Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сооронучтун Кудайынан» жардам

«Сооронучтун Кудайынан» жардам

«Сооронучтун Кудайынан» жардам

ДӨӨТҮ падыша көп азап чеккен жана ар кандай ой-санаалар анын тынчын алган. Бирок ал Жараткандын адамдарды абдан жакшы түшүнөрүнө эч качан шектенген эмес. Ал: «Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң. Сен менин качан отуруп, качан турарымды билесиң; Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң. Мен айта электе эле, Сен, Теңирим, айтар сөзүмдү толугу менен билесиң»,— деп жазган (Забур 138:1, 2, 4, 23).

Депрессия жеткилеңсиз адамдардын акыл-эсин жана денесин канчалык жабыркатарын Жаратканыбыз жакшы түшүнөрүнө биз да шек санабасак болот. Жахаба Кудай адамдын эмне себептен депрессия болуп жатканын жана ошондон улам пайда болгон кыйынчылыктарды кантип жеңсе болорун билет. Андан тышкары, депрессияны биротоло жок кылууну убадалайт. Чынында эле, «көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудайдан» артык бизге ким жардам бере алат? (2 Корунттуктар 7:6).

Депрессиядан кыйналып жүргөндөргө Кудай кандай жардам берет?

Депрессия менен ооругандарга Кудай канчалык жакын?

Депрессиядан кыйналган кызматчыларына абдан жакын экенин билдирип, Кудай өзүн алар менен жашагандай сүрөттөгөн. «Моюн сунгандардын рухун тирилтиш үчүн, кайгыргандардын жүрөгүн тирилтиш үчүн, кайгыргандар менен, руху менен моюн сунгандар менен бирге жашайм»,— дейт ал (Ышайа 57:15). Жахабанын «жүрөгү жаралангандарга жакын» экенин, «руху чөккөндөрдү куткарарын» билүү кандай гана жубатат! (Забур 33:19, «ЖД» [34:18]).

Депрессия менен ооругандар Кудайдан сооронуч ала алышабы?

Тиленүүлөрүбүздү уккан Кудайга кайсы убакта болбосун кайрыла алабыз (Забур 64:3). Ал жанды кейиткен ар кандай сезимдер менен күрөшүүгө жана кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам бере алат. Ыйык Китепте: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деп айтылат (Филипиликтер 4:6, 7).

Өзүбүздү эч нерсеге татыксыз сезгендиктен тиленүүлөрүбүздү Кудай укпайт деп ойлосокчу?

Депрессиянын айынан Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн жасаган аракеттерибизден эч кандай майнап чыкпай жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок асмандагы Атабыз «топурак экенибизди билгендиктен», алсыз сезимдерибизди эске алат (Забур 102:14). Жүрөгүбүз «айыптаса» да, «Кудай жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билерин» унутпашыбыз абзел жана жүрөгүбүздү ушуга «ынандырышыбыз» керек (1 Жакан 3:19, 20). Ошондой эле тиленүүлөрүбүздө Забур 9:10, 11, 33, 35, 38-аяттарда жанаЗабур 24:17де жазылган ойлорду айтсак болот.

Ой-сезимдерибизди сөз менен берүү кыйын болуп жатсачы?

Көкүрөгүбүздү ачыштырган сезимдер ушунчалык күч алып, сүйлөгөнгө дарманыбыз жетпей калганда, багынбашыбыз керек. Андайда сезимдерибизди, эмнеге муктаж экенибизди түшүнгөн «боорукердиктин Атасы жана ар кандай сооронучтун Кудайына» жакындай беришибиз кажет (2 Корунттуктар 1:3). Буга чейинки макалаларда сөз кылынган Мария мындай дейт: «Башым маң болуп, аябай кыйналганда эмне деп тиленеримди да билбей калам. Бирок Кудай мени түшүнөрүнө жана жардам берерине күмөн санабайм».

Кудай тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет?

