Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

70 жылдан ашуун берилгендикти сактоо

70 жылдан ашуун берилгендикти сактоо

70 жылдан ашуун берилгендикти сактоо

Айтып берген: Жозефина Элиас

«Тынчсызданбай эле кой. Мени өлтүрүшсө да, бул жерден бошотушса да Кудайга берилгендигимден жазбайм»,— деп жолдошум түрмөдөгү тордун ары жагынан мага шыбырады. Мен дагы Кудайга берилгендигимди сактоого чечкиндүү болчумун, азыр да чечкиндүүмүн.

МЕН 1916-жылы Ява аралынын тоолуу аймагында жайгашкан Сукабуми (Индонезия) деген чакан шаарда төрөлгөм. Ата-энем кытайлык бардар адамдардан эле, заңгыраган чоң үйүбүздө үй кызматчылары кызмат кылышчу. Менин үч агам, эки иним бар болчу. Үйдө мен жалгыз кыз болгондуктан, эркек мүнөз болуп чоңойдум. Спортко кызыкчумун, тамдын башына чыкканды жакшы көрчүмүн. Бирок өзүм кичине болсом да, жүрөгүмдү өйүгөн бир нерсе бар болчу.

Мен тозок отунда күйөм го деп коркчумун. Анткени мугалимдер тентек кыздар өлгөндө тозокто күйөт деп көп айтышчу. Бейбаш болгондуктан тозокко түшөм го деп тынчсызданар элем. Кийинчерээк Жакартадагы (мурунку Батавия) мектепте окуп жүргөн кезимде катуу ооруп калдым. Догдур менин аман каларыман күмөн санаган эле, андыктан мен жашаган үйдүн ээси жакында асманга кетесиң деп жубатууга аракет кылчу. Бирок мен баары бир тозокко түшөт болушум керек деп корко берчүмүн.

Ооруп калганымды угары менен апам менен агам Додо мени алып кетүү үчүн Жакартага келип калышты. Жолдо баратканда, Додо менден: «Ыйык Китепте тозок оту жөнүндө айтылбай турганын билесиңби?» — деп сурап калды.

«А сен муну кайдан билесиң?» — деп сурадым. Апам Ыйык Китептен өлгөндөрдүн эч нерсе билбей турганы жана алардын тирилтилери жөнүндө окуп берди (Насаатчы 9:5, 10; Жакан 5:28, 29). Анан: «Биз муну Жахабанын Күбөлөрүнөн уктук»,— дешти. Алар мага «Адам өлгөндө эмне болот?» деген китепчени беришкенде, мен аны дароо эле окуй баштадым *. Үйгө жеткенге чейин эле китепчеде жазылгандар чындык экенине ынандым.

Ишенимим тууралуу жарыялай баштадым

Ошол маалда үй-бүлөбүз менен Ява аралынын батышындагы Бандунг деген чоң шаарга көчүп барган элек. Ал жактан акырындык менен сакайып кеттим. 1937-жылдын март айында үйүбүзгө Жакартада кызмат кылган австралиялык Клем Дешан деген Жахабанын Күбөсү келди. Ошондо мен, апам, Феликс жана Пең деген байкелерим болуп төртөөбүз өзүбүздү Кудайга арнап, сууда чөмүлтүлдүк. Кийинчерээк инилерим Хартанто менен Жусак жана атам да Жахабанын Күбөсү болушту *.

Чөмүлтүлгөндөн кийин Клемге кошулуп тогуз күндүк кабар айтуу өнөктүгүнө катыштык. Ал бизге ыйык китептик кабар үч тилде жазылган баракчаны колдонуп, кантип кабар айтса болорун көрсөттү. Ошондой эле биз туугандарыбызга жана досторубузга кабар айтчубуз. Көп өтпөй Бандунгдагы чакан топ чоң жыйналышка айланды. Бул Индонезиядагы экинчи жыйналыш эле.

