Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеңишке жете аласың!

Жеңишке жете аласың!

Жеңишке жете аласың!

СЕН үчүн «кайраттуу болуп», чечкиндүү иш-аракет кыла турган убак келип жетти (1 Жылнаама 28:10). Ийгиликке жетүү үчүн дагы кандай кадамдарды шилтесең болот?

Бир күндү белгилеп ал. АКШнын Саламаттык сактоо жана калкты тейлөө министрлиги кеңеш кылгандай, эгер тамеки таштоону чечсең, анда тамекисиз өтө турган биринчи күндү эки жуманын аралыгында белгилеп ал. Ошондо чечкиндүүлүгүңдөн жазбайсың. Ал күндү календарга белгилеп алып, бул тууралуу досторуңа билдир жана жагдай-шартың өзгөрүп кетсе да, ал датаны өзгөртпө.

Эскертме жасап ал. Эскертмеге чечимиңе бекем карманууга жардам берген төмөнкүдөй маалыматты жазып алсаң болот:

● тамекини таштоону чечкениңдин себептери;

● аябай чеккиң келип жатканда кайрылсаң боло турган адамдардын телефон номуру;

● максатыңа жетүүгө жардам берген ойлор, балким, анын ичинде Ыйык Китептеги Галатиялыктар 5:22, 23 сыяктуу аяттар.

Эскертмени дайыма жаныңа ала жүр жана күнүнө бир нече ирет окуп тур. Атүгүл тамекини таштагандан кийин, кайра чегип алууга азгырык пайда болгон сайын окуп тур.

Психологиялык байланыштарды үз. Тамекисиз өтө турган күн келгенге чейин эле, тамеки чегүү менен байланышкан адаттардан арыла башта. Маселен, эгер эртең менен турганда эле тамеки чегип көнүп калсаң, аны бир саатча кийинкиге жылдырып кой. Тамак учурунда же тамактан кийин чегип келсең, ал адатыңды калтыр. Адамдар тамеки чеккен жерлерден оолак бол. Ошондой эле: «Жок, ырахмат. Таштап койгом»,— деп айтып көнүк. Мындай кадамдар сени тамеки чекпей турган күнгө даярдагандан тышкары, жакында тамекинин кулчулугунан чыккан эркин адам болоруңду эсиңе салып турат.

Жакшылап камдан. Белгилеп алган күнгө сабиз, сагыз, жаңгак жана башка ушу сыяктуу алаксыта турган нерселерди камдап кой. Досторуңа жана үй-бүлөңө тамекини таштай турган күн тууралуу эскертип, көмөк көрсөтүүнү суран. Бир күн калганда тамекинин күлүн салгычтарды, тамеки күйгүзгүчтөрдү жана азгырык пайда кылышы мүмкүн болгон бардык нерсени, мисалы, үйүңдөгү, машинеңдеги, чөнтөктөрүңдөгү, жумушуңдагы тамеки аттуунун баарын ыргыт. Анткени суурмада жаткан тамекини ала койгондон көрө, досуңдан суроо же дүкөнгө баруу кыйыныраак болору күмөнсүз. Ошондой эле дайыма Кудайга жардам сурап тилен. Бул, өзгөчө, акыркы тамекини тартып бүткөндөн кийин маанилүү (Лука 11:13).

Тамекини — кара ниет, ачуу душманды — сансыз адамдар жеңе алышкан. Сен да жеңе аласың! Ал жеңиш сени чың ден соолукка жана эркиндикке ээ кылат!

[9-беттеги сүрөт]

Эскертмени дайыма жаныңа ала жүр жана күнүнө бир нече ирет окуп тур