Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-сыры. Үй-бүлөнү жогору баалоо

1-сыры. Үй-бүлөнү жогору баалоо

1-сыры. Үй-бүлөнү жогору баалоо

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

Бул эмнени билдирет? Үлгүлүү үй-бүлөлөрдө жубайлар эч качан өзүнүн кызыкчылыгын, кандайдыр бир мүлктү, жумушун, досторун, атүгүл тууган-туушкандарын жарынын кызыкчылыгынан жогору койбойт. Ошондой эле алар бири-бири менен жана балдары менен көп убакыт өткөрүшөт. Андай жубайлар үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн курмандыктарга барууга даяр (Филипиликтер 2:4).

Бул эмне үчүн маанилүү? Ыйык Китепте үй-бүлөнү жогору баалоо керектиги баса белгиленет. Маселен, Ыйык Китепти жазууга катышкан элчи Пабыл үй-бүлөсүнө кам көрбөгөндөрдү «ишенбегендерден да жаман» деп айткан (1 Тиметей 5:8). Анткен менен адамдардын маанилүү деп эсептеген нерселери убакыттын өтүшү менен өзгөрүп кетиши мүмкүн. Үй-бүлөлөргө кеңеш берүүчү бир адис ага кайрылгандардын көбүнүн үй-бүлөсүнө караганда жумушуна көбүрөөк тынчсызданарын байкаган. Анын айтымында, адамдар ал адиске өздөрүнүн жумушунан алаксыбаш үчүн, үй-бүлөдөгү көйгөйлөрүн тез аранын ичинде чечүүнүн жолдорун үйрөнүү максатында гана кайрылышат. Бул эмнени көрсөтүп турат? Мындан «үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда турат» деп айтып коюу менен аны иш жүзүндө көрсөтүү эки башка нерсе экени көрүнүп турат.

Кеңеш. Төмөндөгү суроолордун жардамы менен сен үчүн эмне маанилүү экенин текшерип көр.

Жубайым же балам мени менен сүйлөшкүсү келип жатса, ага дароо көңүл бурууга аракет кыламбы?

Башкалар менен сүйлөшүп жатканда, өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу да сөз кыламбы?

Үй-бүлөмө көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек болуп жатса, кайсы бир иштерди (жумушту же дагы башка майда-чүйдө иштерди) жыйыштырып коё аламбы?

Эгер ушул суроолорго «ооба» деп жооп берсең, анда үй-бүлөңдү чындап эле баалаарың айкын. Бирок жарың менен балдарың сен тууралуу ушинтип айта алышабы? Үй-бүлөнү баарынан маанилүү деп өзүбүз ойлосок эле, чынында эле ошондой экенин билдирбеши мүмкүн. Кийинки макалалардагы суроолорго жооп берип жатканда ушуну эске алуу маанилүү.

Сөздөн ишке. Үй-бүлөңдү биринчи орунга коёруңду кандай жолдор менен көрсөтө аларың тууралуу ойлонуп көр. (Мисалы, үй-бүлөңө көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кайсы иштерден баш тарта аласың?)

Кандай өзгөрүүлөрдү жасагың келип жатканын үй-бүлөңө билдирүүгө эмне үчүн болбосун? Адатта, үй-бүлөдө бирөө өзгөрүүгө умтулуп жатса, башкалар да аны тууроого түрткү алышат.

[3-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөсүн биринчи орунга койгон адам анын бактылуу болушуна шарт түзөт