Ошол эле жылы Жакартада жашаган 80 000 кытайлыкка кабар айтуу максатында ошол жакка көчүп бардык. Апам, Феликс жана мен Кудай жөнүндө көбүрөөк кабар айтуу үчүн пионер болуп кызмат кыла баштадык. Мен Бандунгда, Сурабаяда жана башка жерлерде да кабар айтчумун. Кабарды көбүнчө жалгыз айтар элем. Ал кезде жаш, күч-кубатка толуп турган учурум эле, Кудайга кубаныч менен кызмат кылчумун. Бирок ошо кезде согуш оту тутанайын деп турган. Ошондон көп өтпөй Кудайга болгон ишенимим сыналды.

Согуш учурунда сыноолорго туш болдук

Экинчи дүйнөлүк согуштун эпкини 1941-жылы декабрда Азияга да жетти. Жапон императордук армиясы Индонезияны басып алып, кыңк эттирбей кармап турду. Биздин адабияттарды таратууга тыюу салынып, ээн-эркин кабар айта албай калдык. Кызыгуучулардын үйүнө баратканда, көргөндөр шахмат ойногону бараткан экен деп ойлосун деп, шахмат көтөрүп алчумун.

1943-жылы пионер болуп кызмат кылган Андре деген жигитке турмушка чыктым. Ал үнү жоон, эч нерседен тайманбаган, эр жүрөк жигит эле. Экөөбүз ыйык китептик адабияттарды Ява аралы аркылуу жашыруун алып өтчүбүз. Эгер кармалып калсак, полиция катуу жазалап, атүгүл өлтүрүп да коймок. Кармалып кала жаздаган учурларыбыз да көп болгон.

Бир жолу Андре экөөбүз Сукабумиде поездге отурганы жатканда, кемпейтай (Жапон аскер полициясы) бизди токтотту. Баштыгымдын түбүндө адабияттар бар болчу. Полиция кызматкери: «Баштыгыңда эмне бар?» — деп зекий сурады.

Андре: «Кийимдерибиз»,— деп жооп берди.

«А кийимдердин астындачы?» — деди ал.

«Кийимдердин астында да кийимдер»,— деп жооп берди Андре.

«Баштыктын түбүндө эмне бар деп сурап жатам!» — деди кемпейтай. Мен демимди ичиме катып туруп калдым да, ичимден Жахабага тилене баштадым. Ошондо Андре: «Өзүңүз текшерип көрүңүз»,— деди.

Полициянын жардамчысы баштыгыбызды аңтара баштады. Бир маалда кыйкырып жиберип, колун шарт тартып алды. Көрсө, колун төөнөгүчкө сайып алыптыр. Эмне кыларын билбей калган полиция: «Баштыгыңарды алгыла да, поездге түшкүлө»,— деп буйруду.

Дагы башка жолкусунда кемпейтай кызматкерлери менин Жахабанын Күбөсү экенимди билип калышып, полиция участогуна алып кетишти. Андре менен агам Феликс да мени менен барышты. Биринчи Андрени суракка алышып, ага: «Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер? Сен Жапон мамлекетинин душманысыңбы? Же тыңчысыңбы?» — деген сыяктуу суроолорду жаадырышты.

«Биз кудурети күчтүү Кудайдын кызматчыларыбыз жана жаман эч нерсе жасаган жокпуз»,— деп жооп берди Андре. Ошондо башкы офицер дубалда илинип турган самурай кылычын шак ала коюп, өйдө көтөрдү.

Ал ачуулана: «Сени азыр өлтүрүп салайынбы?» — деп кыйкырды. Андре башын үстөлгө коюп, ичинен тилене баштады. Бир азга тым-тырс боло түшүп, офицер бөлмөнү жаңырта каткырып жиберди да: «Сен эр жүрөк жигит экенсиң»,— деди. Анан Андрени коё берип, Феликс экөөбүздү чакырды. Биздин айткандарыбыз менен Андренин айткандары дал келгенин көргөндө: «Силер тыңчы эмес экенсиңер. Чыгып кеткиле бул жерден!» — деп кыйкырды.

Үчөөбүз сүйүнгөн бойдон Жахабаны даңктап, үйдү көздөй жөнөдүк. Ошондо бизди алдыда мындан да оор кыйынчылыктар күтүп турганын ойлогон да эмеспиз.

