Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

«2008-жылы бүткүл дүйнө жүзү боюнча куралдандырууга орто эсеп менен 1 464 000 000 доллар жумшалган. Бул көрсөткүч 1999-жылдагыга салыштырганда... 45 пайызга жогору» (STOCKHOLM INTERNATIONAL PEACE RESEARCH INSTITUTE, ШВЕЦИЯ).

«Гугл системасынын маалыматына ылайык, [Интернетке] күн сайын бир нече миллиард веб-барактары кошулуп турат» («НЬЮ САЙЕНТИСТ», УЛУУ БРИТАНИЯ).

«2009-жылы дүйнө жүзү боюнча күн сайын ачарчылыктан жапа чеккендердин саны 1 020 000 000 кишиге жеткен. Адамзат тарыхында мындай болуп көргөн эмес» (БУУнун АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАНА АЙЫЛ ЧАРБА УЮМУ, ИТАЛИЯ).

Клондоштурулган биринчи төө

1996-жылы окумуштуулар биринчи жолу койду клондоштурушкандан кийин сүт эмүүчү башка жаныбарларды да, айталы, уйларды, эчкилерди жана аттарды клондоштура башташкан. Учурда Дубайдагы окумуштуулар биринчи жолу төөнү клондоштурушту. Клондоштурулган ургаачы ботого Инжаз деген ат коюшкан. Ал сөз араб тилинен которгондо «жетишкендик» дегенди билдирет. Абу-Дабиде чыккан бир гезитте мындай делет: «Жаныбарларды клондоштуруу... азыркы учурда жөн эле эксперимент болбой калды. Келечекте клондоштуруу жолу менен генетикалык жактан туруктуу, көп сүт берген асыл тукум төөлөрдү чыгаруу пландаштырылып жатат» («The National»).

Спутниктердин кагылышуусу

«Февралда [2009] эки спутник кагылышканга чейин Жер планетасын айланып учуп жүргөн спутниктер аябай көбөйүп кеткен»,— делет «Сайенс ньюста». Ал кагылышуу Сибирдин үстүндө 800 километр бийиктикте болгон. Алардын бири америкалыктардын спутниги болсо, экинчиси Россиянын иштен чыккан спутниги болчу. Кагылышуунун натыйжасында 700дөй чоң сыныктар космосто каалгып калган. Космосто андай сыныктардын көбөйүшү дагы башка кагылышууларга алып келиши мүмкүн. Космосту изилдеген станциялар учурда Жердин айланасында космостук таштандылардын саны, 10 сантиметрден чоңураактарын эсептегенде, 18 000ге жетерин аныкташкан. Айта кетчү нерсе, эгер спутникке же адамдар учкан космостук кемелерге жогорку ылдамдыкта учкан буурчактын данындай эле болгон сынык тийсе, натыйжасы залакалуу болот.

Адамдан амал качып кутулбайт

«Чөнтөк телефондун акчасын төлөп турбаса, иштебей каларын билгендиктен, көптөр убагында төлөөгө аракет кылышат»,— делет «Уолл-стрит жорнэлде». Ушундай эле ыкманы машине саткандар да колдонуп жатышат. «Колдонулган машинелерди насыяга саткандар машинеге атайын бир аппарат орнотуп коюшат. Эгер сатып алуучу акчасын маалында төлөбөсө, ал аппарат машинени от алдырбай коёт»,— делет аталган гезитте. Аппарат машиненин от алдыруу системасына орнотулат жана сатып алуучу акчасын толук төлөп бүткөндөн кийин гана алынып салынат. Гезитте белгиленгендей, сатып алуучулар, адатта, машинеси такыр жүрбөй калганга чейин эле акчасын төлөп коюшат. Андыктан сатуучулар машинеге андай аппараттардын ордуна, акчаны төлөө керектигин эскерткен күйүп-өчүп же үн чыгарып турган аппараттарды орнотушууда».