Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Курт-кумурскалардын «рестораны»

Курт-кумурскалардын «рестораны»

Курт-кумурскалардын «рестораны»

● Курт-кумурскалар оңой табылган даамдуу тамак-ашты жакшы көрүшөт. Андай тамакты аларга гүлдөр тартуулайт. Гүлдөр, жарк-журк эткен ресторандардай болуп, түркүн-түстүү өңү менен курт-кумурскаларды өзүнө тартып турат. Гүлгө келген курт-кумурскалар анын чаңчасынан даам татып, ширесинен маашыркана ичишет.

Суук түндөн чыккан курт-кумурскалар эртең менен өзгөчө үлдүрөңкү болушат. Ошондуктан муздак кандуу ал жандыктарга жандануу үчүн күндүн нуру керек. Көптөгөн гүлдөр курт-кумурскалар үчүн тамактанып алганга да, күнгө кактанып жатканга да жакшы жай болуп бере алат. Келгиле, ошондой гүлдөрдүн бирине көңүлүбүздү буралы.

Ромашка Европанын жана Түндүк Американын дээрлик бардык жеринде өсөт. Бир караганда, ал эч нерсеси менен деле өзгөчөлөнбөшү мүмкүн. Бирок ага жакшылап байкоо жүргүзсөң, анын тегерегинде тиричилик кызуу жүрүп жатканын көрөсүң. Ромашканын кыдырата тизилген ак желекчелери күндүн жылуу илебин кайтарып турат, анын сары килем сымал ортосунда болсо курт-кумурскалар күн нуруна чулганышат *. Эртең менен күнүн ромашкадан баштаган курт-кумурскалар арманда калбайт.

Ары-бери «өткөн» курт-кумурскаларды көбүрөөк тартыш үчүн ромашкада эч кимди кош көңүл калтырбаган чаңчалар жана даамдуу шире бар. Жаркыраган ачык асмандын астында даамдуу тамактан ырахат алууга курт-кумурскалар үчүн мындан артык жер табылбас!

Эртеден кечке чейин ромашкага кандай гана курт-кумурскалар келип кетпейт. Алардын арасынан коңуздарды, ар түрдүү көпөлөктөрдү, канталаларды, кара чегирткелерди, чымындын ар кандай түрлөрүн көрүүгө болот. Бирок капарга албасаң, курт-кумурскалардын «ресторанына» ким келип, ким кетип жатканын байкабашың деле мүмкүн.

Эмкиде жаратылышка чыгып калганда анча деле байкала бербеген ромашка гүлүн жакшылап карап көрүүгө эмне үчүн болбосун? Бул бардыгын жараткан Кудайга болгон ыраазычылыгыңды арттырары шексиз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Окумуштуулар айрым гүлдөрдүн бетиндеги температуранын айлана-тегерегиндегиге караганда жогорураак болорун аныкташкан.