпап эркелетет. Ошондо пил менен адам бири бирине жакын боло баштайт. Убакыттын өтүшү менен пилди сыртка алып чыкса болот. Бирок анда жапайы жаныбарларга мүнөздүү болгон сезимдер али да болсо үстөмдүк кылгандыктан, албетте, сак болуу кажет. Пил адамга толугу менен көнгөнгө чейин аны жуунтканы же дагы башка жактарга алып чыгарда, үйрөтүлгөн эки пилдин ортосуна чынжыр менен байлап алуу зарыл.

Пил сөз менен айтылган буйруктарды түшүнүп калгандан кийин, пилчи анын үстүнө отуруп алып, бутунун учу же согончогу менен тепкилеп буйруктарды аткарууга үйрөтөт. Мисалы, пилди астыга бастыруу үчүн үстүндөгү киши буттарынын учу менен пилдин кулагын кысат. Ал эми артка бастыруу үчүн согончогу менен анын ийиндерин кысат. Пил эмне кылышты билбей калбашы үчүн, сөз менен айтылган буйруктарды бир эле киши бергени оң. Жаныбар бардык буйруктарды түшүнүүгө үч-төрт жылдын ичинде үйрөнөт. Андан кийин аларды өмүрү өткөнчө унутпайт. Пилдин мээси денесине салыштырмалуу абдан кичине болсо да, ал абдан акылдуу, зирек жаныбар келет.

Пил багуу

Пилди оорутпай, капа кылбай багуу керек. Ошондой эле аны күнүгө жуунтуп туруу маанилүү. Пилдин ээси таш же кокостун кабыгы менен анын калың, ошол эле учурда жумшак жана назик терисин сүртүп жуунтат.

Ал эми пил эмне жейт? Пилдин ээси ага буудайдан, таруудан жана буурчак өсүмдүктөрүнөн жарма бышырып берет. Ошондой эле бамбук, пальма жалбырактары жана чөп пилдин негизги азыгы болуп эсептелет. Пилге сабиз же кант камышын берсең да, абдан ырахаттанып жейт. Пилдердин дээрлик эртеден кечке оозун тындырбай бир нерсе жеп жатканын эле көрөсүң. Алар күнүнө 140 килограммдай азык жеп, 150 литрдей суу ичишет. Пилчи пили менен жакшы мамиледе болуш үчүн аны курсагын ачырбай бапестеп багышы керек.

Катаал мамиле кылынса...

Индия пилин белгилүү бир куракка келмейинче минүүгө же жумушка салууга болбойт. Пилге кыйкырып же дагы башка жол менен катаал мамиле кылынса, ал кыжырланышы мүмкүн. Индияда чыккан бир гезитте айтылгандай, чоң азуулуу эркек пил «ээсинин катаал мамиле жасаганына каары кайнап, будуң-чаң салган. Ал ээ-жаа бербей жиндеп кеткендиктен... ага уктатуучу дары саюуга туура келген» («Sunday Herald»). Ал эми 2007-жылдын апрель айында чыккан «Индия тудей интернешнл» журналында мындай делген: «Акыркы эки айдын ичинде эле азуу тиштүү ондон ашуун эркек пил майрам учурунда ээлигип, жаалданып кетишкен. Өткөн жылдын январынан бери 48 пилчи ээликкен пилдердин айынан каза болгон». Пилдерде мындай жүрүм-турум жупташуу мезгилинде көп байкалат. Алардын мындай жүрүм-турумунун жыл сайын кайталанышы жупташуу мезгилинде чоң эркек пилдердин организминде тестостерон гормонунун деңгээли жогорулап кетишине байланыштуу болот. Ошол учурда эркек пилдер бири бирине жана адамдарга кыжырданып кол салышат. Жупташуу мезгили 15 күндөн 3 айга дейре созулат.

Пилдин ачууланышына анын башка кожоюнга сатылып кетиши да себеп болушу мүмкүн. Ооба, анын өз кожоюнуна жакын болуп калганы талашсыз. Андыктан пилин жаңы кожоюндун үйүнө үйүр алдырыш үчүн пилдин ээси, адатта, ал кишинин үйүнө чогуу барат. Жаңы кожоюн пилдин кыялын түшүнүп, аны менен тил табышканга чейин мурунку кожоюн ага жардам берет. Ал эми пилдин кожоюну каза болуп, ал башка колго өтсө, иштин жайы андан да татаалыраак болот. Бирок пил акыр-аягы моюн сунуп, жаңы шартка көнө баштайт.

Айрымдар мындай алп жаныбардан коркушса да, жакшы үйрөтүлгөн пил ырайымдуу кожоюнга баш иет. Эгер пилге дайыма жакшы мамиле кылынса, кожоюну убактылуу бир жакка кеткенде, аны чынжыр менен байлоонун кажети жок. Болгону, таяктын бир учун пилдин бутуна тийгизип жерге коюп, ага ордунан жылбоого буйрук берүү жетиштүү. Ошондо пил тил алып, таяк жаткан жерден кетпей туруп калат. Макаланын башында айтылгандай, пил менен ээсинин ортосундагы алака мамиле ары таң калыштуу, ары жүрөк козгоорлук. Ооба, пилин жакшы көргөн кожоюн ага ишенет.

[18-беттеги сүрөт/кутуча]

АДАМ МЕНЕН ПИЛДИН ТАРЫХЫ

Адамдар пилди байыртан эле колго үйрөтүп келишкен. Буга байыркы замандагы Карфаген генералы Ганнибал эң эле көрүнүктүү мисал боло алат. Б. з. ч. 3-кылымда Түндүк Африкадагы Карфаген шаары менен Рим мамлекетинин ортосунда согуш болгон. Ал согуш дээрлик бир кылымга созулуп, тарыхта Пуни согуштары деп белгилүү болуп калган. Ганнибал Римге каршы аттануу максатында Испаниянын Картахена шаарына аскер колун чогулткан. Ал алгач Пиреней тоолорун ашып өтүп, азыр Франция деп аталган жерге келген. Анан 37 африка пилине жана дагы башка көптөгөн жаныбарларга жүк артып, 25 000 жоокери менен Альп тоолору аркылуу Италияга кирип барган. «Археология» журналында белгиленгендей, Ганнибалдын ошол жүрүшү «тарыхта олуттуу из калтырган». Жолдо алар ызгаардуу суукка, бороон-чапкынга калышкан. Аска-зоолорду басып өтүшкөн. Тоону байырлаган кас-душмандарга да кабылышкан. Алардын саякаты пилдерге запкы келтирген. Ганнибал Италияга кирип барганда, пилдердин баары бир жылга жетпей кырылып калган.

[16-беттеги сүрөт]

© PhotosIndia/age fotostock

[17-беттеги сүрөт]

© Vidler/mauritius images/age fotostock

[17-беттеги сүрөт]

Пилдин ээси пилинин калың, бирок жумшак, назик терисин сүртүп жуунтуп жатат

[18-беттеги сүрөт]

© Look and Learn Magazine Ltd/The Bridgeman Art Library