Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

▪ Атлантика океанынын түбүнөн «эң узак жашаган жандык табылган». Окумуштуулар ал молюсктун раковинасынын катмарын санап көрүшүп, анын 405 жыл жашаганын аныкташкан («САНДИ ТАЙМС», УЛУУ БРИТАНИЯ).

▪ «Экономикалык кризис акчасы миллиарддап саналган байлардан да кыя өткөн жок. Ошондон улам алар психологдорго кайрылууда» («НЬЮ-ЙОРК ТАЙМС», АКШ).

Телевизор өспүрүмдөрдү адеп-ахлаксыздыкка «үйрөтүүдө»

«Телевизордон көрсөтүлгөн адеп-ахлаксыздык өспүрүмдөрдүн жыныстык мамилелерге болгон көз карашына терс таасир этип, бузукулукка түртөрү айкын болууда»,— делет «Педиатрия» журналында. Изилдөөлөргө ылайык, адеп-ахлаксыздык камтылган телекөрсөтүүлөрдү азыраак көргөн өспүрүмдөргө караганда аларды көбүрөөк көргөн өспүрүмдөрдүн арасында «кош бойлуулук эки эсе көп болгону байкалган». Мунун себеби телеберүүлөр менен фильмдерде жыныстык мамилелердин кесепеттери, алсак, анын күтүүсүз кош бойлуулукка жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга алып келери дээрлик көрсөтүлбөйт. Албетте, өспүрүмдөрдүн жыныстык мамилелерге болгон көз карашынын туура эмес калыптанышына жалаң эле телевизор себепкер эмес. Изилдөөчүлөр айткандай, бул жагынан гезит-журналдардын, Интернеттин жана музыканын да таасири чоң.

Пес оорусунун жаңы очогу

Кошмо Штаттарында үч миң адам Хансен оорусу деп да аталган, пес оорусунан дарыланууда. Бул оору менен жыл сайын 150гө жакын киши катталат. Алардын көбү башка өлкөлөрдөн келгендер. Бирок Тропикалык медицина жана гигиена боюнча Америка коому белгилегендей, Луизианадагы Батон-Ружда (АКШ) негизделген Хансен оорусуна каршы улуттук программанын аркасында «жыл сайын Луизиананын түштүгүндө жана Техастын Мексика булуңунун түндүк жээгинде жашаган тургундардын арасынан пес оорусу менен ооруган 30га жакын киши катталат. Кызыктуусу, алар Кошмо Штаттарында эле төрөлүп-өсүшкөн жана пес оорусу кеңири тараган өлкөлөргө эч качан барышкан эмес». Изилдөөчүлөр бул оорунун кандайча жайылып жатканын дагы деле толук түшүнбөй жатышат. Пес оорусун эртерээк аныктап дарыласа, толук сакайып кетүү мүмкүн. Бирок бул оору өтүшүп кетсе, жабыркаган нерв клеткалары кайра калыбына келбейт.

Радиоактивдүү материалдар уурдалууда

«Террористтердин ядролук жана радиоактивдүү материалдарга оңой эле ээ боло алары коркунуч туудурганы туудурган,— дейт Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин башкы директору Мохаммед Эль-Барадей.— Агенттикке 2008-жылдын биринчи жарымында эле 250гө жакын ядролук жана радиоактивдүү материалдар уурдалганы же жоголгону маалымдалган. Бул билдирүү тынчсыздандырбай койбойт. Андан да ал материалдардын жоголгондон кийин дайыны табылбай калганы кооптондурат». Бул көйгөйдүн тамыры кайда экени — радиоактивдүү материалдарга жетүүнү көксөгөндөр көбөйгөнүндөбү же мамлекет кызматкерлеринин эсеби так болбой жатканындабы — так айтуу кыйын.

Ысрайылда байыркы кол жазмалар табылды

Ысрайылдык археологдор Жансыз деңиз түрмөктөрүнөн 1 000 жыл мурун жазылган кол жазмаларды табышты. Карапанын сыныгына сыя менен беш катар жазылган ал табылга б.з.ч. 10-кылымга таандык болгон Жүйүттөгү Хирбет-Кейяфа чебинин казууларынан табылган. Иерусалимдеги эврей университетинин бир басмасында айтылганына караганда, анын мазмуну толугу менен чечмелене элек, бирок ал тажрыйбалуу китепчи жазган юридикалык документ көрүнөт. Анда «сот», «кул», «падыша» деген сыяктуу сөздөр кезигет.

[30-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Gabi Laron/Institute of Archaeology/Hebrew University © Yosef Garfinkel