Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бейтаптын тандоо укугу

Бейтаптын тандоо укугу

Бейтаптын тандоо укугу

Италиядагы кабарчыбыздан

▪ Жахабанын Күбөлөрү кан куйдурушпайт. Алардын мындай көз карашы Ыйык Китептеги: «Тирүү жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан — анын жаны»,— деген буйрукка, ошондой эле кийинчерээк Исанын алгачкы жолдоочуларына берилген: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген көрсөтмөгө негизделет (Башталыш 9:4; Элчилер 15:29; Лебилер 17:14).

Италиянын Монтеренцио шаарчасындагы бир орто мектептин окуучуларына донорлук кандын баалуулугу тууралуу дил баян жазып келүү тапшырылган. Окуучулардын арасында Жахабанын Күбөсү болгон Бенедетта да бар болчу. Ал дил баянында мындай деп жазган:

«Ыйык Китептеги принциптерге бек кармангандыктан Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куйдуруудан баш тартары баарына маалым. Бирок бул алардын дарылануунун башка ыкмаларынан да баш тартышарын билдирбейт. Алар чынында ден соолугуна олуттуу карашат; өздөрүнө да, балдарына да дарылануунун эң жакшы ыкмаларын тандоого аракет кылышат. Жахабанын Күбөлөрү алардын көз карашын сыйлаган догдурлар менен мүмкүн болушунча тыгыз кызматташышат».

Бенедетта андан ары мындай деген: «Ар бир бейтап өзү туура көргөн дарыланууну тандоого, чечиминин башкалар тарабынан урматталышына жана тандаган дарылануу ыкмасынын кооптуу да, пайдалуу да жактарын билүүгө укуктуу».

Монтеренциодогу Италян донорлорунун бирикмесинин филиалы эң мыкты дил баян жазган окуучуларга сыйлыктарды ыйгарган. Италияда чыккан бир журналда мындай деп белгиленген: «Бенедетта Барбинин дил баяны өзгөчө көңүл бурууга арзыды, себеби ал окуучу көпчүлүктүн, атүгүл Италян донорлорунун бирикмесинин пикирине каршы келсе да, өзүнүн көз карашын тең салмактуу, ошол эле учурда сылык түшүндүргөн» («Monterenzio Vivace»).

Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куйдурууга карата көз карашы «көпчүлүктөн» айырмаланса да, догдурлардын салымдуу бөлүгү алардын көз карашынын тууралыгына ынанууда. Күбөлөрдүн кан куйдурбаганы операция учурунда кандын аз кетишин шарттаган көптөгөн жаңы ыкмалардын колдонула башташына өбөлгө түздү. Бул Жахабанын Күбөлөрүнө да, Күбө эместерге да чоң пайда алып келүүдө. Бирок Жахабанын Күбөлөрү кан куйдуруудан, эң биринчиден, башында айтылгандай, Ыйык Китептеги принциптерге бек кармангандыктан баш тартышат.

Эмкиде Жахабанын Күбөлөрү эшигиңерди тыкылдатып келип калса, алардан Жараткан Кудай канды колдонууга кандай караарын сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун? Алар бул тууралуу силерге «терең урмат-сый менен» айтып берүүгө даяр (1 Петир 3:15).

[10-беттеги кутуча/сүрөт]

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

«Кан куюунун альтернативалары» аттуу DVDдеги видео тасмаларда көптөгөн беделдүү адистердин жардамы менен кансыз дарылоого байланыштуу медициналык, юридикалык жана этикалык принциптер каралат. Ал дискти Жахабанын Күбөлөрүнөн алууга болот.