Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үнөмдүүлүктүн үлгүсү

Үнөмдүүлүктүн үлгүсү

Өзү жаралганбы?

Үнөмдүүлүктүн үлгүсү

▪Окумуштуулар бекем, үнөмдүү жана айлана-чөйрөгө зыяны аз машине ойлоп табуу үчүн деңиздин түбүндөгү бир жандыкка көңүл бурушкан. Ал эмне болгон жандык экенин билгиңер келеби? Ал — жеңил корпустуу жана аэродинамикалык өзгөчөлүккө ээ машиненин даяр үлгүсү болгон, тропик деңиздериндеги коралл рифтеринде жашаган көнөчөк сымал балык.

Кызыктуусу. Көнөчөк сымал балык аябай тез сүзөт: ал бир секунддун ичинде өзүнүн денесинин узундугунан алты эсе узун аралыкты сүзүп өтө алат. Бирок анын ыкчам сүзүшүнө булчуңдары эле шарт түзбөйт. Таң калыштуусу, анын куб сымал формасы аэродинамикалык касиетин жогорулатат. Окумуштуулар ал балыктын моделин аэродинамикалык түтүктө сынап көрүп, анын модели башка чакан машинелердин моделдерине караганда, абанын каршылыгына азыраак дуушар болорун аныкташкан.

Балыктын сөөк пластинкаларынан турган чопкут менен капталган денеси анын абдан бекем, ошол эле учурда жеңил болушуна өбөлгө түзөт. Ал эми тегерегинде пайда болгон кичинекей айлампалар турбуленттүү агымдарда анын туруктуу болушуна шарт түзөт. Ошол себептүү ыкчамдыгы жана бекемдиги жагынан бул балыкка тең келгендер аз.

Окумуштуулар ал балыктын формасынын үлгүсү боюнча коопсуз, үнөмдүү жана корпусу жеңил машине ойлоп чыгарууга аракет кылышууда. Ушул тармакта изилдөө жүргүзүп жаткан окумуштуулардын тобун жетектеген Томас Вебер мындай дейт: «Эпсиз, копол көрүнгөн балыктын үлгүсү боюнча үнөмдүү жана аэродинамикалык өзгөчөлүктөргө ээ машинени ойлоп чыгарса болот деп ким ойлоптур».

Кандай деп ойлойсуңар? Ушундай таң калыштуу өзгөчөлүктөргө ээ көнөчөк сымал балык өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?

[16-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Boxfish: © Hal Beral/V&W/SeaPics.com; car: Mercedes-Benz USA