Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыныстык катнаш мамилебизди жакшыртабы?

Жыныстык катнаш мамилебизди жакшыртабы?

Жаштардын суроолору:

Жыныстык катнаш мамилебизди жакшыртабы?

Хизенин Майк менен таанышканына эки эле ай болсо да, ага аны көптөн бери тааныгандай сезилет. Алар бири бирине тынбай SMS жазышып, телефон чалып турушат. Экөөнүн ойлору да бири-бириникине төп келет. Азыр экөө айлуу түндө машиненин ичинде сүйлөшүп отурушат. Майк Хизе менен жыныстык катнашта болгусу келерин билдирет.

Буга чейин экөөнүн мамилеси кол кармашып, өбүшүү менен эле чектелчү. Хизе никеге чейин жыныстык катнашта болгусу келбейт, бирок Майк менен да мамилесинин үзүлүшүн каалабайт. Хизе анын жанында болгонду аябай жакшы көрөт, анын жанында ага дүйнө бир башкача сезилет. Ал ичинен: «Анын үстүнө, Майк экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз да»,— деп ойлонот.

БУЛ окуянын аягы эмне болуп бүтөрүн түшүнүп турсаң керек. Бирок жыныстык катнашка баргандан кийин Майк менен Хизенин жашоосу түп-тамыры менен өзгөрөрүн, болгондо да жаман жакка өзгөрөрүн толук элестете албашың мүмкүн.

Эгер физиканын мыйзамдарына, алсак, тартылуу мыйзамына каршы иш кылсаң, анын кесепети болбой койбойт. Анын сыңарындай, Кудайдын мыйзамдарын, анын ичинде: «Бузуктуктан алыс болгула»,— деген мыйзамын бузсаң, сөзсүз кесепетин тартасың * (1 Тесалоникалыктар 4:3). Бул мыйзамды бузуу эмнеге алып келиши мүмкүн? Ыйык Китепте: «Бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылып жүрөт»,— делет (1 Корунттуктар 6:18). Чын эле ошондойбу? Төмөндөгү бош жерге никеге чейин жыныстык катнашта болуу кандай кесепеттерге алып барарын жаз.

1. ․․․․․

2. ․․․․․

3. ․․․․․

Эми жазгандарыңды карап көр. Жазгандарыңдын арасында жыныстык жол менен жугуучу оорулар, каалабаган кош бойлуулук жана Кудайдын жактыруусунан айрылуу деген сыяктуу жооптор барбы? Кудайдын бузуктукка байланыштуу мыйзамын бузгандар ушундай кесепеттерди тартышат.

Сени кимдир бирөө жыныстык катнашта болууга азгырышы мүмкүн. «Мен эч нерсе деле болбойм. Баары эле жыныстык катнашта болуп жатпайбы»,— деп ойлойттурсуң. Мектептеги теңтуштарың да ким менен эмне болгонун айтып мактанышы мүмкүн. Мындай карасаң, алар кылгандарынын эч кандай деле кесепетин тартпагандай сезилет. Балким, Хизедей болуп, жыныстык катнаш жигитиң же кызың менен болгон мамилеңди жакшыртат деп ойлоп жүргөндүрсүң. Анын үстүнө, эч ким менен жыныстык катнашта боло электигиң үчүн теңтуштарың сени шылдыңдап жатышкандыр. Анда эмне, кысымга моюн сунуп берген эле жакшыбы?

Шашылыш жыйынтык чыгарба! Айта кетчү нерсе, баары эле андай ишке барып жаткан жок. Жаштардын көбүнүн жыныстык катнашка барары чын. Алсак, Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн изилдөөдө мектепти бүткүчө үч окуучунун экөө жыныстык катнашта болору аныкталган. Демек, үч окуучунун бири андай ишке барбайт экен да. Жалпысынан алганда, алардын саны аз эмес. Ал эми жыныстык катнашка баргандар тууралуу эмне деп айтууга болот? Изилдөөчүлөрдүн айтымында, андай жаштар төмөндө келтирилген кесепеттердин бирин же бир нечесин тартышат.

1. ӨЗҮН АБДАН ЖАМАН СЕЗҮҮ. Никеге чейин жыныстык катнашта болгон жаштардын көбү кийин аябай өкүнгөнүн айтышкан.

2. БАШКАЛАРГА ИШЕНБЕЙ КАЛУУ. Катнашта болгондон кийин экөөндө тең: «Менден башка дагы ким менен жатты болду экен?» — деген шек саноолор пайда болот.

3. ИШЕНИМСИЗДИК. Жыныстык катнашта болгондон кийин көбүнчө балдар кыздарын таштап, башка бирөөгө кетип калышат.

4. КӨҢҮЛ КАЛУУ. Кыздар, чынында, эркектердин аларды пайдаланышын эмес, коргошун каалашат.

Көптөгөн балдар жыныстык катнашта болгон кызды эч качан алмак эместигин айтышкан. Анткени алар өзүн адеп-ахлактык жактан таза сактаган кыздар менен баш кошкусу келет.