Ишенимибиздин катуу сыналышы

Бир нече ай өткөндөн кийин жыйналыштагы «жалган биртуугандардын» айынан Андре кемпейтайлардын колуна түшүп калды (2 Корунттуктар 11:26). Мен аны менен көрүшкөнү түрмөгө бардым. Андре аябай арыктап, алсырап калыптыр. Ал жугунду аккан түтүктөн тамактын калдыктарын чогултуп жеп, күн көрүп жүрүптүр. Бирок түрмө сакчылары аны актыгынан тайдыра алышкан эмес. Баянымдын башында айткандай, ал мага түрмөдөгү тордун ары жагынан: «Тынчсызданбай эле кой. Мени өлтүрүшсө да, бул жерден бошотушса да Кудайга берилгендигимден жазбайм. Балким, сөөгүм ушул жерден чыгаттыр, бирок Кудайды эч качан сатпайм»,— деп шыбыраган эле.

Алты ай өткөндөн кийин Андренин иши Жакартанын Жогорку сотунда каралды. Сот залына үй-бүлөбүз жана досторубуз келишти. Кандай өкүм чыгат болду экен деп, баарыбыз тынчсызданып турдук.

Сот Андреге: «Сен эмне үчүн Жапон аскеринде кызмат кылбайсың?» — деген суроо берди.

Андре: «Мен Кудайдын Падышалыгынын жоокеримин. Жоокер бир эле учурда эки аскерде кызмат өтөй албайт»,— деп жооп берди.

Анан сот: «Сен башкаларды да аскерге барбоого үндөйсүңбү?» — деп сурады.

«Жок. Муну ар бир адам өзү чечет»,— деп жооп берди Андре.

Андре суроолордун баарына Ыйык Китептеги аяттар менен жооп берип жатты. Ислам динине бекем карманган сотту Андренин айткандары абдан таң калтырды. Сот: «Экөөбүз эки башка нерсеге ишенсек да, мен адамды абийирине каршы иш кылууга мажбурлай албайм. Сен бошсуң»,— деди.

Сот залы шаңга бөлөнө түштү, кубанычым койнума батпай, жүрөгүм толкуп турду. Андре жаныма басып келип, колумду кыса кармады. Үй-бүлөбүз, досторубуз бизди тегеректеп алып, куттуктап жатышты.

Чыныгы эркиндикти жарыялоо

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Индонезияда Голландиянын колониялык бийлигине каршы төрт жылга созулган төңкөрүш болду. Миңдегендердин өмүрү кыйылып, айылдын тургундары үйлөрүн таштап качып кетишти. Патриоттор бизди аларга кошулуп, «мердека» деп кыйкырууга мажбурлоого аракет кылышты. Ал сөз «эркиндик» дегенди билдирет. Бирок биз аларга саясий иштерге аралашпай турганыбызды айттык.

Өлкөдөгү баш аламандыкка карабастан, кайрадан үймө-үй кабар айтууну уланта баштадык. Биз мурун колдонуп жүргөн баракчаларды жана согуш башталганга чейин катып койгон адабияттарды колдонуп кабар айтып жүрдүк. Өлкөдө кырдаал оңоло түшкөндө, 1948-жылдын май айында, Андре экөөбүз пионердик кызматты баштадык. Ошол учурда бүткүл Индонезия боюнча бизден башка пионерлер жок эле. Үч жыл өткөн соң Жакартага Нью-Йорктогу (АКШ) Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 14 бүтүрүүчүсү дайындалды; биз аларды чоң кубаныч менен кулач жайып тосуп алдык. Алардан үйрөнгөндөрүбүз бизге кызматта дагы көптү кылууга жардам берди.

1952-жылы июнда Андре экөөбүз Семаранг шаарына (Борбордук Ява) атайын пионер болуп дайындалдык. Кийинки жылы Гилат мектебинин 22-классына чакырылдык. Миссионердик мектепти бүткөндөн кийин Индонезияга кайтып келип, Тимор аралындагы Купанг шаарында кызмат кылдык. Кийинчерээк Түштүк жана Түндүк Сулавесиге жиберилдик. Ал жерден да ишенимибиз көп жагынан сыналды.

