Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн балдарга жакпайм?

Эмне үчүн балдарга жакпайм?

Жаштардын суроолору:

Эмне үчүн балдарга жакпайм?

Ал менин көптөргө таанымал кыз экенимди билет. Мен ага көп балдарга жагарымды айткам. Ага досторумдун болбогон эле немелер экенин айтканда, ал күлүп жиберген. Ал менин көптү билген акылдуу кыз экенимди да билет. Кээде анын туура эмес айткан сөздөрүн тууралап коём... Деги ал мага качан сөз айтат болду экен?

Ал өзү жакшынакай эле кыз, бирок аркы-беркини көп ойлобойт окшойт. Сүйлөйүн десең эле, оозуңдан сөзүңдү жулуп алат. Анан бир нерсе айтсаң, тууралап кирет. Чынын айтсам, аны көргөндө качып кетким келет.

ЭМНЕ үчүн балдарга жакпайм деп тынчсызданасыңбы? Көп кыздар тынчсызданышат, атүгүл сыртынан байкала бербеген кыздар деле тынчсызданышат. Мисалга Жоаннаны алалы. Ал өңдүү-түстүү, акылдуу, өз оюн ачык айта билген кыз. Бирок ал: «Мага балдар мени жактырбагандай сезиле берет. Мага жаккан балдардын бир азы эле мага көңүл буруп, бирок көпкө узабай эле мени менен такыр сүйлөшпөй калышты»,— дейт.

Балдарга кандай кыздар жагат? Кандай кыздар жакпайт? Канткенде кадыр-баркыңды түшүрбөй, жакшы жигиттин көңүлүнө жага аласың?

Эмне кылсаң болот?

Өзүңдү жакшыраак билгенге аракет кыл. Жетилип келаткан убакта балдарга жагууга болгон каалооңдун өсүп жатканын байкашың мүмкүн. Сага бир эмес, бир нече бала жагышы ыктымал. Бул табигый нерсе. Бирок сенин жүрөгүңө чок салган биринчи эле жигитти акылыңан адашканча сүйүп калсаң, анда бул эмоциялык жана рухий жактан өсүшүңө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Анткени жакшы сапаттарды өрчүтүүгө, акылыңды «жаңылантууга» жана жеке максаттарыңа жетүүгө убакыт талап кылынат (Римдиктер 12:2; 1 Корунттуктар 7:36; Колосалыктар 3:9, 10).

Көптөгөн балдар көз карашы калыптана элек, ишенчээк кыздарды жактырары чын. Бирок андай балдар биринчи кезекте кыздардын ички дүйнөсүнө эмес, сырткы көрүнүшүнө маани беришет. Ал эми кыздардын сырткы көрүнүшүнө эле карай бербеген бала мыкты жар боло ала турган жакшы сапаттарга ээ кыздарга көңүл бурат (Матай 19:6).

Балдар эмне дешет? «Мага өзүнүн жеке көз карашы бар, өз алдынча чечим чыгара алган, ички дүйнөсү калыптанган кыздар жагат» (Жеймс).

«Мен өз оюн ачык, сылык-сыпаа айта алган жана менин ар бир сөзүмө кошула бербеген кыздарга көңүл бурам. Жакшынакай болсо да, мен уккум келген сөздөрдү гана айта берген кыздарга көп ишенбей калам. Андайлардан алыс болгонго аракет кылам» (Дарен).

«Чынын айтсам, мен адегенде кыздардын сулуулугуна карайм. Бирок ал кыздын алдыга койгон арзырлык максаттары жок болсо, көңүлүмө жакпай калат. Ал эми жашоосун кандай өткөрөрүн чечип, өзгөчө, айрым максаттарына жеткен кыздар мага жагымдуу көрүнөт» (Дамиен).

Башкаларды урматтаганга үйрөн. Аял заты башкалардын аларды сүйүшүн кааласа, эркектер терең урматташын каалайт. Андыктан Ыйык Китепте күйөөлөр аялдарын сүйүшү керектиги, ал эми аялдар күйөөлөрүн «терең урматташы» керектиги жазылганы бекеринен эмес (Эфестиктер 5:33). Буга байланыштуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андан жүздөгөн жаш жигиттердин 60 пайыздан ашууну кыздардын аларды сүйүшүнө караганда, урматташын каалаары айкын болгон. Ошондой эле сурамжылоого катышкан улуураак эркектердин 70 пайызынан көбү да ушундай эле ойдо экенин айтышкан.

Башкаларды урматтоо баарына макул боло берүүнү, башкача айтканда, өзүңдүн жеке оюң болбошу керек же аны айтпашың керек дегенди билдирбейт (Башталыш 21:10—12). Бирок жигитке жагар-жакпасың оюңду кандай билдиргениңден көз каранды. Эгер жигиттин айткандарын такай эле четке кага берсең же анын оюнун туура эместигин баса белгилей берсең, ал сенин аны урматтаарыңа шектенип калышы мүмкүн. Ал эми анын көз карашын сыйлап, мактоого татырлык жактарын айтсаң, ал сенин да көз карашыңды сыйлап, баалашы мүмкүн. Ошондой эле кыраакы балдар сенин ата-энеңе, бир туугандарыңа жана башкаларга кандай мамиле кыларыңды бат эле байкап коюшат *.

Балдар эмне дешет? «Балдар өзүнүн ою башкаларга, өзгөчө, алар жактырган кыздарга жагышын каалашат» (Энтони).

«Жаңыдан сүйлөшө баштаганда бири-бирине урмат көрсөтүү маанилүү деп ойлойм. Сүйүү болсо бара-бара пайда болот» (Адриан).

«Эгер кыз мага урмат көрсөтө алса, анда ал мени сөзсүз сүйүп кете алат деп ойлойм» (Марк).