Балким, буга таң калаттырсың же ачууң келеттир. Кандай болбосун, никеге чейинки жыныстык катнаш телеберүүлөрдө жана кинолордо көрсөтүлгөндөй эмес экенин эсиңден чыгарба. Аларда жаштардын никеге чейин жыныстык катнашта болушу жакшы нерседей көрсөтүлүп, «чыныгы сүйүү ушундай болот» деген ой таңууланат. Бирок буга ишенбе! Сени жыныстык катнашта болууга азгырган киши өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөйт (1 Корунттуктар 13:4, 5). Ойлонуп көрсөң, сени чындап сүйгөн киши ден соолугуңа жана эмоциялык саламаттыгыңа зыян келтирет беле? (Накыл сөздөр 5:3, 4). Сага чындап кам көргөн киши сени Кудай менен болгон мамилеңдин бузулушуна алып барган ишке түртөт беле? (Эврейлер 13:4).

Никеге чейин жыныстык катнашка баруу менен баалуу нерсеңден айрылып, өзүңдү булгап аласың (Римдиктер 1:24). Никеге чейин жыныстык катнашта болгондордун өздөрүн эч нерсеге арзыбагандай, ичи аңылдап бопбош болуп калгандай сезишкени таң калыштуу эмес. Андыктан өз бактыңа балта чаппа! Эгер кимдир бирөө: «Мени сүйсөң, анда мени менен жыныстык катнашта болушуң керек»,— десе, ачык эле: «Эгер сен мени чын эле сүйсөң, анда ушундай сөздөрдү айтмак эмессиң»,— деп жооп бер.

Сенин тазалыгың, актыгың абдан баалуу, андыктан аны башкаларга тебелетпе. Кудайдын бузуктукка байланыштуу мыйзамына баш ийүүгө чечкиндүү экениңди көрсөт. Никеге чейин жыныстык катнашта болгондор кийин аябай өкүнүп, өздөрүн күнөөлүү сезишет. Ал эми сен актыгыңды сактасаң, турмуш курганда ушундай терс сезимдерден улам абийириң соттобойт (Накыл сөздөр 7:22, 23; 1 Корунттуктар 7:3).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Ыйык Китепте «бузуктук» деген сөз никеден тышкаркы жыныстык мамилелерге, жубайы болбогон бирөөнүн жыныстык органдарын сексуалдык кумарын канааттандыруу максатында кармалоого, оралдык жана аналдык секске карата колдонулат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том, ор.) китебинин 42—47-беттерин карагыла.

ОЙЛОНУП КӨР

● Никеге чейинки жыныстык катнаш жагымдуу көрүнгөнү менен, ал эмне үчүн туура эмес?

● Кимдир бирөө сени азгырса, эмне кыласың?

[Кутуча/27-беттеги сүрөттөр]

СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

«Жөн эле „жок“ деп коюу жетишсиз. Ошону кантип айтканың маанилүү. Эгер жумшак эле „жок“ деп койсоң, ишенимдүү түрдө айтпаганың билинип калат. Ошон үчүн катуу эле айткан жакшы». Диана

«„Жок“ деп айтсаң эле, сени жайыңа коюп коюшпайт. Атүгүл Кудайга ишенериңди айтканың да аларды токтотпойт. „Керек болсо, Кудайга ишенгендерди да буза алам“,— деп мактангандар бар. Кээде жөн эле басып кетүүгө туура келет. Бул оңой эмес, бирок ошентсең, кутуласың». Жеймс

«Исанын жолдоочусу болгондуктан, сенде башкаларды суктандырган сапаттар бар. Ошондуктан сак болуп, азгырыктарды четке как. Жакшы сапаттарыңды баалап, кадыр-баркыңды түшүрбө!» Жошуа

[Pictures]

Диана

Жеймс

Жошуа

[28-беттеги кутуча]

ЧЫНЫГЫ ЖИГИТ ЭКЕНИҢДИ ДАЛИЛДЕ!

Эгер сүйлөшүп жүрсөң, кызыңа чындап кам көрүп жатканыңды кантип көрсөтсөң болот?

● Кудайдын мыйзамдарына бекем карманууга чечкиндүү экениңди,

● азгырыктарга алып барышы мүмкүн болгон жагдайлардан качуу менен акылдуу экениңди жана

● анын кызыкчылыктарын көздөө менен чындап сүйөрүңдү көрсөт

Эгер ушундай кылсаң, сүйлөшкөн кызың: «Сүйгөн жигитим мага таандык, мен ага таандыкмын»,— деп айткан Шуламиттикиндей сезимде болору шексиз (Ырдын ыры 2:16). Ошондо чыныгы жигит экениңди далилдейсиң!

Накыл сөздөр 22:3; 1 Корунттуктар 6:18; 13:4—8-аяттарды карагыла.

КЕҢЕШ

Эгер карама-каршы жыныстагы бирөө менен кандайдыр бир иш кылганы жатсаң, бирок ал тууралуу ата-энеңдин билишин каалабасаң, анда ал ишти кылбай эле койгонуң оң.

[28-беттеги сүрөт]

Никеге чейин жыныстык катнашта болуу Кудайдын белегин баалабагандыкка жатат. Бул бирөөнүн белекке берген кооз сүрөтүн босогого төшөп койгонго барабар