Кайрадан тыюу салынды

1965-жылы болгон төңкөрүш жүз миңдегендердин өмүрүн алып тынды. Айрым чиркөө кызматчылары саясатка кийлигишип, Жахабанын Күбөлөрүн коммунисттер деп каралашкан. Бактыга жараша, бийликтегилер алардын айткандарына шар эле ишенишкен жок. Бирок чиркөө кызматчылары ошо менен эле токтоп калышкан эмес, алар Жахабанын Күбөлөрүнө жалаа жапканын уланта беришкен. Ошентип, 1976-жылы 25-декабрда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынды.

Тыюу салынгандан көп өтпөй Манадо шаарынын округдук прокурору Андрени жумушуна чакырып: «Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганын билесиңби?» — деп сурады.

Андре: «Ооба»,— деп жооп берди.

Анан прокурор: «Эми башка динге өтөйүн деп жатасыңбы?» — деп сурады.

Андре эңкейип, өзүн төшкө уруп, үнүн бийик чыгарып: «Менин жүрөгүмдү суурусаңар сууруп алаттырсыңар, бирок динимди өзгөртүүгө эч качан мажбур кыла албайсыңар»,— деди.

Нес болуп туруп калган прокурор: «Мен отчётко эмне деп жазышым керек?» — деп сурады.

«Менин дагы эле Жахабанын Күбөсү экенимди жана эч жаман иш кылбаганымды жаз»,— деди Андре.

Прокурор: «Силер адабияттарыңарды таратпашыңар үчүн, мен алардын баарын алышым керек»,— деди.

Ошол эле түнү жыйналыштагы жаш бир туугандар биздин үйдөгү адабияттардын баарын ташып кетишти, үйдө бош коробкалар эле калды. Биз Ыйык Китепти колдонуп, кабар айтууну уланта бердик. Округдук прокурор ошондон кийин тынчыбызды алган жок.

Эң сонун жашоо өткөрдүм!

Кийин Андре экөөбүз Ява аралындагы Сурабая шаарында жана Суматра аралынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан Банка аралында да кызмат кылдык. 1982-жылы жолдошумдун ден соолугунун начарлашына байланыштуу Жакартага кайтып барууга туура келди. Андре 2000-жылы 85 жашында дүйнө менен кош айтышты. Ал өмүрүнүн аягына чейин пионердик кызматын ынталуулук менен аткарды. Анын көз жумганынан бир жыл өткөндөн кийин Индонезияда кабар айтуу ишине кайрадан уруксат берилди.

Мен эң сонун жашоо өткөрдүм! Азыр 93төмүн, өмүрүмдүн 70тен ашуун жылы пионердик кызматта өттү. Мен 1937-жылы чөмүлтүлгөндө Индонезияда, болгону, 25 эле Жахабанын Күбөсү бар болчу. Бүгүн болсо алардын саны 22 000ге жетти. Ошол өсүшкө өз салымымды кошконум үчүн кандай гана бактылуумун! Бирок бул менин кызматымдын башталышы гана деп айта алам. Анткени мен Кудайга түбөлүккө ишенимдүү кызмат кылгым келет.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

^ 9-абз. Жозефинанын үй-бүлөсүндөгүлөрүнүн баары Жахабага берилгендигин сакташкан. Алардын ичинен азыр Жозефина жана иниси Жусактын гана көзү тирүү. Экөө учурда Жакартада кызматын ынталуулук менен улантышууда.

[13-беттеги кыстырма]

«Мен Кудайдын Падышалыгынын жоокеримин. Жоокер бир эле учурда эки аскерде кызмат өтөй албайт»

[14-беттеги сүрөт]

«Менин жүрөгүмдү суурусаңар сууруп алаттырсыңар, бирок динимди өзгөртүүгө эч качан мажбур кыла албайсыңар»

[15-беттеги сүрөт]

Биз жашаган жана кабар айткан жерлер

ИНДОНЕЗИЯ

Сулавеси

Манадо

Суматра

Банка

Ява

ЖАКАРТА

Сукабуми

Бандунг

Семаранг

Сурабая

Тимор

Купанг

[15-беттеги сүрөт]

Андре экөөбүз, 1970-жылдар

[15-беттеги сүрөт]

15 жашымда «Адам өлгөндө эмне болот?» китепчесин окуп, Ыйык Китепте чындык жазылганына ынангам