Уят-сыйыттуу кийин, өзүңдү таза алып жүр. Кийген кийимиңен жана сырткы көрүнүшүңөн ички дүйнөң жана көз карашың кандай экени айкын көрүнүп турат. Сүйлөшө баштаганга чейин эле жигит кийимиңен сен жөнүндө көп нерсени билип коё алат. Эгер кийген кийимиң уят-сыйыттуу жана жарашыктуу болсо, ал сен жөнүндө жакшы ойдо калат (1 Тиметей 2:9). Ал эми кийимиң туура эмес каалоолорду козгой тургандай же тыкан эмес болсо, ал сен жөнүндө жаман ойдо болуп калышы мүмкүн.

Балдар эмне дешет? «Кыздардын кийингенинен алардын жашоого кандай көз карашта экенин даана көрүүгө болот. Эгер кыз өтө эле ачык кийинип алса, анын башкалардын көңүл буруусуна өтө эле муктаж экени байкалып калат» (Адриан).

«Мага чачын тыкан алып жүргөн, жагымдуу жыттанган жана үнү жумшак кыздар жагат. Бир жолу бир сулуу кызды жактырып калдым, бирок өзүн таза, тыкан алып жүрбөгөндүктөн, ал мага кайра жакпай калды» (Райан).

«Мен өтө боёнбогон, башкалардын көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн чапталышкан же өтө ачык кийимдерди кийбеген кыздарды жактырам» (Этан).

«Эгер кыз сезимдерди козгой турган кийимдерди кийип алса, албетте, көңүл бурбай койбойсуң. Бирок мен андай кыздар менен мамиле түзгүм келбейт» (Николас).

Эмнени кылбаш керек?

Кылыктанба. Аялдар эркектердин көңүлүн өзүнө бурдурууга жөндөмдүү келет. Андай жөндөмдүүлүк жакшы да, жаман да жакка колдонулушу мүмкүн (Башталыш 29:17, 18; Накыл сөздөр 7:6—23). Эгер ар бир жолуктурган баланын көңүлүн өзүңө бурдурууга аракет кыла берсең, башкалар сени эркектерге жакын деп ойлоп калышы мүмкүн.

Балдар эмне дешет? «Сулуу кыздын жанында отурганда ийиндер тийишип кетсе, дене боюң козголо түшөт. Андыктан сүйлөшүп жатканда колун кайра-кайра тийгизе берген кыздарды кылыктанып жатат деп ойлойм» (Николас).

«Эгер кыз ар кандай шылтоо менен эркектерге колун тийгизе берсе же ары-бери өткөндөргө тийишип ойсоңдой берсе, анда ал — эркектерге жакын кыз. Мен андай кыздарды жактырбайм» (Жозе).

«Ар бир эле жигитке колун тийгизе берген жана ким көбүрөөк көңүл бура баштаса, дароо ошону менен мамилелеше баштаган кыздарды эркектерге жакын деп эсептейм» (Этан).

Жабышып алба. Эркек менен аял баш кошкондо, Ыйык Китепте айтылгандай, «бир дене» болушат (Башталыш 2:24). Алар үй-бүлө кургандан кийин көп жагынан мурункудай эркин болбой, бири-бирине милдеттүү болуп калышат (1 Корунттуктар 7:32—34). Бирок жаңыдан эле сүйлөшө баштасаңар, ал ар бир кадамы тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү деп ойлобошуң керек. Эгер сен андан сага толук көңүл бурушун талап кыла берсең, ортодогу мамилеңерди бузуп алышың мүмкүн *.

Балдар эмне дешет? «Эгер кыз өзүнүн жеке турмушу же кылган иши жок болгонсуп, менин каякка басып, каякта жүргөнүмдү такып сурай берсе, андай кыз мага өтө эле жабышып алгандай сезилет» (Дарен).

«Эгер мени менен жакында эле сүйлөшө баштаган кыз бат-баттан эле SMS билдирүүлөрдү жибере берсе же ким менен жүргөнүмдү, айрыкча, мени менен чогуу окуган кыздардын аттарын билгиси келе берсе, андан алыс болууну ойлой баштайм» (Райан).

«Сүйлөшкөн кызыңдын досторуң менен чогуу болушуңду жактырбаганы же бир жакка кээде чакырбай калсаң, нааразы болгону аябай жагымсыз» (Адриан).

Өзүңдү сыйла

Балким, сен эркектердин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн баарына даяр болгон кыздарды билет чыгарсың. Айрым кыздар бирөө менен жүрүш үчүн же турмушка чыгыш үчүн бардык нерсени кылууга даяр болушу мүмкүн. Бирок «адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7—9). Эгер өзүңдү да, карманган принциптериңди да баалабасаң, сага өзүңдү да, принциптериңди да баалабаган балдар көңүлү бурушу мүмкүн.

Сен бардык эле балдарга жага бербешиң мүмкүн. Бул бир чети жакшы. Эң негизгиси, ички дүйнөңө жана сырткы көрүнүшүңө көңүл бурсаң, «Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелесиң», ошондой эле сени чындап баалаган жигитке жолугасың (1 Петир 3:4).

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка макалаларын www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан карасаңар болот.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (ор.) деген китептин 2-томунун 3-бөлүмүн карагыла.

^ 28-абз. Албетте, жаштар баш кошууга макулдашышкандан кийин иштин жайы өзгөрөт.

ОЙЛОНУП КӨР

● Жигиттин көз карашын жана сезимдерин урматтаарыңды кантип көрсөтсөң болот?

● Өзүңдү сыйлаарыңды кантип көрсөтө аласың?

[27-беттеги сүрөт]

Велосипеддин эки дөңгөлөгү сыяктуу эле, сүйүү да, урмат көрсөтүү да маанилүү