Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машине айдоодо сак бололу

Машине айдоодо сак бололу

Машине айдоодо сак бололу

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ көптөр машинени зарыл нерсе дешет. Бирок так ошо машиненин айынан көптөр жарык дүйнө менен кош айтышууда. Дүйнө жүзү боюнча жылына 1 200 000 киши жол кырсыгынан каза болот. Андыктан канткенде машинени коопсуз айдаса болорун билип алуу зарыл. Келгиле анда, машине айдоодо эмнелерди эске алуу керектигин карап көрөлү.

Өзүңдү текшерип көр

Австралияда чыккан бир журналдын билдирүүсүнө ылайык, машине айдап бара жатканда кырсыкка кабылбаш үчүн айдоочу биринчи кезекте өз жүрүм-турумуна олуттуу карашы керек («Australian Journal of Social Issues»). Андыктан машинеге отурардан мурун айдоочу: «Машине айдаш үчүн абалым жана маанайым жакшы элеби?» — деп ойлонуп көрсө болот. Ооба, чарчап турган киши айланада болуп жаткан нерселерге көп маани бербей калышы мүмкүн. Ошондой эле Филиппиндин автотранспорт министрлиги ачуулануу, тынчсыздануу жана толкундануу сыяктуу сезимдер айдоочуга таасир этерин жана анын туура эмес чечимдерди чыгарышына, атүгүл жол кырсыгына кабылышына алып келерин баса белгилеген.

Андан сырткары, адам ооруп турганда же кайсы бир жерин кокустатып алганда машине айдоо кооптуу болгондуктан, акыбалына, башкача айтканда, адам өзүн кандай сезип турганына маани бериши керек. Башкалардын өмүрүн баалаган киши, эгер ал ичкилик ичкен болсо, эч качан машине айдап чыкпайт. Машине айдоого баңги заттарды же кандайдыр бир дары-дармектерди колдонуу да таасир этет. Мындай учурларда машинеге отурбай эле коюу же машине айдоону кимдир бирөөдөн сурануу акылдуулукка жатат.

Машинени кандай айдаарыңа көңүл бур

Көптөгөн өлкөлөрдө машиненин саны көбөйгөн сайын, тажрыйбасыз айдоочулардын саны да көбөйүүдө. Ошондуктан жол кырсыгын алдын алуу үчүн ар бир айдоочу эки нерсени эске алышы керек.

Сак айда! Машине айдап бара жатканда алды-артыңды байка. Башка машинелердин жүрүшүнө, анын ичинде эрежени бузуп айдап бара жаткандарга көңүл бур. Көбүнчө жол кырсыгы бир машине башка машинеге абдан жакын айдагандыктан келип чыгат. Ошол себептүү жакшы айдоочу өзүнүн машинесин алдыда кетип бара жаткан башка машинеден алысыраак айдайт.

Айланага көңүл бур. Эч нерсеге алаксыба. Айланада эмне болуп жатканын баамдаш үчүн күзгүнү эле карабастан, өзүң да бурулуп кара. Машине айдап бара жатканда эч нерсеге алаксыба. Бир эле учурда көп иш менен алектенбе. Мисалы, чөнтөк телефон менен сүйлөшүү же ушу сыяктуу дагы башка нерселерди кылуу ойду бөлүп, алаксытат.

Мотоцикл айдаганда... Айрым билдирүүлөргө ылайык, ар бир километр сайын машине айдагандарга караганда мотоцикл айдагандар жол кырсыгынан 37 эсе көп каза болушат. Андыктан сен эмне кылсаң болот? Жогоруда айтылган эки кеңеш мотоцикл айдоочуларга да тиешелүү. Кошмо Штаттардагы мотоцикл коопсуздугу боюнча фонд: «Мотоциклде бара жатканда башкаларга көрүнгүдөй бол»,— деп кеңеш берет. Ооба, башкалар сени көргүдөй болушсун. Мотоциклиңдин фарасын күйгүзүп ал. Башка машинелерден алысыраак айда. «Тийиштүү кийин». Башыңа каска, ал эми үстүңө ачык түстөгү калың, оңой менен айрылбай турган коргоочу кийим кий. «Болушунча сак айда». Башкалар сени байкабай калышы мүмкүн экенин эске ал жана ошого жараша иш кыл.

Машинеңдин абалы кандай?

Айдоочу өзүнүн ден соолугуна кам көргөндөй эле, машинесинин абалына да кам көрүшү зарыл. Унаанын бардык башкаруу механизмдери, анын ичинде тормозу жакшы иштеши кажет. Машине тайгаланып кетпеши үчүн дөңгөлөктөрдүн протекторлору (дөңгөлөктөрдүн бетиндеги чийиндери) жешилип калбагандай жакшы абалда болушу керек. Эгер дөңгөлөктөр жакшы үйлөтүлгөн болсо, машинени башкаруу жана токтотуу оңой болот. Ошондой эле коопсуздук курун тагынуу абзел. Болбосо, андан эч пайда жок.

Машинени аба ырайын эске алып айда. Мисалы, жаан жаап жаткан учурда, өзгөчө кар жаап жатканда машине айдоо кооптуу. Себеби жер тоңуп, жол тайгак болуп калат да, машинени башкаруу оңой болбой, аны токтотуу кыйла кыйыныраак болуп калат. Ал эми түнкүсүн машине айдоо коопсуз болуш үчүн машиненин фаралары жакшы иштеши талап, ошондой эле аны жай айдоо зарыл. Биз Кудай берген өмүрдү баалагандыктан, машинени коопсуз айдоонун жолдорун билип алганыбыз дурус.

[13-беттеги кутуча/сүрөт]

КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫ ҮНӨМДӨП АЙДОО

Бир калыпта айда. Машиненин ылдамдыгын тез жогорулатып, кайра бат эле тормоз бере берүү күйүүчү майдын короп кетишине алып келет.

Машинени от алган боюнча калтырба. Азыркы машинелерди айдаардан мурун жылытуунун дээрлик кажети жок. Эгер машинеңди жарым мүнөттөн узакка токтото турган болсоң, анда кыймылдаткычын өчүрүп кой.

Дөңгөлөктөр дайыма жакшы үйлөтүлгөн болсун. Жакшы үйлөтүлгөн дөңгөлөктөр жеңил айланат. Андыктан бензин кыйла аз сарпталат.

Жогорку ылдамдыкта айдаба. Жогорку ылдамдыкта айдоо, биринчиден, кооптуу, экинчиден, бензин көп кетет.

[11-беттеги сүрөт]

❏ Алды-артыңды байка

❏ Коопсуздук курун тагын

❏ Бир эле учурда көп иш менен алектенбе

[12-беттеги сүрөт]

❏ Эч нерсеге алаксыба

❏ Айланага көңүл бур

❏ Тормоз жакшы иштейби?

❏ Дөңгөлөктөр жакшы үйлөтүлгөнбү?

❏ Протекторлор жешилген эмеспи?

❏ Алдыдагы машинеден алысыраак айда

[13-беттеги сүрөт]

❏ «Тийиштүү кийин»

❏ «Башкаларга көрүнгүдөй бол»

❏ Фаралардын иштер-иштебесин текшер