Ыйык Китепте Кудайдын кыйынчылыктарыбыздын баарын алып салары айтылган эмес. Ошентсе да Кудай бизге «баарын», анын ичинде депрессиянын айынан пайда болгон кыйынчылыктарды да, көтөрүп кетүүгө күч берет (Филипиликтер 4:13). Мартина мындай дейт: «Депрессияга чалдыкканда башында Жахабадан бул ооруну алып салышын сурана берчүмүн, анткени депрессия менен күрөшүүгө алым калбай калгандай сезилчү. Азыр болсо андан ар бир күнгө күч беришин суранам».

Депрессия менен кыйналгандарга Ыйык Китеп күч-кубаттын зор булагы болуп берет. Ыйык Китепти күнүгө окуунун пайдалуу экенине 35 жылдан бери депрессия менен күрөшүп келаткан Саара өз тажрыйбасынан ынанган. Ал мындай дейт: «Албетте, догдурлардын көрсөткөн жардамына абдан ыраазымын. Бирок баарынан да, Кудайдын Сөзүн окуу мага рухий жактан да, күнүмдүк иштерде да чоң пайда алып келет. Мен аны күнүгө окууну адат кылып алгам».

Жакында депрессия түбөлүккө жок болот!

Иса Машаяк жерде жүргөндө адамдардын азапка салган ар кандай илдеттерин Кудайдын күчү менен айыктыра аларын көрсөткөн. Ал оорудан кыйналгандарга жардам берүүгө ынтызар болгон. Анын үстүнө, өзүнүн да жаны кейип, кыйналган учурлары болгон. Азаптуу өлүм менен өлөр алдындагы түнү «Машаяк өзүн өлүмдөн куткара ала турганга катуу үн менен, көз жашын төгүп, жалыныч, өтүнүч менен кайрылган» (Эврейлер 5:7). Иса өзү да азап чегип көргөндүктөн, «сыноого дуушар болуп жаткандарга жардам бере алат» (Эврейлер 2:18; 1 Жакан 2:1, 2).

Ыйык Китепте депрессияга алып келген себептердин баары жакында жок болору айтылат. Жахаба Кудай: «Мен жаңы асманды жана жаңы жерди жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт. Силер болсо Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар»,— деп убадалайт (Ышайа 65:17, 18). «Жаңы асман», тактап айтканда, Кудайдын Падышалыгы, «жаңы жер» деп эсептелген жер бетинде жашай турган адил адамдардын эмоциялык жана рухий абалын толугу менен калыбына келтирип, алардын чың ден соолукта болушуна кам көрөт. Ошондо оору-сыркоонун баары биротоло жок болот.

[9-беттеги кыстырма]

«Теңир, терең ордун ичинен мен Сенин ысымыңды чакырдым. Сен менин үнүмдү уктуң. Менин үшкүрүгүмдү, ыйымды укпаш үчүн, Өз кулагыңды жаап алба! Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: „Коркпо!“ — дечүсүң» (Жеремиянын ыйы 3:55—57)

[9-беттеги кутуча]

Ыйык Жазмадан сооронуч алуу

Лоррейнди Жахабанын Ышайа 41:10догу: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм»,— деген убадасы бекемдейт.

Альваро Забур 33:5, 7деги: «Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды... Азап чегип жаткан адам чакырганда, Теңир угуп, аны бардык азаптарынан куткарды»,— деген сөздөрдөн сооронуч алат.

Наояны Забур 39:2, 3төгү сөздөр дайыма жубатат. Ал жакта: «Мен Теңирге бекем ишенгем, ошондуктан Ал мага назар салып, менин зар-муңумду укту... Кадамымды бекемдеди»,— деп жазылган.

Наокого Жахаба тууралуу айтылган Забур 146:3төгү: «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат»,— деген сөздөр жардам берет.

Исанын Лука 12:6, 7деги: «Беш таранчы баасы абдан төмөн болгон эки тыйынга сатылат эмеспи. Ошентсе да Кудай алардын бирин да унутпайт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар»,— деген сөздөрү Элизди Жахабанын кам көрөрүнө ынандырат.

Ыйык Китептеги дагы башка аяттар:

«Менин сыйынуумду ук, Теңир, Менин ыйыма кулак сал. Менин көз жашымды көрүп унчукпай койбо» (Забур 38:13).

«Көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай» (2 Корунттуктар 7:6).

«Бардык түйшүгүңөрдү ага [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7).

[9-беттеги сүрөт]