Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүү көрсөтүү маанилүү

Сүйүү көрсөтүү маанилүү

Сүйүү көрсөтүү маанилүү

ЖАҢЫ эле эгиз балдарды төрөгөн энеге балдар психиатры: «Аларды көбүрөөк кучакта»,— деп кеңеш берген. Анткени ал эне психиатрдан бала тарбиялоого байланыштуу кеңеш сураган болчу. Психиатр дагы мындай деп кошумчалаган: «Балдарыңа ар кандай жолдор менен сүйүү көрсөтө бер. Аларды кучакта, өп, эркелет, түшүнүү менен мамиле кыл, алар менен кошо кубан, алардан эч нерсе аяба, кечире бил, ошондой эле зарыл болгон учурда жазала. Балдарды жакшы көрөрүбүздү алар өздөрү эле билет деп эч качан ойлобошубуз керек».

Майамидеги (Флорида штаты, АКШ) бир институттун жетекчиси Тифани Филд да жогоруда айтылгандарга кошулат. Ал: «Баланын торолуп, жакшы чоңоюшуна тамак-аш жана дене тарбия көнүгүүлөрү канчалык маанилүү болсо, кучактап-эркелетүү да ошондой эле маанилүү»,— дейт (Touch Research Institute).

Чоңдор да кучактап-эркелетүүгө муктажбы? Ооба. Психолог Клод Стинер изилдөөлөрдүн аркасында адам кайсы куракта болбосун, башкалардын жылуу сөзүнө, кучакташына абдан муктаж жана бул анын эмоциялык саламаттыгынын жакшы болушуна шарт түзөт деген жыйынтыкка келген. Кары адамдарга кам көрүп келген Лора деген медайым мындай деп ой бөлүшөт: «Карыларга сүйүү менен мамиле кылуу аларга кадимкидей жакшы таасир этет. Аларды кучактап, жылуу-жумшак мамиле кылсаң, алар сага ишенип, айтканыңды даярдуулук менен аткарышат. Ушундайча сүйүү көрсөтүү алардын кадыр-баркын сыйлагандыкка жатат».

Андан тышкары, башкаларга сүйүү көрсөтүүдөн өзүбүз да пайда алабыз. Иса Машаяк: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген (Элчилер 20:35). Айрыкча, кыйналып, көңүлү чөгүп же бир нерседен кооптонуп тургандарга сүйүү көрсөтүүдөн көбүрөөк кубаныч алабыз. Ыйык Китепте ошондой адамдарга кандайча сүйүү көрсөтүлгөнү баяндалган көптөгөн окуялар бар.

Алсак, бир жолу Иса Машаяк элден обочо жашашы керек болгон, «бүт денесин пес оорусу каптаган бир кишиге» боор ооруу менен колун тийгизген. Ошондо пес оорулууга Исанын жылуу мамилеси кандай гана жагымдуу болгонун элестетсеңер (Лука 5:12, 13; Матай 8:1—3).

Ошондой эле улгайган Даниел пайгамбарга Кудайдын периштеси үч жолу колун тийгизип, жылуу сөздөрдү айтып кайраттандырганда, Даниел кандай сезимде болгону тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ошондо периштенин назиктик менен кол тийгизгени, жагымдуу сөздөрдү айтканы алсырап турган Даниелге күч-кубат бергени шексиз (Даниел 10:9—11, 15, 16, 18, 19).

Ал эми элчи Пабылды Эфестеги ишенимдүү досторунун аны экинчи көрбөй турганын билишкенде «мойнунан кучактап өпкүлөшкөнү» канчалык бекемдеди болду экен? (Элчилер 20:36, 37). Алар аны менен коштошуу үчүн Милетке 50 километр жол жүрүп келишкен эле.

Ошентип, Ыйык Китеп да, илимий изилдөөлөр да бизди бири-бирибизге сүйүү көрсөтүүгө үндөйт. Сүйүүгө болгон муктаждыгыбызды канааттандыруу ден соолугубузга жана эмоциялык саламаттыгыбызга жакшы таасир этет. Ооба, сүйүүгө кичинекей балдар эле эмес, баары муктаж.